bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 59
Isaiah 59
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 58
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 60 →
1
Куткарыш үчүн Теңирдин колу кыскарган жок, угуш үчүн Анын кулагы катуу болуп калган жок.
2
Бирок мыйзамсыздыгыңар силерди Кудайыңардан бөлүп салды. Ал силерди укпаш үчүн, силердин күнөөңөр Анын жүзүн силерден буруп жатат.
3
Анткени силердин колуңар кан төгүп, манжаларыңар мыйзамсыздык кылып булганган. Оозуңар жалганды сүйлөйт, тилиңер калпты айтат.
4
Акыйкаттык үчүн эч ким үнүн чыгарбайт, чындык үчүн эч ким күрөшпөйт. Жок нерсеге таянышат, калп айтышат, алардын боюна жамандык бүтөт, адилетсиз иштерди төрөшөт.
5
Уу жыландын жумурткасын чыгарышат, жөргөмүштүн желесин токушат. Алардын жумурткаларын жеген адам өлөт, эгерде жарса, ичинен жылан чыгат.
6
Алардын желелери кийимге жарабайт, алар өздөрү жасаган нерселери менен жамына алышпайт. Алардын иштери – адилетсиз иштер, зордук-зомбулук – алардын колунда.
7
Алардын буттары жамандык кылууга жүгүрөт, алар жазыксыз кан төгүүгө ашыгышат. Алардын ойлору – адилетсиз ойлор, кыруу жана кыйратуу – алардын жолунда.
8
Алар тынчтыктын жолдорун билишпейт, алардын жолдорунда акыйкаттык жок, алардын жолдору кыйшык. Ал жол менен бараткандын эч бири тынчтык дегенди билбейт.
9
Ошондуктан акыйкаттык бизден алыс, адилеттик бизге жакындабайт, жарыкты күтүп жатабыз, бирок караңгылык, күндүн жаркырашын күтүп жатабыз, бирок караңгылыкта жүрөбүз.
10
Сокурлардай болуп дубалды кармап, көзү жок кишидей сыйпалап басып жүрөбүз. Чак түштө күүгүмдөгүдөй мүдүрүлүп жатабыз, тирүүлөрдүн арасында өлүктөрдөйбүз.
11
Баарыбыз аюулардай бакырып жатабыз, көгүчкөндөрдөй онтоп жатабыз. Акыйкаттыкты күтүп жатабыз, бирок ал жок, куткарууну күтүп жатабыз, бирок ал бизден алыс.
12
Анткени Сенин алдыңда кылмыштарыбыз сан жеткис, күнөөлөрүбүз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатат. Анткени кылмыштарыбыз биз менен, биз өзүбүздүн мыйзамсыз иштерибизди билебиз.
13
Теңирдин алдында чыккынчылык кылдык, калп айттык, өз Кудайыбыздан баш тарттык. Ушак айттык, чыккынчылык кылдык, жүрөгүбүздө жаман ойлоп, жаман сөздөрдү сүйлөдүк.
14
Акыйкаттык артка чегинди, адилеттүүлүк алыста калды, анткени чындык аянтта мүдүрүлдү, чынчылдык кире албай калды.
15
Чындык жок болду, жамандыктан качкан кордукка дуушар болду. Муну Теңир көрдү, акыйкаттыктын жоктугу Анын көзүнө жийиркеничтүү көрүндү.
16
Адам жок экенин көрдү, арачы боло турган адам жок экенине таң калды. Ошондо Ага Өзүнүн каруу-булчуңу жардам берди, Аны Өзүнүн чындыгы колдоду.
17
Ал чындыкты соот кылып кийди, куткаруу туулгасын Өзүнүн башына кийди. Өч алуу чапанын кийип, кызганчаактыкты жабуу кылып жамынды.
18
Иштерине жараша Ал Өзүнүн душмандарын каары менен жазалайт, Өзүнүн душмандарынан өч алат, аралдарга тиешесин берет.
19
Ошондо Теңирдин ысымынан батыштагылар коркушат, Анын даңкынан чыгыштагылар коркушат. Эгерде душман дарыядай каптап кирсе, Теңирдин деми аны кууп жиберет.
20
«Ошондо Сионго, мыйзамсыздыкты таштап, Кудайга кайрылган Жакыптын уулдарына Куткаруучу келет, – дейт Теңир.
21
Бул Менин алар менен түзгөн келишимим, – дейт Теңир, – сендеги Менин Рухум, сенин оозуңа салган Менин сөздөрүм сенин оозуңдан, сенин укум-тукумуңдун оозунан, сенин урпактарыңдын укум-тукумунунун оозунан мындан ары жана түбөлүккө түшпөйт».
← Chapter 58
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 60 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66