bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 40
Isaiah 40
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 41 →
1
«Менин элимди соороткула, соороткула, – дейт силердин Кудайыңар.
2
Иерусалимдин жүрөгүнө айткыла, ага анын күрөшүү мезгили аяктаганын жарыя кылгыла, анын күнөөсү кечирилгенин кабарлагыла, анткени ал Теңирдин колунан өзүнүн күнөөсү үчүн эки эсе жаза алды».
3
Ээн талаада жар салган адамдын үнү: «Теңирге жол даярдагыла, талаага биздин Кудайга түз жол жасагыла.
4
Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.
5
Ошондо Теңирдин даңкы келет, ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт, анткени муну Теңир Өз оозу менен айтты».
6
Yн мындай дейт: «Кабарла!» Мен: «Эмнени кабарлайын?» – деп сурадым. Ар бир адам – чөп, анын сулуулугу талаа гүлдөрү сыяктуу.
7
Чөп куурайт, гүл соолуйт, Теңирдин деми элди үйлөгөндө, ал да чөпкө окшоп соолуйт.
8
Чөп куурайт, гүл соолуйт, ал эми биздин Кудайыбыздын сөзү түбөлүк турат.
9
Жакшы кабар таратуучу Сион, бийик тоого чык! Жакшы кабар таратуучу Иерусалим, үнүңдү катуу чыгар! Yнүңдү чыгар, коркпо, Жүйүт шаарларына: «Силердин Кудай мына!» – деп айт.
10
Мына, Кудай-Теңир күч менен, Анын каруу-булчуңу бийлик менен келе жатат. Анын белеги Өзү менен, Анын жазасы да Өзүнүн алдында.
11
Ал Өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, бооруна кысып көтөрүп жүрөт, саандарын жетелеп алат.
12
Ким сууну кочуштап өлчөдү? Ким асманды кадамдап ченеди? Ким жер топурагын идишке батырды? Ким тоолорду таразага тартты? Ким адырларды чөйчөккө салып, таразага тартты?
13
Ким Теңирдин рухун түшүндү? Ким Ага кеңешчи болду? Ким Ага акыл үйрөттү?
14
Ал ким менен кеңешет? Аны ким акылга салат? Ким Аны чындыктын жолуна салып, Ага акыл-насаат айтат? Ким Ага билим берет? Ким Ага акылмандыктын жолун көрсөтөт?
15
Мына, элдер чакадан тамган тамчыдай, таразадагы чаңдын бир бүртүгүндөй болуп эсептелинет. Мына, Ал аралдарды топурактын күкүмүндөй сапырып жатат.
16
Курмандык чалынуучу жайдын отуна Лебанон да аздык кылат, анын жаныбарлары бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка аздык кылат.
17
Анын алдында бардык элдер эч нерсе эмес. Алар Ал үчүн санда жоктуктан да, жок нерседен да төмөн болуп эсептелишет.
18
Ошондуктан силер Теңирди кимге окшоштурасыңар? Аны кайсы бейнеге салыштыра аласыңар?
19
Бурканды сүрөтчү куят, зергер аны алтын менен каптайт, күмүш чынжырларды кошо жасайт.
20
Ал эми мындай тартуу алып келе албаган адам бекем тура турган бурканды жасатыш үчүн, чирибес жыгачты тандап алып, мыкты сүрөтчүнү издейт.
21
Чын эле, силер билбейсиңерби? Чын эле, силер уккан жок белеңер? Чын эле, силерге башынан айтылган жок беле? Чын эле, силер жердин негиздерин түшүнгөн жок белеңер?
22
Ал – жер шарынын үстүндө отурган Теңир, ал эми жердин үстүндө жашагандын бардыгы Анын алдында чегиртке сыяктуу. Ал асманды жука кездемедей жазды, аны турак жай үчүн чатырдай кылып жайды.
23
Төрөлөрдү жок нерсеге, башкаруучуларды санда жоктукка айландырган – Ал.
24
Алар жаңы эле тигилип, жаңы эле себилгенде, алардын өзөгү жерге жаңы эле тамыр жайганда, Теңир аларды үйлөп койсо, алар кургап калат, аларды куюн самандай учуруп кетет.
25
«Мени кимге окшоштуруп, кимге салыштырып жатасыңар?» – дейт Ыйык.
26
Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт: Анын кудурети күчтүү болгондуктан, күч-кубаты зор болгондуктан, эч нерсе жоголуп кетпейт.
27
Анан сен кантип: «Менин жолум Теңирден жашыруун, Кудай менин ишимди унутуп койгон», – деп айтып жатасың, Жакып, Ысрайыл, сен ушундай сөздү кантип айтып жатасың?
28
Чын эле, сен билбейсиңби? Чын эле, сен бүт жер жүзүн жараткан түбөлүктүү Кудай-Теңир чарчабас жана алсырабас экенин уккан жок белең? Анын акылы изилденгис.
29
Ал чарчаганга күч берет, алсыраганга кубат берет.
30
Уландар да чарчашат, алсырашат, жаш адамдар да мүдүрүлүшөт.
31
Ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр кайрадан күчкө толушат, бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшөт, чуркашат, бирок чарчашпайт, жөнөшөт, бирок алсырашпайт.
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 41 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66