bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 54
Isaiah 54
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 53
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 55 →
1
«Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу үн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп», – дейт Теңир.
2
Чатырыңдын турган ордун чоңойт, турак жайыңдын жабууларын кеңейт. Уялба, аркандарыңды узун ташта, казыктарыңды орнот.
3
Анткени сен оңго да, солго да жайыласың, сенин тукумуң элдерди каратып алып, бош калган шаарларга отурукташат.
4
Коркпо, анткени уятка калбайсың. Уялба, анткени маскара болбойсуң, жаш чагыңда маскара болгонуңду унутасың, мындан ары жесирлигиңдин айынан жаманатты болгонуңду эстебейсиң.
5
Анткени сенин Жаратканың – сенин күйөөң. Анын ысымы – Себайот Теңир, сенин Куткаруучуң – Ысрайылдын Ыйыгы. Ал бүт жер жүзүнүн Кудайы деп аталат.
6
Анткени Теңир сени күйөөсү таштап кеткен, кайгыга баткан аялды чакыргандай, жаш кезинде аялдыкка алынып, кийин четке кагылган аялды чакыргандай чакырып жатат, – дейт сенин Кудайың.
7
Мен сени аз убакытка таштагам, бирок улуу ырайым менен кабыл алам.
8
Каарым кайнап турганда, Мен сенден Өз жүзүмдү убактылуу жашырдым, бирок сага түбөлүктүү ырайым менен ырайым кылам, – дейт сенин Куткаруучуң, Теңир.
9
Анткени бул Мен үчүн Нухтун учурундагы суулардай: Мен мындан ары Нухтун учурундагыдай суулар жерди каптабайт деп ант бергендей, сага каарданбайм, сени жемелебейм деп ант бердим.
10
Тоолор жылат, дөңсөөлөр солкулдайт, бирок Менин ырайымым сенден четтебейт, Менин тынчтык келишимим бузулбайт», – дейт сага ырайым кылуучу Теңир.
11
«Бороон учурган, сооротулбаган байкуш! Мен сенин таштарыңды кызыл лаалдын үстүнө коём, пайдубалыңды көк жакуттан тургузам.
12
Терезелериңди кызыл лаалдан, дарбазаңды берметтен, дубал-коргондоруңдун баарын асыл таштардан жасайм.
13
Сенин уулдарыңдын баарын Теңир үйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот.
14
Сен акыйкаттык менен бекемделесиң, эзүүдөн алыс болосуң, анткени сен корко турган эч нерсе жок, коркунучтан да коркпойсуң, анткени ал сага жакын жолобойт.
15
Сага каршы куралданып чыгышат, бирок Менден эмес. Сага каршы ким куралданып чыкпасын, ал өлөт.
16
Мен темир устаны жараттым, ал оттогу чокту үйлөп, өзүнүн иши үчүн курал жасайт, кырыш үчүн Мен кыруучуну жараттым.
17
Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың. Бул – Теңирдин кулдарына Мен берген мурас жана адилдик», – дейт Теңир.
← Chapter 53
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 55 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66