bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 34
Isaiah 34
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 35 →
1
Элдер, жакын келгиле, уруулар, уккула, кулак салгыла! Жер жана аны толтуруп тургандын бардыгы, аалам жана анда жаралгандардын баары уксун!
2
Анткени Теңирдин ачуусу бардык элдерге, Анын каары бүт жамаатка төгүлөт. Теңир аларды жок кылат, өлтүрөт.
3
Ошондо алардын өлтүрүлгөндөрү чачылып ташталат, алардын өлүктөрүнөн сасык жыт чыгат, алардын канынан тоолор эрийт.
4
Бардык асман кошуундары чирийт, асман түрмөк китептей түрүлөт, анын бүт кошуундары жүзүм сабагынын жалбырактары күбүлгөндөй, анжырдын куураган жалбырактары күбүлгөндөй күбүлүп түшөт.
5
«Анткени Менин кылычым асманда канга тойду. Мына, ал Эдомду жана Мен каргышка калтырган элди жазалаш үчүн түшүп келе жатат».
6
Теңирдин кылычы канга малынат, майга, козулар менен текелердин канына, койлордун бөйрөк майларына семирет, анткени Теңирдин курмандыгы Ботсрада, чоң мууздоо Эдом жеринде.
7
Алар менен кошо топоздор, өгүздөр менен кошо букачарлар өлөт, жер алардын канына тоёт, топурак алардын майына семирет.
8
Анткени бул – Теңирдин өч алуу күнү, Сион үчүн жазалай турган жыл.
9
Анын дарыялары чайырга айланат, топурагы күкүрткө айланат, ошентип, анын жери күйүп турган чайыр болот:
10
ал күндүз да, түн ичинде да өчпөйт. Анын түтүнү түбөлүккө көтөрүлүп турат. Ал жер укумдан-тукумга ээн калат. Ал жерден кылымдар бою эч ким өтпөйт.
11
Ал жерди биргазан менен кирпи ээлейт, ал жерге үкү менен кузгун уялайт, анын үстүнөн кыйратуучу аркан жана жок кылуучу салмоор тартышат.
12
Ал жерде анын атактууларынын ичинен падышачылыкка чакырганга эч ким калбайт, бүт төрөлөрү эч нерсеге арзыбай калышат.
13
Анын ак сарайларын тикендүү өсүмдүктөр, сепилдерин чалкан менен уйгак басат, ал жер чөөлөргө ийин, төө куштарга түнөк болот.
14
Чөл жырткычтары жапайы мышыктар менен жолугушат, текелер бири-бири менен үн алышып чакырышат. Ал жерде түнкү албарсты эс алат жана өзүнө тынчтык табат.
15
Ал жерге учуучу жылан уялап, жумуртка басып, балдарын чыгарат, аларды өзүнүн көлөкөсүнүн астына чогултат. Ал жерге жорулар да чогулушат.
16
Теңирдин китебинен издеп таап окугула. Алардын бири да болбой койбойт, бири экинчиси менен алмаштырылбайт, анткени Теңир Өз оозу менен буйрук кылган, аларды Анын Руху Өзү чогултат.
17
Аларга Теңир Өзү өкчөмө таш ыргыткан, аларга жерди Анын колу чен аркан менен бөлүп берген. Алар ал жерди түбөлүккө ээлешет, ал жерде укумдан-тукумга жашашат.
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 35 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66