bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 14
Isaiah 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 15 →
1
Анын мезгили жакын калды, анын күндөрү кечикпейт. Анткени Теңир Жакыпка ырайым кылат, Ысрайылды кайрадан тандап алат. Аларды өз жерине көчүрөт, ошондо аларга чет жерликтер кошулат, Жакыпка жабышышат.
2
Элдер аларды өз жерине алып келишет, Ысрайыл аларды өзүнө Теңирдин жеринде кул жана күң кылып алат, аларды туткундап алгандарды туткундап алат, аларды эзгендердин үстүнөн бийлик кылат.
3
Теңир сени кайгыдан, коркунучтан, сени кулга айландырган оор эзүүдөн куткарып, сага тынчтык берген күнү
4
сен Бабыл падышасы жөнүндө мындай деп жеңиш ырын ырдайсың: «Эзүүчү жок болору менен талап-тоноочулук жок болду».
5
Теңир мыйзамсыздардын союлун, өкүмдарлардын бийлик таягын сындырды.
6
Ал таяк жаалданып, өзүнүн токтотулбас соккулары менен элдерди кырган, каарданып, ээ-жаа бербеген куугунтук менен урууларга үстөмдүк кылган.
7
Бүт жер эс алып, тынч жатат, кубанычтан кыйкырып жатат.
8
Сенин кулаганыңа кипаристер да, лебанон кедрлери да: «Сен уктап калгандан бери бизди кыйганы эч ким келген жок», – деп кубанып жатышат.
9
Сен үчүн, сени кирип бара жатканда тосуп алыш үчүн, түпкүрдөгү өлгөндөр жаткан жай кыймылга келди. Сен үчүн өлгөндөрдү, жер жүзүнүн бардык жол башчыларын ойготту, бутпарас элдердин бардык падышаларын тагынан тургузду.
10
Алардын бардыгы сага: «Сен да биз сыяктуу алсыз болуп калдың! Сен да бизге окшоп калдың!» – дешет.
11
Сенин сыймыгың арфаңдын үнү менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлдү. Астыңа курттар төшөлдү, үстүңдөгү жабууң да курт болду.
12
Таң жылдызы, таң уулу, сен асмандан кандай куладың! Элдерди тебелеп-тепсөөчү, сен жерге кулап түшүп, кандай талкаландың!
13
Бирок сен өз жүрөгүңдө мындай деп айттың эле: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам.
14
Булуттардын үстүнө чыгам, Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам».
15
Бирок сен өлгөндөр жаткан жайга, түпкүрдүн түбүнө түшүрүлдүң.
16
Сени көргөндөр сенден көзүн албай, сен жөнүндө минтип ойлошот: «Жерди солкулдатып, падышачылыктарды титиреткен киши ушул беле?
17
Ааламды чөлгө айланткан, анын шаарларын кыйраткан, өзүнүн туткундарын үйүнө коё бербеген киши ушул беле?»
18
Элдердин бардык падышалары, бардыгы урмат-сый менен өз күмбөздөрүндө жатышат.
19
Сен болсо өзүңдүн күмбөзүңдөн жарабаган бутактай болуп ыргытылдың, кылычтан өлгөндөрдүн кийиминдей болуп таш чуңкурга коюлдуң, сен тебеленген өлүктөй болдуң!
20
Сен аларга мүрзөдө кошулбайсың, анткени сен өз жериңди талкаладың, өз элиңди кырдың: мыйзамсыздык кылгандардын тукуму кылымдар бою эскерилбейт.
21
Атасынын мыйзамсыздыгы үчүн уулдарын сойгонго даярдагыла, алар көтөрүлүп чыгып, жерди ээлеп алып, ааламды душмандарга толтуруп жиберишпесин.
22
«Аларга Мен каршы чыгам, – дейт Себайот Теңир, – Бабылдын ысымын жана калдыкты, уулун да, небересин да жок кылам, – дейт Теңир.
23
Аны кирпилерге мурас кылып берем, саз кылам, аны кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салам», – дейт Себайот Теңир.
24
Себайот Теңир мындай деп ант берип жатат: «Мен кандай ойлосом, ошондой болот; Мен кандай чечсем, ошондой аткарылат.
25
Ашурду Өзүмдүн жеримде талкалайм, аны Өзүмдүн тоолорумда тебелейм, ошондо алардын мойнунан анын моюнтуругу түшөт, алардын ийининен анын жүгү алынат».
26
Бүт жер жүзү жөнүндө чечилген чечим ушундай, бардык элдерге сунулган кол ушул!
27
Анткени Себайот Теңир чечти, аны ким жокко чыгара алат? Анын колу сунулуу, ким аны тарта алат?
28
Ахаз падыша өлгөн жылы мындай пайгамбарчылык сөз болгон:
29
«Пелиштиликтердин жери, сени кыйраткан таяктын талкаланганына кубанба, анткени жылан тукумунан уулуу жылан чыгат, анын тукуму учуп жүрүүчү ажыдаар болот.
30
Ошондо кедейлер тоюшат, жакырлар коопсуз жатышат, ал эми сенин тукумуңду ачарчылык менен кырам, ал сенин калдыгыңды жок кылат.
31
Дарбазалар, ыйлагыла! Шаар, улуп-уңшуп ыйла! Бүт Пелишти жери, сен кыйрайсың, анткени түндүктөн түтүн каптап келе жатат, алардын аскерлеринин арасында артта калганы жок».
32
Элдин кабарчылары эмне дешет болду экен? Алар: «Теңир Сионду бекемдеди, ал жерден Анын элинин жакырлары баш паана табышат», – дешет.
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66