bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 51
Isaiah 51
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 50
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 52 →
1
Чындыкка умтулгандар, Теңирди издегендер, Мага кулак салгыла! Өзүңөр чабылып алынган асканы, өзүңөр суурулуп алынган чуңкурдун тереңин карагыла.
2
Атаңар Ыбрайымды жана силерди төрөгөн Саараны карагыла, анткени Мен жалгыз аны чакырдым, ага батамды берип, аны көбөйттүм».
3
Теңир Сионду ушинтип сооротот, анын бүт урандыларын сооротот, анын чөлдөрүн бейиштей кылат, ээн талааларын Теңирдин багындай кылат. Ал жерде кубаныч жана шаттык болот, даңктоо сөздөр жана ырлар болот.
4
«Элим, Мени ук! Уруум, Мага кулак сал! Анткени мыйзам Менден чыгат, Өзүмдүн акыйкаттыгымды элдер үчүн жарык кылып коём.
5
Менин чындыгым жакын. Менин куткаруум чыгып келе жатат. Менин каруу-булчуңум элдерди соттойт. Аралдар Менден үмүттөнүшөт, Менин каруу-булчуңума таянышат.
6
Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, төмөн жактагы жерди карагыла, анткени асман түтүндөй болуп жок болуп кетет, жер кийимдей эскирет, анын тургундары да өлүп жок болушат. Ал эми Менин куткаруум түбөлүк турат, Менин чындыгым жок болбойт.
7
Чындыкты билгендер, жүрөгүндө Менин мыйзамымды сактаган эл, Мага кулак салгыла! Адамдардын акарат айтканынан коркпогула, алардын жаман сөздөрүнөн үрөйүңөр учпасын.
8
Анткени күбө аларды кийим жегендей жейт, курт аларды жүн жегендей жейт. Ал эми Менин чындыгым түбөлүк турат, Менин куткаруум кылымдан кылымга турат».
9
Тур, тур, Теңирдин каруу-булчуңу, күч менен курчан! Байыркы күндөрдөгүдөй, байыркы тукумдардын убагындагыдай тур! Раапты жара чапкан сен эмес белең? Ажыдаарды өлтүргөн сен эмес белең?
10
Деңизди, зор туңгуюктун сууларын кургаткан, куткарылгандар өтсүн деп, деңиз тереңдиктерин жолго айланткан сен эмес белең?
11
Теңир куткарган адамдар кайрылып келишет, Сионго ыр менен келишет, алардын башында түбөлүк кубаныч болот, алар кубанышат жана шаттанышат, кайгы менен үшкүрүк жоголот.
12
«Мен, Мен Өзүм силердин Сооротуучуңар болом. Өлө турган адамдан, чөптөн айырмасы жок адам баласынан корккон сен кимсиң?
13
Асманды жайган, жерди негиздеген өзүңдүн Теңириңди, Жаратканыңды, сен эсиңден чыгарып жатасың. Эзүүчү жок кылганга даяр тургансып, дайыма, күн сайын анын каарынан коркосуң. Бирок эзүүчүнүн каары кана?
14
Жакында туткун эркиндикке чыгарылат, чуңкурда өлбөйт, нанга муктаж болбойт.
15
Мен сенин деңизди толкуткан Кудай-Теңириңмин, ошондуктан анын толкундары шарпылдап жатат. Анын ысымы – Себайот Теңир.
16
Асманды жайгаштырыш үчүн, жерди негиздеш үчүн, Сионго: “Сен Менин элимсиң!” – деш үчүн, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салам, Өзүмдүн колумдун көлөкөсү менен сени жабам».
17
Ойгон, ойгон, Иерусалим, тур, сен Теңирдин колунан Анын каарына толгон чөйчөктү ичтиң, мас кылуучу чөйчөктү түбүнө чейин калтырбай ичтиң!
18
Андан төрөлгөн уулдардын ичинен аны алып жүрүүгө эч ким чыккан жок, ал өстүргөн уулдардын ичинен аны колунан кармап жүрүүгө эч ким болгон жок.
19
Сени эки кырсык басты, сени ким аяйт? Талкалануу, кыргын, ачарчылык жана кылыч: сени ким сооротот?
20
Сенин уулдарың алсырап калышты, бардык көчөлөрдүн булуң-бурчунда Теңирдин каарына, Кудайыңдын ачуусуна толгон торго түшкөн жейрендердей болуп жатышат.
21
Ошондуктан, азап чегүүчү жана шарап ичпей мас болгон адам, муну ук.
22
Сенин Теңириң, Өз эли үчүн өч алуучу Кудайың жана Теңириң мындай дейт: «Мен сенин колуңдан мас кылуучу чөйчөктү, Менин каарыма толгон чөйчөктөгү ачыткыны алып жатам: сен эми аларды ичпейсиң.
23
Мен ал чөйчөктү сени кыйноочулардын колуна берем. Алар сага: “Төмөн жыгыл, биз сенин үстүңөн өтөлү”, – дешкен. Сен өзүңдүн кыр аркаңды нары-бери өткөндөр үчүн жердей жана көчөдөй кылгансың».
← Chapter 50
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 52 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66