bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 52
Isaiah 52
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 51
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 53 →
1
Тур, тур, күчтөн, Сион! Ыйык шаар Иерусалим, өзүңдүн улуулугуңдун кийимин кий! Анткени мындан ары сага сүннөткө отургузулбагандар, таза эместер кирбейт.
2
Өзүңдөн чаңды күбүп сал, тур, туткун Иерусалим! Сиондун туткун кызы, мойнуңдагы чынжырды чеч!
3
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер бекер сатылдыңар, кайра күмүшсүз сатылып алынасыңар».
4
Анткени Теңир мындай дейт: «Мурун Менин элим Мисирге жашап туруш үчүн барган, Ашур аны эч себепсиз эзген.
5
Эми Менин бул жерде эмнем бар? – дейт Теңир. Менин элим бекер алынды, анын башчылары каарданып жатышат, – дейт Теңир. Менин ысымыма дайыма, күн сайын тил тийгизип жатышат.
6
Ошондуктан Менин элим Менин ысымымды билишет. Ошондуктан ошол күнү “Мен мына!” деп айткан Мен ошол эле Теңир экенимди билишет».
7
Сионго: «Сенин Кудайың падышачылык кылып жатат!» – деп айткан, куткарууну жар салган, кубанычты сүйүнчүлөгөн, тынчтыкты кабарлаган тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!
8
Сенин күзөтчүлөрүңдүн үнү чыгып жатат, алар үнүн катуу чыгарышты, баары бирге кубанып жатышат, анткени алар Теңирдин Сионго кайтып келе жатканын өз көздөрү менен көрүп жатышат.
9
Шаттангыла, Иерусалимдин урандылары, чогуу ырдагыла, анткени Теңир Өз элин сооротту, Иерусалимди кун төлөп куткарды!
10
Теңир Өзүнүн ыйык каруу-булчуңун бүт элдердин көз алдында көрсөттү. Ошондо бүт дүйнө жүзү Теңирибиздин куткаруусун көрөт.
11
Кеткиле, кеткиле, ал жерден чыккыла, таза эмес нерселерге тийбегиле! Теңирдин идиштерин көтөрүп жүргөндөр, алардын чөйрөсүнөн чыккыла, өзүңөрдү тазалагыла.
12
Анткени силер шашпай чыгасыңар, чуркап кетпейсиңер. Анткени силердин алдыңарда Теңир барат, артыңарда Ысрайылдын Кудайы сактоочу болот.
13
«Менин кулум ийгиликке жетишет, көтөрүлөт, көкөлөйт, даңазаланат!
14
Сени көрүп, көп адамдар ушунчалык таң калышты, анткени эч бир адамдын жүзү Анын жүзүндөй бузулган эмес, адам баласынын өңү Анын өңүндөй бузулган эмес.
15
Ал көп элдерди ушинтип таң калтырат. Падышалар Анын алдында ооздорун жабышат, анткени алар өздөрүнө айтылбаган нерселерди көрүшөт, укпаган нерселерин билишет».
← Chapter 51
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 53 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66