bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 8
Isaiah 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 9 →
1
Теңир мага: «Бир чоң түрмөк кагаз ал, ага адамдар жазган жазуу менен “Майер-Шалал-Хаш-Бас”деп жаз», – деп айтты.
2
Ошондо мен жаныма ишенимдүү күбөлөрдү: ыйык кызмат кылуучу Урий менен Жеберехия уулу Захарияны алдым.
3
Анан пайгамбар аялга келдим, ал кош бойлуу болуп, уул төрөдү. Теңир мага: «Баланын атын Майер-Шалал-Хаш-Бас деп кой деди.
4
Анткени бул бала “ата”, “апа” деп айта алганга чейин, Дамасктын байлыгы менен Самариянын олжолорун Ашур падышасынын алдына көтөрүп барышат».
5
Теңир мага сүйлөгөнүн улантып, дагы мындай деди:
6
«Бул эл жай аккан Шилоахтын сууларын барктабай, Ретсинге жана Ремалиянын уулуна суктанганы үчүн,
7
Теңир бул элге буркан-шаркан түшүп аккан чоң дарыяны – Ашур падышасын бүт атак-даңкы менен каптатат. Ошондо ал өзүнүн нугунан көтөрүлүп, жээктеринен ашып-ташыйт.
8
Анан ал бүт Жүйүт жерине кирип, аны каптап, жогору көтөрүлүп, мойнуна чейин жетет. Алардын жайылган канаты Сенин жергеңдин бир четинен экинчи четине чейин жетет, Эмануел!»
9
Жоолашкыла, элдер, бирок титирегиле, уккула, бүт алыскы жерлер! Куралдангыла, бирок титирегиле, куралдангыла, бирок титирегиле!
10
Согуш планын түзө бергиле, бирок аныңар бузулат, чечим чыгара бергиле, бирок аныңар жүзөгө ашпайт, анткени Кудай биз менен!
11
Анткени Теңир Өзүнүн күчтүү колун менин үстүмө коюп, бул элдин жолу менен жүрбө деп эскертип, мындай деди:
12
«Бул эл чыккынчылык деп эсептегендин баарын эле чыккынчылык деп эсептей бербегиле. Бул эл корккон нерседен коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла.
13
Себайот Теңирди, Аны, ыйык туткула, Ал силердин коркунучуңар, Ал силердин титирөөңөр!
14
Ал Ысрайылдын эки уруусу үчүн ыйык жай, мүдүрүлтө турган таш, азгыруучу аска болот. Иерусалимде жашагандар үчүн сыйыртмак, жайылган тор болот.
15
Алардын көбү мүдүрүлөт, жыгылат, талкаланат, жайылган торго чалынат жана колго түшөт.
16
Күбөлөндүрүүнү сакта, Менин шакирттеримдин көзүнчө мыйзамга мөөр бас».
17
Мен Жакыптын тукумунан Өз жүзүн жашырган Теңирге ишенем, Андан үмүт кылам.
18
Мына, мен жана Кудай берген менин балдарым: биз Сион тоосунда жашаган Себайот Теңирдин Ысрайылга берген аяны жана белгиси болобуз.
19
Силерге: «Өлгөндөрдү чакыргандарга, сыйкырчыларга, күбүрөп-шыбырагандарга жана ичинен сүйлөгөндөргө кайрылгыла», – дешкенде, силер: «Эл өз Кудайына кайрылууга тийиш эмеспи? Өлгөндөрдөн тирүүлөр жөнүндө сурамак беле?» – деп жооп бергиле.
20
Мыйзам менен күбөлөндүрүүгө кайрылгыла. Эгерде алар бул сөздү айтпаса, анда аларда жарык жок.
21
Алар жер үстүндө аёосуз эзилип, ач-жылаңач тентишет жана ачкачылык учурунда ачууланышып, өз падышасы менен өз Кудайына акарат келтиришет.
22
Асманга көз чаптырышат, жерди карашат: кайгы жана караңгылык, коюу караңгылык, алар караңгылыкка кулатылат. Бирок азыр коюу караңгылык каптаган жерде дайыма эле караңгылык боло бербейт.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66