bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 22
Isaiah 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 23 →
1
Аян өрөөнү тууралуу пайгамбарчылык. Сага эмне болду? Эмне үчүн сенин бүт элиң үйдүн төбөсүнө чыгып алды?
2
Бака-шака түшкөн, толкунданган шаар, шаңдуу шаар! Сенин өлгөн элиң кылычтан өлгөн жок, согуштан кырылган жок.
3
Сенин жол башчыларыңдын баары бирге качышты, бирок алар жаасыз эле колго түшүштү. Канчалык алыс качышпасын, сенин жоокерлериңдин бардыгы байлануу.
4
Ошондуктан мен: «Мени жайыма койгула, мен катуу ыйлайм. Элимдин кызынын башына алаамат түшкөндө, мени сооротом деп аракет кылбагыла», – деп айтып жатам.
5
Анткени Эгедерден, Себайот Теңирден, Аян өрөөнүнө алаамат түшүргөн, адам укугун тебелеген, дүрбөлөң салган күн келди. Дубалдарды уратып, кыйкырып жатышат. Алардын кыйкырыгы тоого жетип жатат.
6
Эйлам саадак көтөрүп бара жатат. Арабада отурган адамдар, атчандар келе жатышат, Кир калканын колуна алды.
7
Мына, сенин эң сонун өрөөндөрүң майдан арабаларына толду, атчандар дарбазанын тушуна катарга тизилип турушту.
8
Алар Жүйүттүн жабуусун сыйрып алып жатышат. Ошол күнү сен кедр жыгачынан жасалган үйдө сакталып турган куралга көз жибересиң.
9
Бирок силер Дөөттүн шаарынын дубалында тешиктер көп экенин көрүп турасыңар жана төмөнкү көлмөгө суу топтоп жатасыңар.
10
Силер Иерусалимдеги үйлөрдү белгилеп жатасыңар, дубалдарды бекемдеш үчүн, үйлөрдү уратып жатасыңар.
11
Эки дубалдын ортосуна эски көлмөнүн суулары үчүн суу сактагыч куруп жатасыңар. Бирок муну Жасап Жатканды көрбөй жатасыңар, муну эбак эле Чечип Койгонду карабай жатасыңар.
12
Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, ушул күнү силерди ыйлаганга, кайгырганга, чачыңарды жулганга, белиңерге зумбал байлаганга чакырат.
13
Бирок мына, шаттык жана кубаныч! Өгүздөрдү да, койлорду да союп жатышат. Эт жеп, шарап ичип: «Бүгүн ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз!» – деп жатышат.
14
Себайот Теңир менин кулагыма муну ачты: «Бул мыйзамсыздыгыңар силер өлгөнгө чейин кечирилбейт», – деди Теңир, Себайот Теңир.
15
Теңир, Себайот Теңир, мындай деди: «Жөнө, падыша сарайынын кызматчысы, сарай башчысы Шебнага барып, мындай деп айт:
16
“Бул жерде сенин эмнең бар, бул жерде сенин кимиң бар? Эмне үчүн сен өзүңө бул жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатасың?” Ал өзүнө бийик жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатат, өзүнө аскага турак жай оюп жатат».
17
Мына, Теңир сени алп киши ыргыткандай ыргытып жиберет, тоголоктоп, мыкчып салат.
18
Сени түйүнчөккө түйүп, кең жерге топтой кылып ыргытып жиберет. Сен ошол жерде өлөсүң, ошол жерде эң сонун майдан арабаларың мырзаңдын үйү үчүн шылдың болот.
19
«Ошентип, сени турган жериңден түртүп жиберем, сени даражалуу жериңден кулатышат.
20
Ошол күнү Өзүмдүн кулум Хилкиянын уулу Элийакимди чакырам.
21
Ага сенин кийимдериңди кийгизем, белин сенин куруң менен курчайм, сенин бийлигиңди анын колуна өткөрүп берем. Ошондо ал Иерусалимдин тургундары үчүн да, Жүйүт үчүн да ата болуп калат.
22
Анан Дөөттүн ачкычын анын ийнине салам; Ал ачат, эч ким жаппайт, ал бекитет, эч ким ачпайт.
23
Аны бекем жерге кагылган мыктай кылам. Ошондо ал атасынын үйү үчүн атак-даңктын тагы болот.
24
Ага атасынын үйүнүн, балдарынын жана неберелеринин бүт даңкы илинет, үй буюмунан тартып акыркы музыкалык аспаптарына чейин илинет.
25
Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бекем жерге кагылган мык бошоп, суурулуп, жерге түшөт, ага илинген жүктүн баары түшөт». Анткени Теңир ушинтип айтып жатат.
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66