bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 21
Isaiah 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 22 →
1
Деңиз жээгиндеги чөл тууралуу пайгамбарчылык. Түштүктө учуп жүргөн бороондой болуп, ал чөлдөн, коркунучтуу жерден келе жатат.
2
Мага коркунучтуу көрүнүш көрсөтүлдү: талоончу талап жатат, кыйратуучу кыйратып жатат. Тур, Эйлам! Мадай, курчоого ал! Мен бардык муң-зарды токтотом!
3
Ошондуктан бүткөн боюм титиреп жатат, мен төрөп жаткан аялдай толгоо тартып жатам, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатам. Мен эмнени угуп жатсам, ошондон толкунданып жатам; мен эмнени көрүп жатсам, ошондон коркуп жатам.
4
Жүрөгүм дүкүлдөп, калтырап коркуп жатам. Мен үчүн кубанычтуу болгон түн коркунучтуу түнгө айланды.
5
Yстөл даярдап жатышат, дасторкон жайып жатышат, ичип-жеп жатышат. Тургула, төрөлөр, калканыңарды майлагыла!
6
Анткени Теңир мага: «Бар, күзөт кой. Ал көргөнүн айтып турсун», – деп айтты.
7
Ошондо ал эки-экиден болуп келе жаткан атчан, эшекчен, төөчөн адамдарды көрдү. Ал көңүл коюп, бүт дитин коюп кулак төшөдү.
8
Анан арстандай болуп мындай деп кыйкырды: «Мырзам, мен күзөттө күн бою турдум, түн бою өз ордумда турдум.
9
Мына, адамдар – эки-экиден атчандар келе жатышат». Андан кийин ал мындай деп кыйкырды: «Кулады, Бабыл кулады. Анын бардык жасалма кудайлары жерде талкаланып жатат».
10
Оо, менин бастырылган уулум, менин кырманымдын уулу! Мен Ысрайыл Кудайы Себайот Теңирден эмнени уксам, ошону силерге кабарладым.
11
Дума тууралуу пайгамбарчылык. Мага Сеирден: «Күзөтчү! Түндүн канчасы калды? Күзөтчү! Таң атканга канча калды?» – деп кыйкырып жатышат.
12
Күзөтчү: «Таң сүрүп келе жатат, бирок али түн. Эгерде сурагыңар келсе, сурагыла, кайра келгиле», – деп жооп берди.
13
Аравия тууралуу пайгамбарчылык: «Дыдан кербендери, Аравиянын токоюна түнөгүлө!
14
Тейма жеринде жашагандар! Суусагандардын алдынан суу көтөрүп тосуп чыккыла, качкындарды нан менен тосуп алгыла.
15
Анткени алар сунулган кылычтан, тартылган жаадан, согуштун катаалдыгынан качып келе жатышат».
16
Анткени Теңир мага мындай деп айтты: «Жалданган жыл боюнча эсептегенде, бир жылдан кийин Кейдардын бүткүл атак-даңкы жок болот.
17
Ошентип, Кейдардын тайманбас уулдарынын жаалары да аз калат». Анткени Ысрайыл Кудайы, Теңир, ушинтип айтты.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66