bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 38
Isaiah 38
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 37
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 39 →
1
Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амостун уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: “Өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың”», – деди.
2
Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:
3
«Оо Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды эстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.
4
Ошондо Ышайага Теңирден мындай сөз айтылды:
5
«Хискияга барып, мындай деп айт: Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм, Мен сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом.
6
Сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды коргойм”.
7
Теңир Өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн берген жышаан бул:
8
Ахаздын тепкичтери менен өтүп кеткен күндүн көлөкөсүн Мен он тепкич артка жылдырам». Ошондо күн өзү өтүп кеткен он тепкичке артка жылды.
9
Жүйүт падышасы Хискиянын ооруп жаткандагы жана оорудан айыккандагы сыйынуусу:
10
«”Жарым өмүрүм өткөндө өлгөндөр жаткан жайга баруум керек. Мен калган өмүрүмдөн ажырап калдым”, – дегем.
11
Мен мындай деп айткан элем: “Эми мен Теңирди көрбөйм, Теңирди тирүүлөрдүн жеринен көрбөйм, мындан ары дүйнө жүзүндө жашагандарды көрбөйм.
12
Менин турак жайым турган жеринен чечилип, койчунун алачыгындай болуп учуп кеткени жатат, токуучу жип кескендей, мен өз өмүрүмдү кесүүгө тийишмин. Ал мени тамырымдан кесет. Сен мага жибере турган өлүмдү күн да, түн да күттүм.
13
Мен таң атканга чейин күттүм. Ал арстанга окшоп, менин сөөктөрүмдү талкалады. Сен мага жибере турган өлүмдү күн да, түн да күттүм.
14
Мен каркыра менен чабалекейдей болуп үн чыгарып жаттым, көгүчкөндөй куса болуп жаттым. Көздөрүм асманды муңая карап жатты: Теңир! Мен кыйналып турам, куткар мени!
15
Мен эмне деп айта алам? Ал мага айтканын аткарды. Жанымдын кыйналганына карабастан, бүт өмүрүмдү тынч өткөрөм.
16
Теңир! Ушинтип жашап жатышат, ушунун бардыгында менин рухумдун жашоосу бар. Сен мени айыктырасың, мага өмүр бересиң.
17
Катуу кайгы мен үчүн жакшы болду. Сен менин жанымды өлүм орунан куткарып алдың, менин күнөөлөрүмдүн бардыгын Өзүңдүн артыңа таштадың.
18
Анткени Сени өлгөндөр жаткан жай даңктабайт, Сени өлүм мактабайт, Сенин чындыгыңа мүрзөгө түшкөндөр таянышпайт.
19
Азыр мен даңктап жаткандай, Сени тирүү адам, тирүү адам гана даңктайт. Атасы балдарына Сенин чындыгыңды кабарлайт.
20
Мени Теңир куткарат. Ошондо биз өмүрүбүз өткөнчө, күү аспаптардын коштоосунда Теңирдин үйүндө ырдайбыз”».
21
Анан Ышайа: «Анжырдын кабыктарын алып келип, аларды жарага жабышсын. Ошондо ал айыгат», – деди.
22
Хиския болсо: «Теңирдин үйүнө барарыма кандай жышаан болот?» – деди.
← Chapter 37
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 39 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66