bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 19
Isaiah 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 20 →
1
Мисир жөнүндө пайгамбарчылык. Мына, Теңир жеңил булутка отуруп алып, Мисирге келе жатат жана Анын жүзүнөн Мисир буркандары титирейт, Мисирдин жүрөгү түшөт.
2
«Мен мисирликтерди өздөрүнө каршы куралдандырам. Ошондо бир тууган бир тууганга каршы, дос доско каршы, шаар шаарга каршы, падыша падышага каршы салгылашат.
3
Ошондо Мисирдин руху алсырайт, алардын кеңешин бузам. Ошондо алар буркандарга, сыйкырчыларга, өлгөндөрдү чакыргандарга, төлгөчүлөргө кайрылышат.
4
Мисирликтерди ырайымсыз өкүмдардын колуна салып берем, аларга катаал падыша бийлик кылат», – дейт Теңир, Себайот Теңир.
5
Деңиз суулары соолуйт, дарыя какшыйт.
6
Өзөндөр сасыйт, Мисирдин каналдары какшыйт, жылгындар менен камыштар куурайт.
7
Дарыянын боюндагы талаалар, дарыянын жээктери, дарыяны бойлото эгилгендин баары куурайт, шамал учуруп жок болот.
8
Балыкчылар ыйлашат, дарыяга кайырмак салгандардын баары боздошот, сууга тор жайгандардын ындыны өчөт.
9
Зыгыр иштеткендердин, ак кездеме токуучулардын айласы кетет.
10
Тосмолордун негизи талкаланат, тирүү балык кармаган тору бар адамдардын баарынын көңүлдөрү чөгөт.
11
Соан башчылары акылынан ажырашты. Фараондун акылдуу кеңешчилери берген кеңеш маанисиз кеңеш болуп калды. Силер фараонго: «Мен акылмандардын уулумун, байыркы падышалардын уулумун», – деп, кантип айтасыңар?
12
Эми алар кана? Кана сенин акылмандарың? Алар сага айтышсын, Себайот Теңирдин Мисир жөнүндө кандай чечим чыгарганын билишсин.
13
Соан башчылары акылдан адашышты, Ноп мырзалары алданып калышты, анын уруу башчылары Мисирди тескери жолго салышты.
14
Теңир ага мас кылуучу рухту жиберди. Өз кусундусуна оонаган мастай кылып, алар Мисирди бардык ишинде адаштырышты.
15
Мисирде баш да, куйрук да, пальма бутагы да, камыш да эч нерсе кыла албайт.
16
Ошол күнү мисирликтер аялдарга окшоп калышат, Себайот Теңирдин аларга көтөрүлгөн колунан коркуп титирешет.
17
Жүйүт жери Мисирдин үрөйүн учурган жер болуп калат. Жүйүт жөнүндө эстеген адам Себайот Теңирдин Мисирге чыгарган өкүмүнөн титирейт.
18
Ошол күнү Мисир жериндеги беш шаар канаан тилинде сүйлөп, Себайот Теңир менен ант берет. Алардын бири Күн шаары деп аталат.
19
Ошол күнү Теңирге арналган курмандык чалынуучу жай Мисирдин ортосунда болот жана Теңирге арналган эстелик анын чек арасында болот.
20
Ал Мисир жеринде Себайот Теңир жөнүндө эскерткен белги жана күбөлөндүрүү болот. Анткени алар Теңирге эзүүчүлөрдүн айынан кайрылышат, ошондо Теңир аларга куткаруучу менен арачыны жиберип, аларды куткарып алат.
21
Ошондо Мисирде Теңир Өзүн көрсөтөт, ошол күнү мисирликтер Теңирди таанышат, курмандыктарды чалышат, тартууларды алып келишет, Теңирге убадаларды беришет, аларды аткарышат.
22
Ошентип, Теңир Мисирди урат да айыктырат. Алар Теңирге кайрылышат, Теңир аларды угуп, айыктырат.
23
Ошол күнү Мисир менен Ашурдун ортосуна чоң жол салынат, ошондо ашурлуктар Мисирге, мисирликтер Ашурга келип турушат. Мисирликтер ашурлуктар менен бирге Теңирге кызмат кылышат.
24
Ошол күнү Ысрайыл Мисир менен Ашурдан кийин үчүнчү болот, Кудайдын батасы жердин ортосунда болот.
25
Анткени Себайот Теңир ал жерге: «Менин элим – мисирликтер баталуу, Менин колумдун иши – ашурлуктар баталуу, Менин мурасым – Ысрайыл эли баталуу», – деп бата берет.
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66