bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 43
Isaiah 43
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 42
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 44 →
1
Жакып, сени жараткан, Ысрайыл, сени жасаган Теңир азыр мындай дейт: «Коркпогун, анткени Мен сени куткарып алдым, Мен сени өз атыңдан чакырдым, сен Меникисиң.
2
Сен суулардан өтүп бара жатканда, Мен сени мененмин, сен дарыялардан өтүп бара жатканда, алар сени чөктүрбөйт. Оттон өтүп бара жатканда, күйбөйсүң, жалын да сени куйкалабайт.
3
Анткени Мен Теңирмин, сенин Кудайыңмын, Ысрайылдын Ыйыгымын, сенин Куткаруучуңмун, сенин кунуңа Мисирди, Эфиопияны бердим, Шебаны да сен үчүн бердим.
4
Сен Менин көз алдымда кымбат, баа жеткис болгондуктан, Мен сени сүйгөндүктөн, сен үчүн адамдарды бердим, сенин жаның үчүн элдерди берем.
5
Коркпо, анткени Мен сени мененмин, сенин тукумуңду чыгыштан алып келем, сени батыштан чогултам.
6
Түндүккө: “Бергин”, – деп айтам, түштүккө: “Кармаба”, – деп айтам. “Алыстан Менин уулдарымды, жер кыйырынан Менин кыздарымды алып кел.
7
Менин ысымым менен аталган, Өзүмдүн даңкым үчүн жараткан, түзгөн жана орноткон ар бир адамды алып кел”, – деп айтам.
8
Көзү бар болсо да сокур элди, кулагы бар болсо да дүлөй элди алып чык».
9
Бардык элдер чогулушсун, бардык уруулар биригишсин. Алардын арасынан ким муну алдын ала айтты? Башында эмне болгонун алдын ала айтып көрүшсүн, өздөрүнүн күбөлөрүн көрсөтүп, актанып көрүшсүн. Аларды уккандар: «Туура!» – деп айткыдай болушсун.
10
«Менин күбөлөрүм болсо – силер жана Өзүм тандап алган кулум, – дейт Теңир. Мен аны бул Мен экенимди билишиңер үчүн, Мага ишенишиңер үчүн, түшүнүшүңөр үчүн тандап алгам. Менден мурун Кудай болгон эмес, Менден кийин да болбойт.
11
Мен, Мен Теңирмин, Менден башка Куткаруучу жок.
12
Мен алдын ала айттым, куткардым жана кабарладым. Силердин Менден башка кудайыңар жок. Менин Кудай экениме силер күбөсүңөр, – дейт Теңир.
13
Башынан бери эле Мен Ошолмун. Менин колумдан эч ким куткарып ала албайт. Мен кылам, аны ким өзгөртө алат?
14
Теңир, Кун Төлөгөн Куткаруучуңар, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: Силер үчүн Мен Бабылга аскерлерди жибердим, бардык кулпуларды жана кемелери менен мактанган каздимдерди талкаладым.
15
Мен Теңирмин, силердин Ыйыгыңармын, Ысрайылдын Жаратуучусумун, силердин Падышаңармын».
16
Деңиздин ортосунан жол ачкан, чоң сууларга жол салган,
17
майдан арабаларды жана аттарды, аскерлерди жана күчтү алып чыккан Теңир ушундай дейт. Алар көз ачып жумганча жыгылышты, турушкан жок, өчүштү, билик сыяктуу өчүп калышты.
18
Бирок силер мурункуну эстебей жатасыңар, байыркылар жөнүндө ойлобой жатасыңар.
19
«Мына, Мен жаңы нерсе жасап жатам. Ал азыр болот, чын эле, силер ушуну да билгиңер келбейби? Мен ээн талаага жол салам, чөлгө дарыя өткөрөм.
20
Талаа жырткычтары Мени даңкташат, чөөлөр менен төө куштар Мени даңкташат, анткени Өзүм тандап алган элимди сугарыш үчүн, Мен чөлдөрдө суу берем, какшыган талааларда дарыя берем.
21
Бул элди Мен Өзүм үчүн түздүм. Ал Менин даңкымды жарыя кылат.
22
Сен болсо, Жакып, Мени чакырган жоксуң, сен Ысрайыл, Мен үчүн кызмат кылган жоксуң.
23
Сен Мага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуларды чалган жоксуң, курмандыктарың менен Мени урматтаган жоксуң. Мен сени Мага нан тартуулап кызмат кыл деп мажбурлаган жокмун, жыпар жыттуу зат түтөтүп тур деп кыйнаган жокмун.
24
Сен күмүш төлөп Мага жыпар жыттуу камыш сатып берген жоксуң, курмандыктардын майы менен Мени тойгузган жоксуң. Бирок сен Мени өзүңдүн күнөөлөрүң менен кыйнадың, өзүңдүн мыйзамсыз иштериң менен Мага оор жүк болдуң.
25
Мен, Мен Өзүм сенин кылмыштарыңды Өзүм үчүн өчүрөм, сенин күнөөлөрүңдү эстебейм.
26
Менин эсиме сал, соттошобуз, актаныш үчүн сен сүйлө.
27
Сенин ата-бабаң күнөөгө баткан, сенин арачыларың да Менден четтеп кетишкен.
28
Ошон үчүн Мен ыйык жайдын башчыларын ыйык кызматтан ажыраттым. Жакыпты жок кылам, Ысрайылды шылдыңга калтырам.
← Chapter 42
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 44 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66