bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 58
Isaiah 58
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 57
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 59 →
1
«Катуу кыйкыр, токтобо, үнүңдү сурнайдай бийик чыгар, Менин элиме өз мыйзамсыздыгын көрсөт, Жакыпка өз күнөөлөрүн көрсөт.
2
Алар адилеттүү иш кылган, өз Кудайынын мыйзамдарын таштабаган эл сыяктанып, күн сайын Мени издешет, Менин жолдорумду билгилери келет. Алар Менден адилеттүү сот тууралуу сурашат, Кудайга жакындагылары келет:
3
“Эмне үчүн биз орозо туттук? Сен болсо көрбөйсүң. Эмне үчүн биз жаныбызды кыйнадык? Сен болсо билбейсиң”. Силер орозо кармаган күнү өз эркиңерди аткарасыңар, башкалардан оор жумуштарды талап кыласыңар.
4
Силер талаш-тартыш, уруш-чатак үчүн, башкаларды кылмыштуу колуңар менен уруш үчүн орозо кармап жатасыңар. Ушул учурда силер үнүңөр асманга угулуш үчүн орозо кармап жаткан жоксуңар.
5
Мен тандап алган орозо ушундай беле? Мен тандап алган күн ушундай беле? Ал күнү адам өз жанын кыйнайт, башын камыштай шылкыйтат, өзүнүн алдына зумбал жана күл төшөйт. Ушуну Кудайга жаккан орозо деп, Кудайга жаккан күн деп айта аласыңбы?
6
Мен тандап алган орозо мындай: калптын кишендерин бошот, эзүүнүн кишендерин чеч, эзилгендерди эркиндикке чыгар, ар кандай моюнтурукту алып сал.
7
Ачка киши менен наныңды бөлүш, тентип жүргөн жакырларды үйүңө киргиз, жылаңачты көрсөң, ага кийим кийгиз, каны бир жакыныңдан жашынба».
8
Ошондо сенин жарыгың таң шооласындай төгүлөт, айыгууң тез арада келет, чындыгың алдыңда жүрөт, Теңирдин даңкы сени коштоп жүрөт.
9
Ошондо сен чакырасың, Теңир угат. Ыйлайсың, Ал: «Мен мына!» – дейт. Сен өз чөйрөңдөн эзүүнү жоготконуңда, сөөмөйүңдү көтөргөнүңдү, жаман сүйлөгөндү койгонуңда,
10
ачкага наныңды бергениңде, кыйналгандардын жанын тойгузганыңда, сенин жарыгың караңгыда жаркырайт, караңгылыгың чак түштөй болот.
11
Ошондо Теңир ар дайым сенин жол башчың болот, кургакчылыкта жаныңды тойгузат, сөөктөрүңдү чыңдайт. Ошондо сен сугарылган бактай, суусу эч качан соолубаган булактай болосуң.
12
Кылымдар бою ээн жаткан чөлдөргө сенин тукумдарың отурукташат, сен көп муундардын негизин калыбына келтиресиң. Сени урандыларды калыбына келтирүүчү, жашоо үчүн жолдорду жаңыртуучу деп аташат.
13
«Эгерде сен ишембиде, Менин ыйык күнүмдө, өзүңдүн иштериңди аткаруудан бутуңду токтото турган болсоң, ишембини кубанычтуу күн деп, Теңирдин ыйык күнү деп атай турган болсоң, ыйык тута турган болсоң, күндөлүк иштериңди кылбай, ал күндү урматтай турган болсоң, өз каалоолоруңду аткарбай турган болсоң, курулай сөздөрдү сүйлөбөй турган болсоң,
14
анда сен Теңирден кубаныч аласың. Мен сени жердин бийик жерине чыгарам. Сага атаң Жакыптын мурасынан жедирем. Бул сөздү Теңирдин Өз оозу айтып жатат.
← Chapter 57
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 59 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66