bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 44
Isaiah 44
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 43
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 45 →
1
Азыр болсо, Жакып, Менин кулум, Мен тандап алган Ысрайыл, ук.
2
Сени жараткан, сени жасаган, сага энеңдин курсагында жаткандан бери жардам берип келе жаткан Теңир мындай дейт: Коркпо, Менин кулум Жакып, Мен тандап алган Сүйүктүүм.
3
Анткени Мен суусаган жерге суу, какшыган жерге агын сууларды төгөм. Сенин тукумуңа рухумду төгөм, сенин укум-тукумуңа батамды берем.
4
Ошондо алар чөптөрдүн арасында, суулардын жээгинде өскөн талдарга окшоп өсүшөт.
5
Бири: “Мен Теңирдикимин”, – дейт, экинчиси Жакыптын аты менен аталат, дагы бирөө өз колу менен: “Мен Теңирдикимин”, – деп жазат, Ысрайылдын аты менен аталат».
6
Теңир, Ысрайылдын Падышасы, анын Кун Төлөп Куткаруучусу, Себайот Теңир мындай дейт: «Биринчи да Менмин, акыркы да Менмин, Менден башка Кудай жок.
7
Анткени Мендей ким бар? Ал Мага Мен байыркы элди жараткандан бери эмне болсо, ошонун бардыгын ирети менен көрсөтүп, айтып берсин, кабар кылсын, же болбосо боло турганды жана келечекти алдын ала жарыя кылсын.
8
Коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла. Мен сага мурун эле кабарлап, мурун эле алдын ала айткан жок белем? Силер Менин күбөлөрүмсүңөр. Менден башка Кудай барбы? Башка аска жок, башка эч бир аска жок».
9
Буркан жасагандардын баары – болбогон нерсе, алардын суктанарлык буркандары эч кандай пайда алып келбейт, ошондой экенине өздөрүнө өздөрү күбө. Алар эч нерсени көрүшпөйт, эч нерсени түшүнүшпөйт, ошондуктан маскара болушат.
10
Эч кандай пайда алып келбеген кудайды ким жасады, бурканды ким куйду?
11
Буга катышкандардын бардыгы уятка калышат. Анткени сүрөтчүлөрдүн өздөрү деле – адамдар. Алардын баары чогулуп келип, турушсун, алардын үрөйү учат, баары уят болушат.
12
Темир уста темирден балта жасап алып, отто иштейт, аны барскан менен иштеп чыгат. Анын үстүндө күчтүү колдору менен иштейт, ачка болуп күчү кеткенче иштейт. Суу ичпейт, алсырайт.
13
Жыгач уста жыгач тандап алып, ага жип тартып өлчөп, учтуу курал менен сүрөтүн түшүрүп, анан аны кескич менен жонуп, жумуру кылат, үйгө коюш үчүн, андан сулуу адамдын бейнесин жасайт.
14
Ал өзүнө кедрлерди кыйып алат, карагай жана эмен жыгачын алат, аларды токойдогу дарактардын арасынан тандап алат, ясень дарагын тигет, ал эми жамгыр аны өстүрөт.
15
Анан ал адамга отун болот, ал анын бир бөлүгүн алып жылынат, от жагат, нан бышырат. Анан ошол эле жыгачтан кудай жасап, ага табынат, буркан жасап, ага таазим кылат.
16
Жыгачтын бир бөлүгүн отко жагат, экинчи бөлүгү менен эт бышырат, куурдак кууруп, тойгончо жейт. Ошондой эле жылынып: «Кандай жакшы, мен жылыдым, оттун табын сездим», – дейт.
17
Ал эми ошол эле жыгачтын калган бөлүгүнөн өзүнө кудай кылып буркан жасап, ага табынып, анын алдына жыгылып, ага: «Мени куткар, анткени сен менин кудайымсың», – деп сыйынат.
18
Алар билишпейт, түшүнүшпөйт, анткени алардын көзү көрбөш үчүн, жүрөгү түшүнбөш үчүн жабылып калган.
19
Ал өз жүрөгүндө ойлонбойт, «Мен жыгачтын жарымын отко жактым, чогуна нан бышырдым, эт кууруп жедим. Ал эми калганынан жийиркеничтүү нерсе жасамак белем? Бир кертим жыгачка табынмак белем?» деп айтканга анын түшүнүгү да, акылы да жетпейт.
20
Ал чаңды кубалап жүрөт, алданган жүрөгү аны адаштырды, ошондуктан ал өз жанын куткара албайт. «Оң колумдагы жалган эмеспи?» деп айта албайт.
21
«Муну эсиңден чыгарба, Жакып, Ысрайыл, анткени сен Менин кулумсуң, сени Мен жараттым. Сен Менин кулумсуң, Ысрайыл, Мени унутпа.
22
Сенин мыйзамсыздыктарыңды тумандай, күнөөлөрүңдү булуттай таратам. Мага кайрыл, анткени Мен сени кун төлөп куткарып алдым».
23
Шаңдан, асман! Анткени муну Теңир кылды. Кыйкыргыла, жер тереңдиктери! Тоолор, токойлор жана анын ичиндеги бак-дарактардын баары, кубанычтан шуулдагыла, анткени Теңир Жакыпты кун төлөп куткарып алды, Теңир Ысрайыл аркылуу даңкталат.
24
Сени кун төлөп куткарып алган, сени энеңдин курсагында жараткан Теңир мындай дейт: «Мен бардыгын жараткан Теңирмин, асманды бир Өзүм жайдым, Өз күчүм менен жерди төшөдүм.
25
Жалган пайгамбарлардын жышаандарын жаратпай, сыйкырчылардын акылсыздыгын ашкере кылган, акылмандарды артка кубалаган, алардын билимин акылсыздыкка айландырган,
26
Өз кулунун сөзүн ишке ашырган, Өзүнүн элчилеринин сөздөрүн аткарган, Иерусалимге: “Сага кайра көчүп келишет”, – деген, Жүйүттүн шаарларына: “Сен кайра куруласың, сенин урандыларыңды Мен калыбына келтирем”, – деген,
27
туңгуюкка: “Соолу! Мен сенин дарыяларыңды соолутам”, – деген,
28
Кореш жөнүндө: “Менин койчум, ал Менин бүт эркимди аткарат”, – деген, Иерусалимге: “Сен кайрадан куруласың!” – деген, ийбадатканага: “Сен кайрадан негизделесиң”, – деген Теңир Менмин».
← Chapter 43
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 45 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66