bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 33
Isaiah 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 34 →
1
Кыйратылбаган кыйратуучу, таланбаган талоончу, кайгы сага! Сен кыйратып бүткөндөн кийин, өзүң да кыйратыласың. Сен талап-тоноочулугуңду токтоткондон кийин, сени да талап-тоношот.
2
Теңир! Бизге ырайым кыл, биз Сенден үмүттөнөбүз. Таң сүргөндөн тартып биздин каруу-булчуңубуз боло көр, кыйын-кыстоо күндөрдө биздин куткаруучубуз боло көр!
3
Сенин коркунучтуу добушуңдан элдер качышат, Сенин улуулугуңдан уруулар чачырайт.
4
Силердин олжоңорду кырк аяк жыйнагандай жыйнашат, олжоңорго чегиртке тийгендей тийишет.
5
Жогоруда жашаган Теңир улуу. Ал Сионду адилеттикке жана акыйкаттыкка толтурат.
6
Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот.
7
Мына, алардын күчтүүлөрү көчөлөрдө кыйкырып жатышат. Тынчтыктын элчилери катуу ыйлап жатышат.
8
Жолдор ээн калды. Саякаттап жүргөндөр жок. Ал келишимди бузду, шаарларды кыйратты, адамдарды барк албай калды.
9
Жер кайгырып, кургап жатат. Лебанон маскара болуп, соолуп калды. Шарон чөлгө окшоп калды, Башан менен Кармел жалбырактары түшүп, жылаңач калды.
10
«Азыр мен турам, – дейт Теңир, – азыр өйдө турам, азыр көтөрүлөм.
11
Силердин боюңарда чөп бар, саман төрөйсүңөр. Демиңер – от, ал өзүңөрдү жалмайт.
12
Элдер күйүп жаткан акиташтай болушат, кыйылган тикенектей болуп отко өрттөлүшөт.
13
Алыстагылар, Менин эмне кыларымды уккула, жакындагылар, силер да Менин кудуретимди таанып билгиле».
14
Сиондогу күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрү түшүп калды. Кудайсыздарды калтырак басты: «Биздин арабыздан ким жалмаган от ичинде жашай алат? Биздин арабыздан ким түбөлүктүү жалындын ичинде жашай алат?»
15
Чындыктын жолунда жүргөн, чындыкты сүйлөгөн адам жашай алат. Талап-тоноодон тапкан пайданы жек көргөн, парадан колун тарткан, кан төгүүнү уккусу келбей кулагын жапкан, кыянаттыкты көргүсү келбей көзүн жумган адам жашай алат.
16
Ал бийиктиктерде жашайт. Анын баш паанасы – адам бара алгыс аска, ага нан берилет, суусу түгөнбөйт.
17
Сенин көзүң Падышаны бүт сулуулугу менен көрөт, алыскы жерди көрөт.
18
Жүрөгүңдө коркунучтар тууралуу эскерүүлөр гана калат: «Каттоо жүргүзүүчү кайда? Салыкты таразага тартуучу кайда? Мунараны карап чыгуучу кайда?»
19
Мындан ары каардуу элди, так эмес, ачык эмес, таң каларлык, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элди көрбөйсүң.
20
Биздин майрамдык чогулуштар өткөн Сион шаарыбызга көз чаптыр. Сенин көздөрүң бекем жыйын чатырын, бейпил турак болгон Иерусалимди көрөт. Анын мамылары эч качан жулунбайт, анын бир да арканы үзүлбөйт.
21
Ал жерде биздин улуу Теңир дарыялардын ордуна, жазы каналдардын ордуна болот. Ал жерге бир да калактуу кайык кирбейт, чоң кеме өтпөйт.
22
Анткени Теңир биздин сотубуз, Теңир биздин мыйзам чыгаруучубуз, Теңир биздин падышабыз: Ал бизди куткарат.
23
Сенин аркандарың бошоп калды, мачталарды кармай албайт, парустарды тарта албайт. Ошондо чоң олжо бөлүнөт, аксактар да талап-тоногонго барышат.
24
Ошондо тургундардын бири да: «Мен ооруп жатам», – деп айтпайт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет.
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66