bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 30
Isaiah 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 31 →
1
«Баш ийбеген уулдарга кайгы! – дейт Теңир, – алар Менсиз кеңеш өткөрүшөт, Менин Рухума жакпаган келишимдерди түзүшөт. Алар күнөөнүн үстүнө күнөө кошуп жатышат.
2
Өздөрүн фараондун күчү менен бекемдеш үчүн, Мисирдин көлөкөсүнө калкаланыш үчүн, Менден сурабастан, Мисирге бара жатышат.
3
Бирок силер фараондун күчүнө таянгандыгыңар үчүн маскара болосуңар, Мисирдин көлөкөсүн баш паана кылгандыгыңар үчүн шылдыңга каласыңар.
4
Анткени Иерусалим төрөлөрү Соанга кетип калышты, анын элчилери Ханеске чейин жетишти.
5
Алардын баары өздөрүнө пайдасы тийбеген элге таянышканы үчүн уят болушат, уят менен маскарачылыктан башка ал элден жардам да, пайда да жок.
6
Түштүккө бара жаткан жаныбарларга артылган жүк ургаачы арстандар, эркек арстандар, уулуу жыландар, учуучу жыландар чыккан эзүүчүлөр менен кысымга алуучулардын жерине бара жатат. Алар өздөрүнө пайда келтирбей турган элге эшектердин кыр аркасына байлык, төөлөрдүн өркөчүнө асыл буюм жүктөп бара жатышат.
7
Анткени Мисирдин жардамы – пайдасыз, куру жардам. Ошондуктан Мен аларга: “Алардын күчү тынч отурууда”, – деп айткам.
8
Эми бар, бул сөздү алардын тактайына жазып кой, бул сөздү китепке жазып кой, ал сөз акыркы күнгө чейин, түбөлүккө калсын».
9
Анткени бул эл – моюн сунбас эл, балдары – калпычы, Теңирдин мыйзамын уккусу келбеген балдар.
10
Алар көрөгөчтөргө: «Алдын ала көргөнүңөрдү токтоткула», пайгамбарларга: «Бизге чындыкты айтпагыла, бизге жакканды айткыла, жагымдуу нерселерди алдын ала айткыла.
11
Жолубузга турбагыла, жолдон четтегиле, Ысрайылдын Ыйыгын биздин көзүбүздөн жоготкула», – дешет.
12
Ошондуктан Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: «Силер бул сөздү четке кагып, алдамчылыкка ишенип, жалганга таянганыңар үчүн,
13
бул мыйзамсыздык силер үчүн кулоо коркунучу алдында турган бийик дубалдагы аңырайып ачылып турган жаракадай болот. Ал дубалдын кыйрашы күтүлбөгөн жерден, көз ирмемде болот».
14
Чопо идишти бырын-чырынын чыгарып талкалагандай, Теңир аны аёосуз талкалайт, анын сыныктарынан очоктон чок алганга же кудуктан суу сузуп алганга сынык да табылбай калат.
15
Анткени Ысрайылдын Ыйыгы, Кудай-Теңир, мындай дейт: «Өз ордуңарда калсаңар жана тынчсызданбасаңар, куткарылмаксыңар. Силердин күчүңөр тынчтыкта жана таянууда». Бирок силер каалаган жоксуңар:
16
«Жок, биз атка минип качып кетебиз», – дедиңер, ошон үчүн качасыңар. «Биз күлүк аттарга минип чаап кетебиз», – дедиңер, ошон үчүн силердин артыңардан куугандар да күлүк болушат.
17
Бир адам коркутса, миңиңер качасыңар; беш адам коркутса, качканыңардан калганы бийик тоонун башындагы каскактай, дөбөдөгү туудай болот.
18
Ошон үчүн Теңир силерге ырайым кылуусун создуктуруп жатат, силерге боорукердик көрсөтүүсүн токтотуп жатат, анткени Теңир – акыйкат Кудай. Аны күткөндөрдүн баары бактылуу!
19
Эл Сион тоосунда, Иерусалимде жашайт, сен көп ыйлабайсың, Ал сенин ыйыңдын үнүн угуп, сага ырайым кылат, Ал сага үнүңдү угары менен жооп берет.
20
Теңир силерге кайгырганыңарда нан, муктаж болгонуңарда суу берет. Устаттарыңар жашынбай калат, устаттарыңды көрүп турасың.
21
Эгерде оңго же солго бурулуп кетсеңер, кулагың артыңдан «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө» деген сөздү угат.
22
Ошондо күмүш менен капталган жасалма кудайларыңды жана алтын менен капталган буркандарыңды жийиркеничтүү деп эсептейсиң. Сен аларды таза эмес нерсе катары ыргытасың, аларга: «Жогол бул жерден», – деп айтасың.
23
Ошондо Ал сенин талаага сепкен үрөнүңө жамгыр берет, наның, жериңдин түшүмү мол жана ширелүү болот. Ошол күнү малың кенен жайыттарга жайылат.
24
Жер айдаган өгүздөрүң да, эшектериң да күрөк менен, сапыргыч менен тазаланган туздуу тоют жейт.
25
Чоң кыйроо болгон күнү, мунаралар кулаганда, ар бир бийик тоодо, ар бир бийик дөңсөөдө агын суулар, өзөндөр агат.
26
Теңир Өз элинин жараатын таңган күнү, дартын айыктырган күнү ай жарыгы күн жарыгындай болот, ал эми күн жарыгы жети эсе жарык болот, жети күндүн жарыгындай болот.
27
Мына, Кудайдын ысымы алыстан келе жатат, Анын каары жалындап жатат, анын жалыны күчтүү, Анын оозу жаалга толгон, Анын тили бардыгын жалмап салуучу оттой.
28
Анын деми ташыган суудай, ал моюнга чейин көтөрүлүп, элдерди алсырата сапырган ташкын суудай. Ошондо элдердин ооздорунда адашууга багыттаган ооздук болот.
29
Ал эми силер ыйык майрамдын түнүндөгүдөй ырдайсыңар, жүрөгүңөр Теңирдин тоосуна, Ысрайылдын аскасына чоор менен чыгып бара жаткан адамдын жүрөгүндөй кубанат.
30
Ошондо Теңир Өзүнүн улуу үнү менен күркүрөйт, Өзүнүн жазалоочу булчуңунун күчүн катуу каары, баарын жалмаган оттун жалыны, бороон, ташкын, таш мөндүр аркылуу көрсөтөт.
31
Анткени Теңирдин үнүнөн таяк менен талкаланган Ашур титирейт.
32
Ал үчүн белгиленген, Теңирдин ага каршы жиберген таягынын ар бир кыймылы даптын жана лиранын коштоосунда болот. Ал ага каршы бардыгын кыйратуучу согуш менен барат.
33
Анткени Топет мурун эле курулган. Ал падыша үчүн да терең, кенен даярдалган. Очогунда оту да, отуну да мол. Теңирдин деми аны күкүрттүн агымындай күйгүзүп кетет.
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66