bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 47
Isaiah 47
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 46
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 48 →
1
«Бабылдын кызы, эркек көрө элек кыз, жерге түш, топуракка отур, жерде отур. Каздимдердин кызы, падыша тагы жок, мындан ары сени назик жана бай деп аташпайт.
2
Жаргылчакты алып, ун тарт. Жабууңду алып таштап, этегиңди көтөр, тизеңди ач, дарыядан кечип өт.
3
Сенин этиң ачылат, атүгүл, абийириң да көрүнүп калат. Өч алам, эч кимди аябайм».
4
Биздин Куткаруучубуз – Теңир, Анын ысымы – Себайот, Ысрайылдын Ыйыгы.
5
«Каздимдердин кызы, унчукпай отур, караңгыга кет, анткени мындан ары сени падышачылыктардын ханышасы деп аташпайт.
6
Мен Өз элиме каардандым, Өз мурасымды кордоттум, аларды сенин колуңа салып бердим, сен аларга ырайым кылган жоксуң, карыларга өзүңдүн эң оор моюнтуругуңду салдың.
7
Сен: “Түбөлүккө ханыша болом”, – дегенсиң, бирок аны оюңда элестеткен жоксуң, андан кийин эмне болорун ойлогон жоксуң.
8
Бирок азыр муну ук, эрке, камырабай жашаган, өз жүрөгүндө: “Мен элемин, мага тең келген эч ким жок, мен жесир болуп отурбайм, балдарым өлбөйт”, – деген кыз.
9
Күтүлбөгөн жерден, бир күндүн ичинде сага экөө тең келет: балдарыңдан ажырайсың, жесирлик башыңа түшөт. Сыйкырчылыкты көп кылганыңа карабастан, сыйкырчылыгыңдын чоң күчүнө карабастан, алар сенин башыңа жетишерлик түшөт.
10
Анткени сен өзүңдүн жаман иштериңе таяндың: “Мени эч ким көрбөйт”, – дедиң. Акылмандыгың менен билимиң сени жолдон чыгарды, жүрөгүңдө: “Мен элемин, менден бөлөк эч ким жок”, – дедиң.
11
Ошондуктан башыңа алаамат түшөт, анын кайдан келерин билбейсиң, башыңа мүшкүл түшөт, сен аны болтурбай коё албайсың, сенин башыңа күтүлбөгөн жерден бүлгүн түшөт, сен ал жөнүндө ойлогон да эмессиң.
12
Эми сен жаш чагыңдан бери кылып келе жаткан сыйкырчылыктарың менен, көп сандаган көз байлоочулуктарың менен кала бер. Балким, ошолордон пайда табарсың, балким, туруштук бере аларсың.
13
Сен өзүңдүн кеңешиңдин көптүгүнөн чарчадың: асманды байкоочулар, жылдыз саноочулар, жаңырган ай боюнча алдын ала айтуучулар келип, сени башыңа түшө турган нерседен куткарышсын.
14
Мына, алар самандай. Аларды от күйгүзүп кетти. Алар өздөрүнүн жанын жалындан куткара алышкан жок, жылынууга чок да калган жок, кактанып отурууга от да калган жок.
15
Жаш кезиңден бери сен ким менен иштешип, ким менен соода-сатык жүргүзүп келсең, ошолор сен үчүн ушундай болуп калышты. Ар ким өз тарабына илкип басып кетти, сени эч ким куткарбайт».
← Chapter 46
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 48 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66