bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 2
Isaiah 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 3 →
1
Амос уулу Ышайанын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө көргөн көрүнүшүндө айтылган сөз.
2
Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет.
3
Көптөгөн элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.
4
Ошондо Ал элдерди соттойт, көп уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт.
5
Оо Жакып тукуму! Келгиле, Теңирдин жарыгында жүрөлү!
6
Бирок Сен Өз элиңди, Жакыптын тукумун, таштап койдуң, анткени алар чыгыштан көп нерсени үйрөнүп алышты. Алардын пелиштиликтердикиндей сыйкырчылары бар, алардын башка элдердин уулдары менен байланышы бар.
7
Алардын жери алтын менен күмүшкө толду, байлыгына эсеп жетпейт; алардын жери аттарга толду, арабаларына сан жетпейт.
8
Алардын жери буркандарга – колдору менен жасаган нерселерге толуп кетти, алар өз колдору менен жасаган нерселерге табынып жатышат.
9
Ошентип, адам ийилди; ошентип, адам басынды. Сен аларды кечирбейсиң.
10
Теңирдин коркунучунан жана Анын улуу даңкынан качып, аскага бар, жерге жашын.
11
Адамдын менменсинген көздөрү жер карайт, текебер адам кемсинтилет, ошол күнү Теңир гана жогору турат.
12
Анткени Себайот Теңирдин күнү бардык текеберлерге, менменсингендерге, көтөрүлгөндөргө каршы келет, ошондо алар кемсинтилишет.
13
Теңирдин күнү Лебанондун бийик, менменсинген бардык кедрлерине да, Башандын эмендерине да,
14
бардык бийик тоолорго да, бардык бийик дөбөлөргө да,
15
ар кандай бийик мунараларга да, ар кандай бекем дубалдарга да,
16
Таршыштын бардык кемелерине да, алардын суктандырган жасалгаларына да каршы келет.
17
Ошондо текебер адам кемсинтилет, менменсинген адам жер карайт, ошол күнү Теңир гана жогору турат.
18
Буркандар да таптакыр жок болот.
19
Теңир жерди кыйратканы турганда, адамдар Теңирдин коркунучунан, Анын улуу даңкынан качып, аска-зоолордун жаракаларына, жердин түпкүрүнө киришет.
20
Ошол күнү адамдар табынуу үчүн күмүштөн жана алтындан жасап алган буркандарын көр чычкандарга жана жарганаттарга ташташат.
21
Теңир жерди кыйратыш үчүн турганда, адамдар Теңирдин каарынан, Анын улуу даңкынан коркуп, аскалардын капчыгайларына, тоолордун жаракаларына качып киришет.
22
Силер таноосунда деми бар адамдан үмүт кылганыңарды койгула, адам ким?
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66