bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 45
Isaiah 45
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 44
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 46 →
1
Теңир Өзүнүн майланган Корешине мындай дейт: «Элдерди сага багынтып бериш үчүн, Мен сени оң колуңдан кармап турам, сен үчүн эшиктер ачылып, дарбазалар жабылбаш үчүн, падышалардын белинен курларын чечип алам.
2
Мен сенин алдыңда барам, тоолорду тегиздейм, жез эшиктерди кыйратам, темир кулпуларды талкалайм.
3
Сен Менин Теңир экенимди, сени атыңдан чакырган Ысрайылдын Кудайы экенимди билишиң үчүн, Мен сага караңгы жерге сакталган казыналарды жана катылган байлыктарды берем.
4
Сен Мени билбесең да, Өзүмдүн кулум Жакып үчүн, Өзүм тандап алган Ысрайылым үчүн, сени атыңдан чакырдым, сага ысым бердим.
5
Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок, Менден башка Кудай жок. Сен Мени билбесең да, Мен сенин белиңди курчадым.
6
Күн чыгыштан батышка чейинки элдер Менден башка Кудай жок экенин билиши үчүн ошенттим. Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок.
7
Мен жарыкты жасайм, караңгыны жаратам, тынчтык берем, мүшкүл түшүрөм. Мен, Теңир, ушунун баарын жасап жатам.
8
Асман, жогорудан себеле, булуттар акыйкаттык төксүн. Жер ачылып, куткаруу алып келсин, аны менен бирге акыйкат өнүп чыксын. Муну Мен, Теңир, жаратып жатам».
9
Оо Өзүнүн Жаратуучусу менен тирешкен сыныктын сыныгы! Карапачыга чопо: «Сен эмне кылып жатасың?» – деп айтмак беле? Сенин колуң менен жасалган нерсе сен жөнүндө: «Анын колу жок», – деп айтмак беле?
10
Атасына: «Сен мени эмне үчүн жарыкка чыгардың?» – деп айткан адамга, ал эми энесине: «Сен мени эмне үчүн төрөдүң?» – деп айткан адамга кайгы!
11
Ысрайылдын Ыйыгы жана Жаратуучусу, Теңир, мындай дейт: «Силер Менин уулдарымдын келечеги жөнүндө сурап жатасыңар. Мага Өзүмдүн колдорум жараткан иштерди үйрөткүңөр барбы?
12
Мен жерди жараттым жана анын үстүнө адамды жараттым. Мен, Менин колдорум асманды жайды, анын бүт кошуундарына мыйзам берген Менмин.
13
Мен аны чындык менен тургуздум, анын бардык жолдорун тегиздейм. Ал Менин шаарымды курат, Менин туткундарымды бошотот, алар үчүн кун да, белек да албайт», – дейт Себайот Теңир.
14
Теңир мындай дейт: «Мисирликтердин эмгектери, эфиопиялыктардын соодасы жана бойлуу шебалыктар сен тарапка өтөт, алар сеники болот. Алар сенин артыңдан ээрчишет, кишендери менен келип, сенин алдыңа жыгылышат. Сага: “Сенин гана Кудайың бар, андан башка Кудай жок”, – деп жалынышат».
15
Чындыгында эле, Сен Өзүн жашырган Кудайсың, Ысрайылдын Кудайысың, Куткаруучусусуң!
16
Алардын баары уятка калып, маскара болушат, алар менен бирге буркан жасагандардын баары уят болушат.
17
Ысрайыл болсо Теңир аркылуу түбөлүк куткарылуу менен куткарылат. Силер кылымдан кылымга уятка калбайсыңар, маскара болбойсуңар.
18
Анткени асманды жараткан, жерди жараткан, аны жасаган, аны орноткон, аны бекер эмес, жашоо үчүн жараткан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок.
19
Мен жашыруун айткан жокмун, Мен жердин караңгы жеринде сүйлөгөн жокмун. “Мени бекер эле издеп жүрөсүңөр”, – деп, Жакыптын тукумуна айткан эмесмин. Мен чындыкты айткан, акыйкаттыкты ачкан Теңирмин.
20
Элдердин ичинен аман калгандардын баары, чогулуп келгиле, жакын келгиле. Өзүнүн жыгач бурканын көтөрүп алып, куткарбай турган кудайына сыйынып жүргөндөр – акылсыздар.
21
Өз ара кеңешип жарыя кылгыла, айткыла. Муну байыркы замандан бери ким кабарлады? Муну ким алдын ала айтты? Теңириңер, Мен, айткан жок белем? Менден башка Кудай жок. Менден башка адилеттүү, куткара турган Кудай жок.
22
Бүт жер жүзү, Мага кайрылгыла, ошондо куткарыласыңар, анткени Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок!
23
Өзүм менен ант берем: Менин оозумдан чындык чыгат, Менин алдымда ар бир уруу баш иет, ар бир тил Мени менен ант берет деген өзгөрүлбөс сөз чыгат.
24
Мен тууралуу: “Чындык менен күч бир гана Теңирде”, – деп айтышат». Теңирге каршы чыккандардын бардыгы Анын алдына келип уят болушат.
25
Ысрайылдын бардык тукуму Теңир аркылуу акталат жана даңазаланат.
← Chapter 44
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 46 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66