bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 63
Isaiah 63
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 62
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 64 →
1
Эдомдон келе жаткан бул ким? Ботсрадан кызыл чапанчан келе жаткан бул ким? Өзүнүн кийими менен ушунчалык улуу көрүнгөн, Өзүнүн толук күч-кубаты менен чыгып келе жаткан бул ким? «Ал Менмин. Мен чындыкты айтам, куткаруу үчүн күчтүүмүн».
2
Анда эмне үчүн Сенин кийимиң кызыл? Эмне үчүн чапаның жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелеп жаткандын чапанындай?
3
«Мен жүзүм сыгылуучу жайда жалгыз тебеледим, элдердин ичинен Мени менен эч ким болгон жок. Мен аларды ачууланып жатканымда тебеледим, каарданып жатканымда тепселедим. Алардын каны Менин чапаныма чачырады, ошондуктан Мен бүт кийимимди булгап алдым.
4
Анткени өч алуу күнүм Менин жүрөгүмдө. Менин элимдин куткарылуу жылы келди.
5
Мен карап турдум, бирок жардамчы болгон жок. Мени колдоого эч ким чыкпаганына таң калдым, бирок Мага Өзүмдүн каруу-булчуңум жардам берди, Мени Өзүмдүн каарым колдоду.
6
Мен элдерди ачууланып жатканымда тебеледим, аларды каарданып жатканымда кыйраттым, алардын канын жерге төктүм».
7
Мен Теңирдин ырайымын жана даңкын, Анын биз үчүн жасаган бардык ишин, Өзүнүн боорукердиги менен, өтө берешендиги менен Ысрайыл тукумуна көрсөткөн зор мээримин эсимден чыгарбайм.
8
Ал: «Чындыгында эле, алар Менин элим, чындыгында эле, алар Менин калп айтпаган балдарым», – деди. Ошондуктан Теңир алардын Куткаруучусу болду.
9
Алардын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө, Теңир аларды таштаган жок, аларды Анын жүзүнүн периштеси куткарып турду. Теңир аларды Өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу менен куткарып алды. Аларды байыркы күндөрдөн бери көтөрүп жүрдү.
10
Бирок алар баш ийбей, Анын Ыйык Рухун капа кылышты. Ошондуктан Ал алардын душманына айланды, аларга каршы Өзү согушту.
11
Ошондо Анын эли Мусанын учурундагы байыркы күндөрдү мындай деп эске түшүрдү: Аларды Өзүнүн койлорунун койчусу менен деңизден алып чыккан Теңир кана? Анын жүрөгүнө Өзүнүн Ыйык Рухун салган Теңир кана?
12
Ал Өзүнүн улуу каруу-булчуңу менен Мусаны оң колунан кармап алып жүргөн, Ал Өзүнүн ысымын түбөлүктүү кылыш үчүн, алардын алдында сууларды экиге бөлгөн.
13
Талаадан аттарды алып өткөнсүп, Теңир аларды түпкүр аркылуу алып өткөн, алар мүдүрүлүп жыгылышкан эмес.
14
Мал өрөөнгө түшкөн сыяктуу, Теңирдин Руху аларды тынчтыкка алып келген. Өзүнүн ысымын даңктуу кылыш үчүн, Сен Өзүңдүн элиңди ушинтип алып жүрдүң.
15
Асмандан көз сал, Өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мээримиң жана ырайымың кармалып турат.
16
Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу».
17
Теңир, эмне үчүн Сен бизге Өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн, биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна эмне үчүн жол бердиң? Өз кулдарың үчүн, Өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып кел.
18
Өзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт ээлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти.
19
Биз Өзүң эч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык.
← Chapter 62
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 64 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66