bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 23
Isaiah 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 24 →
1
Тир жөнүндөгү пайгамбарчылык: «Таршыштын кемелери, боздоп ыйлагыла, анткени ал кыйрады. Yйлөр да жок, үйлөргө кире турган адам да жок». Аларга Китим жеринен ушундай кабар келди.
2
Деңизде жүрүүчү Сидон соодагерлерине толгон арал тургундары, унчукпай калгыла.
3
Ал жерге зор дарыялар аркылуу Шихордун үрөндөрү, чоң дарыянын түшүмү алып келинип турчу, ал элдердин соода кыла турган жери болчу.
4
Уял, Сидон, анткени деңиз, күчтүү деңиз, мындай деп айтып жатат: «Мен толгоо тартып төрөгөн жокмун, уулдарды чоңойткон жокмун, кыздарды өстүргөн жокмун».
5
Бул кабар мисирликтерге жеткенде, алар Тир тууралуу укканда, титирешет.
6
Таршышка көчүп кеткиле, аралдын тургундары, ыйлагыла!
7
Байыркы күндөрдө эле негизделип, кубанып келген шаарыңар ушубу? Буттары аны алыскы өлкөдө тентип жүрүүгө алып бара жатат.
8
Таажы тараткан, көпөстөрү төрө болгон, соодагерлери өлкөнүн атактуу кишилери болгон Тирге муну ким күн мурун белгилеп койду?
9
Ар кандай даңктын текебердигин уятка калтырыш үчүн, жер үстүндөгү бүт атактууларды басынтыш үчүн, муну Себайот Теңир күн мурунтан белгилеп койгон.
10
Таршыш кызы, өз жериңди дарыядай арала! Мындан ары тоскоолдук жок.
11
Теңир Өз колун деңизге сунуп, падышачылыктарды силкилдетти. Теңир Канаан жөнүндө, анын сепилдерин кыйратууга буйрук берди.
12
Ал мындай деди: «Маскара болгон кыз, Сидондун кызы, сен мындан ары кубанбайсың! Тур, Китимге бар, бирок сага ал жерде да тынчтык болбойт».
13
Мына, Каздим жери. Бул эл мурун жок болчу. Ашур аны чөлдүн тургундарынан баштаган. Алар өздөрүнүн мунараларын тургузуп жатышат, анын сарайларын бузуп жатышат, аны урандыга айлантып жатышат.
14
Таршыштын кемелери, ыйлагыла! Анткени силердин тирегиңер кыйрады.
15
Ошол күнү Тир бир падышанын падышачылык күндөрүндөй, жетимиш жылга унутулат. Жетимиш жыл өткөндөн кийин, бузулган аял жөнүндө кандай ырдашса, Тир жөнүндө да ошондой ырдашат:
16
«Лираңды колуңа ал, шаарды аралап чык, унутулган бузулган аял! Чебер ойно, көп ырда, сен жөнүндө эстешсин».
17
Жетимиш жыл өткөндөн кийин Теңир Тирди эстейт. Ошондо ал кайрадан өз кирешесин таба баштайт, бүт жер жүзүндөгү падышачылыктардын баары менен бузукулук кылат.
18
Бирок анын соодасы жана кирешеси Теңирге арналат, аларды кампаларга жыйнашпайт, сакташпайт. Анын соодадан түшкөн кирешеси Теңирдин алдында жашагандарга өтөт, ошондо алар тоё жешет, жакшы кийим кийишет.
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66