bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 36
Isaiah 36
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 37 →
1
Хиския падышанын падышачылыгынын он төртүнчү жылында Ашур падышасы Санхейрип Жүйүттүн чептүү шаарларынын баарына кол салып, аларды басып алды.
2
Ашур падышасы Иерусалимге, Хиския падышага Лакиштен Рапшакты көп аскер менен жөнөттү. Ал жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн жанына келип токтоду.
3
Аны ак сарай башчысы Хилкиянын уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах тосуп чыкты.
4
Аларга Рапшак мындай деди: «Хискияга айткыла: Улуу падыша, Ашур падышасы, мындай дейт: Сен деги эмнеге таянып жатасың?
5
Мунун баары куру сөз деп ойлойм, согуш үчүн кеңеш жана күч керек. Сен кимге таянып жатасың? Менден эмнеге бөлүнүп чыктың?
6
Сен ушул сынган таякка – Мисирге таянам деп ойлойсуң. Ага ким таянса, ал анын колуна кирип, колун тешип кетет! Мисир падышасы фараонго таянгандарга мына ушундай болот.
7
Эгерде сен мага: “Биз Кудай-Теңирибизге таянабыз”, – десең, анда Кудайыңардын бийик жерлери менен курмандык чалынуучу жайларын Хиския алып таштап, Жүйүт менен Иерусалимге: “Мына ушул курмандык чалынуучу жайлардын алдында гана табынгыла”, – дебеди беле, ошол Кудайыңарга таянып жатасыңарбы?
8
Ошондуктан менин мырзам Ашур падышасы менен келишим түз. Мен сага эки миң ат берем, аларга мине турган кишилерди таба аласыңбы?
9
Майдан арабалары менен аттары үчүн Мисирге таянып, сен менин мырзамдын кичине кулдарынын бири болгон жол башчыны артка чегинүүгө кантип мажбур кыласың?
10
Мен бул жерди кыйратканы Кудайдын эркисиз келдим беле? Теңир мага: “Ушул өлкөгө бар, аны кыйрат”, – деп айткан».
11
Ошондо Элийаким, Шебна жана Жаах Рапшакка: «Кулдарыңа арамей тилинде сүйлө, анткени биз түшүнөбүз, дубалдын үстүндөгү элге угуза биз менен жүйүт тилинде сүйлөшпө», – дешти.
12
Рапшак аларга: «Мырзам мени ушул сөздү айт деп, мырзаң экөөңөргө эле жиберди беле? Жок, дубалдын үстүндө отурган кишилер силер менен кошо өз заңын өздөрү жесин, өз заарасын өздөрү ичсин деп, мени ошолорго да жиберген», – деди.
13
Анан Рапшак ордунан туруп, жүйүт тилинде мындай деп катуу кыйкырды: «Улуу падыша Ашур падышасынын сөзүн уккула!
14
Падыша мындай дейт: Хиския силерди азгырбай эле койсун, анткени ал силерди куткара албайт.
15
“Бизди Теңир куткарат, бул шаар Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт”, – деп, Хиския силерди Теңир менен үмүттөндүрбөй эле койсун.
16
Хискияны укпагыла, анткени Ашур падышасы мындай дейт: “Мени менен элдешкиле, мени тосуп чыккыла. Ар ким өз жүзүм сабагынын жемишин, өз анжырын жесин, ар ким өз кудугунан суу ичсин.
17
Мен келип, силерди өзүңөрдүкүндөй болгон, эгини, шарабы мол жерге, жемишке, жүзүмзарга бай жерге алып бармайынча, ошенткиле”.
18
Ошондуктан Хиския силерди: “Бизди Теңир куткарат”, – деп азгырбасын. Кайсы элдин кудайы өз жерин Ашур падышасынын колунан сактап калды эле?
19
Хамат менен Арпаттын кудайлары кайда? Сепарбайымдын кудайлары кайда? Алар менин колумдан Самарияны сактап калышты беле?
20
Бул жерлердин кудайларынын кайсынысы өз жерин менин колумдан сактап калды эле? Анан кантип Теңир Иерусалимди менин колумдан сактап калсын?»
21
Бирок алар унчугушкан жок, ага бир сөз менен да жооп беришкен жок, анткени падышанын «Ага жооп бербегиле» деген буйругу бар эле.
22
Падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах Хискияга айрылган кийимдери менен келишип, Рапшактын сөздөрүн айтып беришти.
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 37 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66