bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 29
Isaiah 29
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 30 →
1
Дөөт жашаган шаар Ариелге, Ариелге кайгы! Жылга жылды кошкула, курмандыктарды мууздай беришсин.
2
Бирок мен Ариелди кысымга алам, ошондо ый менен кайгы болот. Ал Менин Ариелим боюнча калат.
3
Мен сенин тегерегиңе кошуундарым менен жайланышып, сени байкоочу күзөтчүлөрүм менен кысымга алам, сага каршы чептерди тургузам.
4
Ошондо кемсинтилесиң, жерден сүйлөйсүң, топурактын астынан үнүң ачык угулбайт, үнүң күңкүлдөп сүйлөгөн кишинин үнүнө окшоп калат, топурактын астынан үнүң шыбырап чыгат.
5
Көп душманың майда топурактай болот, катаал аскерлериң туш-тушка учкан топондой болот. Бул күтүлбөгөн жерден, бир көз ирмемде болот.
6
Себайот Теңир сени чагылган менен, жер титирөө менен, катуу үн менен, бороон менен, куюн менен, баарын жалмаган оттун жалыны менен жазалайт.
7
Ариелге каршы согушкан көп элдер, ага каршы чыккандар, ага каршы тургузулган чептер, аны кысымга алгандар түштөй, түн ичинде көргөн көрүнүштөй болот.
8
Ачка киши түшүндө тамак жегендей болот, бирок ойгонсо, ачка. Суусаган киши түшүндө суу ичкендей болот, бирок ойгонсо, кыйналып жатат, суусап жатат. Сион тоосуна каршы согушкан сансыз эл так ошондой болот.
9
Таң калгыла, айран-таң калгыла. Алар башкаларды сокур кылып, өздөрү да сокур болуп калышты. Алар мас, бирок шараптан эмес. Теңселип жатышат, бирок күчтүү ичимдиктен эмес.
10
Анткени Теңир силерге уктатуучу рухту жиберип, көзүңөрдү жумдурду, ал эми пайгамбарларыңардын, жол башчыларыңардын жана көрөгөчтөрүңөрдүн көзүн жапты.
11
Бардык пайгамбарчылыктар силер үчүн мөөр басылган китептеги сөздөрдөй, ал китепти окуганды билген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Окуй албайм, анткени ага мөөр басылган», – деп жооп берет.
12
Анан ал китепти окуганды билбеген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Мен окуганды билбейм», – деп жооп берет.
13
Ошондо Теңир мындай деди: «Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс. Үйрөнүп алган адамдык эрежелерин алар Менден коркуу деп эсептешет.
14
Ошондуктан Мен бул элди кайрадан укмуштуу бир керемет менен таң калтырам, ошондо анын даанышмандарынын даанышмандыгы жоголот, акылмандары акылынан ажырайт».
15
Теңирден өз оюн жашырыш үчүн, тереңдикке бекингиси келгендерге кайгы! Алар өз иштерин караңгылыкта кылып: «Бизди ким көрмөк эле? Бизди ким билмек эле?» – дешет.
16
Кандай акылсыздык! Карапачыны чопо деп эсептөөгө болобу? Буюм өзүн жасаган адам жөнүндө: «Мени ал жасаган эмес», – деп айтабы? Чыгарма өзүнүн сүрөтчүсү жөнүндө: «Ал түшүнбөйт», – деп айтабы?
17
Бир аздан кийин, абдан аз убакыттан кийин Лебанон бакка айланат, ал эми бак токой деп эсептелет.
18
Ошол күнү дүлөйлөр китептин сөздөрүн угушат, караңгылык менен туманда сокурлардын көздөрү көрөт.
19
Азап чеккендер Теңир тууралуу абдан кубанышат, жакыр адамдар Ысрайылдын Ыйыгы тууралуу сүйүнүшөт.
20
Анткени мындан ары таарынтуучу болбойт, акаратчы жоголот, ошондой эле жалганды жактоочулардын бардыгы кырылышат.
21
Алар адамды сөздөрүнөн кармап, дарбазанын алдында адилеттикти талап кылгандарга тор жайышат, адилеттүүнү четке кагышат.
22
Ошондуктан Ыбрайымды күнөөдөн куткарып алган Теңир Жакып тууралуу мындай дейт: «Ошондо Жакып уятка калбайт, ошондон кийин анын жүзү кубарбайт.
23
Анткени ал өзүнүн жеринде Менин колдорум жараткан балдарын көргөндө, Менин ысымымды ыйык тутушат, Жакыптын Ыйыгын ыйык тутушат, Ысрайыл Кудайынын алдында коркуп турушат.
24
Ошондо руху менен адашкандар акылмандыкты таанып билишет, баш ийбегендер баш ийгенди үйрөнүшөт».
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 30 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66