bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 41
Isaiah 41
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 40
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 42 →
1
«Аралдар, Менин алдымда унчукпай калгыла, элдер кайра күчкө толсун, алар жакын келишип: “Сот алдында бирге турабыз”, – дешсин».
2
Чыгыштан адил адамды ким тургузду? Ким аны өзүнүн артынан жүрүүгө чакырды? Ким анын колуна элдерди салып берип, падышаларды багынтты? Ал аларды анын кылычы менен топуракка айландырды, анын жаасы менен шамал учурган саманга айландырды.
3
Ал аларды кубалап, эч качан буту баспаган жол менен жайбаракат бара жатат.
4
Муну ким кылды? Муну ким жүзөгө ашырды? Урууларды байыртадан чакырган ким? «Мен, Теңир, биринчимин, акыркы уруулар учурунда да Мен ошол элемин».
5
Аралдар көрүп, үрөйлөрү учту, бүт жер жүзү титиреп кетти. Алар жакындап келип, биригип калышты.
6
Ар ким өз жакынына жардамдашып, өз бир тууганына: «Кайраттан», – дейт.
7
Темир уста эритүүчүнүн көңүлүн көтөрөт, балка менен темир түздөгөн адам дөшүгө соккон адамга ширетилген жери жөнүндө «жакшы» деп айтып, бекем болуш үчүн мык менен бекитет.
8
«Ал эми сен, Ысрайыл, Өзүм тандап алган кулум Жакып, Менин досум Ыбрайымдын тукуму,
9
Мен сени жердин аягынан алгам, жер кыйырынан чакырып алып, сага мындай деп айткам: “Сен Менин кулумсуң, Мен сени тандап алдым, ошондуктан Мен сени четке какпайм”.
10
Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм.
11
Мына, сага каардангандардын баары уятка калып, маскара болушат, сени менен тирешкендердин баары эч нерсеге турбай калат, жок болот.
12
Өзүңө каршы чыккандарды издейсиң, бирок таппайсың. Сени менен каршылашкандар эч нерсеге турбай калат.
13
Анткени Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: “Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам”.
14
Коркпогун, курт Жакып, эли аз Ысрайыл, Мен сага жардам берип жатам, – дейт Теңир, сенин Куткаруучуң, Ысрайылдын Ыйыгы.
15
Мына, Мен сени курч, жаңы, тиштүү моло таш кылдым, сен тоолорду малалап майдалайсың, дөңдөрдү топонго айландырасың.
16
Сен аларды сапырасың, аларды шамал айдап, таратып жиберет, куюн учуруп кетет. Сен болсо Теңир тууралуу кубанасың, Ысрайылдын Ыйыгы менен мактанасың.
17
Жакырлар менен кедей-кембагалдар суу издеп жүрүшөт, бирок суу жок, алардын тилдери суусагандан кургап жатат. Мен, Теңир, аларды угам, Мен, Ысрайылдын Кудайы, аларды таштабайм.
18
Тоолордон дарыя, өрөөндөрдөн булак чыгарам, чөлдү көлгө айландырам, какшыган жерди суу булагына айландырам.
19
Чөлгө кедр, акация, мирта, зайтун дарактарын отургузам, талаага кипарис, клён, бук дарактарын тигем.
20
Ошондо алар буларды Теңирдин колу жасаганын, Ысрайылдын Ыйыгы жаратканын көрүшөт, таанып билишет, байкашат, түшүнүшөт».
21
«Ишиңерди көрсөткүлө, – дейт Теңир. Өзүңөрдүн далилиңерди келтиргиле, – дейт Жакыптын Падышасы.
22
Алар бизге эмне болорун көрсөтүшсүн жана айтышсын, бир нерсе болордон мурда алдын ала кабарлашсын, ошондо биз акылыбыз менен түшүнүп, анын аягы эмне менен бүткөнүн билебиз, же болбосо бизге келечек жөнүндө алдын ала айтышсын.
23
Келечекте эмне болорун айткыла, ошондо биз силердин кудай экениңерди билебиз, же болбосо жакшы же жаман бир нерсе жасагыла, биз таң калып, силер менен бирге көрөлү.
24
Бирок силер санда жок нерсесиңер, ишиңер да эч нерсеге жарабайт, силерди тандап алган адам жийиркеничтүү.
25
Мен аны түндүктөн тургуздум, ал келет. Күн чыгыштан Менин ысымымды чакырат, өкүмдарларды ылайдай тепсейт, карапачы чопо тебелегендей тебелейт.
26
Биз билишибиз үчүн, бул жөнүндө бизге башынан ким кабарлады эле? Биз “Ушул чынбы?” деп айтыш үчүн, бизге ким алдын ала айтып койду эле? Эч ким айткан жок, эч ким кабарлаган жок, эч ким силердин сөзүңөрдү уккан жок.
27
Мен Сионго: “Ал мына!” – деп, биринчи айттым, Иерусалимге жакшы кабарчыны бердим.
28
Ошондуктан Мен карап турдум, бирок эч ким көрүнгөн жок. Мен алардан сураганда, алардын арасынан Мага жооп берер кеңешчи табылган жок.
29
Алардын бардыгы – санда жок нерсе, алардын иштери да болбогон нерсе. Алардын буркандары – жел жана боштук.
← Chapter 40
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 42 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66