bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 55
Isaiah 55
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 54
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 56 →
1
«Суусагандар, баарыңар сууга келгиле! Атүгүл, күмүшү жоктор, силер да келгиле, сатып алып жегиле. Келгиле, күмүшсүз сатып алгыла, шарап менен сүттү бекер алгыла!
2
Силер эмнеге нан эмес нерсеге күмүш тартып берип жатасыңар, эмнеге тойгузбаган нерсеге эмгек акыңарды берип жатасыңар? Мени кунт коюп уккула, жакшы нерсени жегиле, силердин жаныңар майдан ыракат алсын.
3
Кулак төшөп, Мага келгиле. Мени уккула, ошондо жаныңар тирүү болот. Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди, өзгөрүлбөс ырайымдарымды берем.
4
Мына, Мен Аны элдер үчүн күбө кылып бердим, элдерге жол башчы жана насаатчы кылып бердим.
5
Мына, сен өзүң билбеген элди чакырып аласың, сени билбеген элдер да сенин Кудай-Теңириң үчүн, Ысрайылдын Ыйыгы үчүн, сага келгенге шашылышат. Анткени Ал сени даңктады».
6
Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла.
7
Күнөөкөр өз жолун, мыйзамсыз жаман ойлорун таштап, Теңирге кайрылсын. Ошондо Ал ага ырайым кылат, биздин Кудайга кайрылсын, анткени Ал өтө ырайымдуу.
8
«Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес, – дейт Теңир.
9
Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик.
10
Анткени жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт, жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат, ошондо ал үрөн сепкен адамга үрөн, жей турган адамга нан берет.
11
Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат».
12
Ошентип, силер кубаныч менен чыгасыңар, силерди тынчтык менен узатышат. Силердин алдыңарда тоолор жана адырлар ырдайт, талаадагы бардык бак-дарактар силерге кол чабат.
13
Тикенектин ордуна кипарис өсөт, чалкандын ордуна мирт өсөт. Бул Теңирдин даңкы үчүн, түбөлүктүү, кыйрагыс жышаан үчүн болот.
← Chapter 54
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 56 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66