bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 60
Isaiah 60
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 59
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 61 →
1
«Тур, жаркыра, Иерусалим, анткени сенин жарыгың келди, Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты!
2
Анткени мына, жерди караңгылык, элдерди коюу караңгылык каптаганы жатат. Ал эми сенин үстүңдөн Теңир жаркырайт, Анын даңкы сенин үстүңө келет.
3
Ошондо сенин жарыгыңа элдер келишет, сенин үстүңдөн чыгып келе жаткан жаркыроого падышалар келишет.
4
Башыңды көтөрүп, айланаңды кара: алар бардыгы чогулуп, сага келе жатышат. Алыстан уулдарың келе жатат, кыздарыңды колдоруна салып көтөрүп келе жатышат.
5
Ошондо көрүп кубанасың, жүрөгүң дүкүлдөп кеңейет, анткени деңиздин байлыгы сага бурулат, элдердин энчиси сага өтөт.
6
Сенин жериңди көп сандаган төөлөр, Мидиан менен Эйпанын наарлары каптайт. Алардын баары Шебадан алтын менен ладан жүктөп келип, Теңирдин даңкын жар салышат.
7
Кейдардын бүт койлору сага чогулуп келет, Небайоттун кочкорлору сага кызмат кылат. Алар Менин курмандык чалынуучу жайыма Мага жаккан курмандык болуп чыгат, ошондо Мен Өзүмдүн даңкымдын үйүн даңазалайм.
8
Булуттардай учуп келе жатышкан булар кимдер? Өздөрүнүн кептерканасына көгүчкөндөрдөй болуп учуп келе жатышкан булар кимдер?
9
Чындыгында, Мени аралдар күтүп жатат, сенин уулдарыңды алыстан алтын-күмүшү менен кошо Кудай-Теңириңдин ысымы үчүн жана Ысрайылдын Ыйыгы үчүн алып келиш үчүн, алардын алдында Таршыш кемелери күтүп турат, анткени Ал сени даңктады.
10
Ошондо чет жерликтердин уулдары сенин дубалдарыңды курушат, алардын падышалары сага кызмат кылышат, анткени Мен сени каарданып жатканымда кыйраткам, бирок сага Өзүмдүн ырайымым менен ырайым кылам.
11
Сенин дарбазаң дайыма ачык турат, элдердин байлыгы сага жеткирилип турушу үчүн, алардын падышалары сага алып келинип турушу үчүн, дарбазаң күнү-түнү жабылбайт.
12
Анткени сага кызмат кылгысы келбеген элдер менен падышачылыктар кырылат, андай элдер таптакыр кырылат.
13
Сага Лебанондун атак-даңкы келет, Менин ыйык жайымды жасалгалаш үчүн, кипарис, чынар, кедр дарактары келет. Ошондо Мен бутум турган жерди даңктайм.
14
Сени эзгендердин уулдары баштарын ийип алдыңа келишет, сени жек көргөндөрдүн баары бут алдыңа жыгылышат. Сени Теңирдин шаары, Ысрайылдын Ыйыгынын Сиону деп аташат.
15
Сен ташталып, жек көрүндү болгонсуң, сен аркылуу эч ким өтпөй калган, бирок Мен сени түбөлүккө улуу кылам, кылымдан кылымга кубанычка бөлөйм.
16
Сен элдердин сүтүнө тоёсуң, падышалардын эмчегин эмесиң, ошондо сен Менин Теңир экенимди, сенин Куткаруучуң жана Сактап Калуучуң экенимди, Жакыптын Күчтүүсү экенимди билесиң.
17
Мен сага жездин ордуна алтын, темирдин ордуна күмүш, жыгачтын ордуна жез, таштын ордуна темир жеткирип турам. Сенин башкаруучуңдун ордуна тынчтыкты, күзөтчүңдүн ордуна чындыкты коём.
18
Мындан ары сенин жериңде зордук-зомбулук деген угулбайт, сенин аймагыңда кыйратуу, талап-тоноо деген угулбайт. Дубалдарыңды куткаруучум деп, дарбазаңды атак-даңкым деп атайсың.
19
Мындан ары күн сага өзүнүн күндүзгү жарыгы менен кызмат кылбайт, айдын жарыгы жарык бербейт, бирок сенин түбөлүктүү жарыгың Теңир болот, сенин даңкың Кудай болот.
20
Мындан ары күнүң батпайт, айың жашынбайт, анткени Теңир сен үчүн түбөлүк жарык болот. Сенин кайгылуу күндөрүң бүтөт.
21
Сенин бүт элиң адил болот, Менин колумдан чыккан, Мен отургузган бутак Мени даңкташ үчүн, жерге түбөлүккө ээ болот.
22
Аздан миң, эң начардан күчтүү эл чыгат. Мен, Теңир, муну өз убагы келгенде тездетем».
← Chapter 59
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 61 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66