bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 9
Isaiah 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 10 →
1
Мурунку мезгилде Забулун жери менен Напталы жери басынтылган. Бирок кийинки мезгилде деңиз жээктеп кеткен жол, Иордандын аркы өйүзүндөгү өлкө, бутпарас эл жашаган Галилея көтөрүлөт.
2
Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт.
3
Сен элди көбөйтөсүң, кубанычын арттырасың, ал эл оруу-жыюу учурунда кубангандай, олжо бөлүшкөндө сүйүнгөндөй, Сенин алдыңда кубанат.
4
Анткени Сен аны эзген моюнтурукту, аны урган таякты, анын эзүүчүсүнүн камчысын Мидианды талкалагандай талкалайсың.
5
Анткени жоокердин согуш учурунда кийген бут кийими менен үстүндөгү канга чыланган кийими отко ыргытылып өрттөлөт.
6
Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат.
7
Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.
8
Теңир Жакыпка каршы сөз жиберди, ал сөз Ысрайылга түшөт.
9
Бул жөнүндө бүт эл, Эпрайым жана Самариянын тургундары билип калышат, алар текебердүүлүк менен, менменсинген жүрөк менен минтип айтып жатышат:
10
«Кыштар кулап калды, бирок биз жылмаланган таштардан тургузабыз. Тыт дарактары кыйылып калды, бирок биз аларды кедр дарактарына алмаштырабыз».
11
Бирок Теңир ага каршы Ретсиндин душмандарын көтөрөт, анын жоолорун куралдандырат:
12
чыгыштан сириялыктарды, батыштан пелиштиликтерди көтөрөт, алар Ысрайылды ач көздүк менен жешет. Ошондо да Теңирдин каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
13
Бирок эл өзүн Уруп Жатканга кайрылбай жатат, Теңир Себайотту издебей жатат.
14
Ошон үчүн Теңир Ысрайылдын башы менен куйругун, пальма менен камышты бир күндө кесет:
15
аксакал менен атактуу адам – башы, ал эми жалган пайгамбар – куйругу.
16
Бул элдин жол башчылары аны тескери жолго салышат, алардын жетегинде жүргөндөр кыйрашат.
17
Ошондуктан анын жаш уландарына Теңир кубанбайт, алардын жетимдерине да, жесирлерине да ырайым кылбайт, анткени алардын баары – эки жүздүү жана кылмышкер, бардыгы жийиркеничтүү сөздөрдү сүйлөшөт. Ошондо да Анын каары басылбайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
18
Анткени мыйзамсыздык оттой жалындап күйүп, коко тикенди да, тикенектүү бадалды да жалмап жатат, чытырман токойдо от алоолонуп, уюлгуган түтүн асманга көтөрүлүп жатат.
19
Себайот Теңирдин каары жерди куйкалайт, эл отко жем болот. Адам өз бир тууганын аябайт.
20
Алар оң тарабындагысын да жутушат, бирок ачка бойдон калышат, сол тарабындагысын да жешет, бирок тоюшпайт. Ар кимиси өз булчуң этин жейт.
21
Менаше Эпрайымды жейт, Эпрайым Менашени жейт, экөө биригип Жүйүттү жейт. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66