bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 37
Isaiah 37
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 36
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 38 →
1
Хиския падыша муну укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, Теңир үйүнө барды.
2
Ал падыша сарайынын башчысы Элийакимди, катчы Шебнаны жана зумбал жамынган башкы ыйык кызмат кылуучуларды Амостун уулу Ышайа пайгамбарга жөнөттү.
3
Алар ага келип, мындай деп айтышты: «Хиския мындай дейт: Бул күн – кайгы тарта турган, жазалана турган, маскаралана турган күн, анткени курсактагы балдар жатындын оозуна келип калышты, бирок энелердин төрөгөнгө күчү жок.
4
Тирүү Кудайга акарат келтирип, тил тийгизиш үчүн, мырзасы, Ашур падышасы жиберген Рапшактын сөздөрүн Кудай-Теңириң угуп, ушул сөздөрдү айткандыгы үчүн, аны жазаласа экен. Тирүү калган эл үчүн сыйын».
5
Хиския падышанын кызматчылары Ышайага келишти.
6
Ышайа аларга мындай деди: «Мырзаңарга мындай деп айткыла: Теңир мындай дейт: “Ашур падышасынын кызматчыларынын Мага тил тийгизип айткан сөздөрүнөн коркпо.
7
Мен ага бир рух жиберем, ал бир кабар угуп, өз жерине кайтат, ошондо Мен аны өз жеринде кылыч менен өлтүрөм”».
8
Рапшак Ашур падышасынын Лакиштен кеткенин угуп, кайтып келсе, ал Либна менен согушуп жатыптыр.
9
Ашур падышасына Эфиопия падышасы Тирак жөнүндө «Ал сени менен согушууга чыкты» деген кабар айтышты. Ал муну угары менен элчилерин Хискияга жөнөтүп, мындай деп айттырды:
10
«Жүйүт падышасы Хискияга мындай деп айткыла: “Сен таянган Кудайың: "Иерусалим Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт", – деп, сени алдабай эле койсун.
11
Ашур падышаларынын башка жерлерди эмне кылганын, аларды талкалаганын уккансың да, анан сен аман калмак белең?
12
Менин ата-бабаларым бүлүнткөн элдерди кудайлары сактап калды беле? Гозан, Харан жана Ретсеп Теласардагы Эден уулдарын сактап калышты беле?
13
Хамат, Арпат, Сепарбайым, Эйна жана Иба шаарларынын падышалары кана?”»
14
Хиския элчилердин колунан катты алып окуду да, Теңир үйүнө барып, аны Теңирдин алдына жайды.
15
Анан Хиския Теңирдин алдында мындай деп сыйынды:
16
«Керуптардын үстүндө отурган Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир! Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын Кудайы жалгыз Сенсиң, асман менен жерди Сен жараткансың.
17
Теңир, кулак сала көр, Теңир, көздөрүңдү ачып, назар сала көр. Киши жиберип, тирүү Кудай Сага тил тийгизген Санхейриптин сөздөрүн ук.
18
Оо Теңир, Ашур падышаларынын бүт өлкөлөрдү, алардын жерлерин кыйратышканы чын.
19
Алардын кудайларын отко ыргытышкан, бирок алар кудайлар эмес эле, адамдын колу менен жасалган буюм, жыгач, таш болчу. Ошондуктан аларды жок кылышкан.
20
Кудай-Теңирибиз, эми бизди анын колунан сактай көр, ошондо, Теңир, Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык падышачылыктар билишет».
21
Амостун уулу Ышайа Хискияга мындай деп айттырып жиберди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин Ашур падышасы Санхейрип жөнүндөгү сыйынууңду уктум.
22
Теңирдин ал жөнүндө айткан сөзү мындай: Сиондун эркек көрө элек кызы сени жек көрөт, сени шылдыңдап күлөт, Иерусалим кызы артыңдан башын чайкайт.
23
Сен кимге тил тийгиздиң, кимди шылдыңдадың? Кимге үнүңдү көтөрдүң, кимге текеберденип карадың? Ысрайылдын Ыйыгына.
24
Кулдарың аркылуу Теңирге акарат келтирип: "Мен өзүмдүн көп сандаган майдан арабаларым менен тоолордун чокусуна, Лебанондун эң бийик жерлерине чыктым. Эми анын бийик кедр дарактарын, эң сонун кипаристерин кыям, анын эң алыскы жерлерине, эң жакшы токоюна келем.
25
Кудук казып, суу ичтим. Эми Мисирдин бардык дарыяларын таманым менен какшытам", – дедиң.
26
Муну Мен мурун эле кылганымды, байыркы заманда эле алдын ала белгилеп койгонумду уккан жок белең? Сен азыр ошону ишке ашырдың, чептүү шаарларды кыйратып, үйүлгөн урандыга айланттың.
27
Алардын тургундары кайратын жоготуп, титиреп, уятка калып жатышат. Алар талаадагы чөптөй, назик өсүмдүктөй, чатырдын үстүнө чыккан чөптөй, баш алгыча эле күйүп кеткен эгиндей болушту.
28
Мен сенин отурганыңды да, чыкканыңды да, киргениңди да – баарын билем. Мага текеберденип тил тийгизгениңди да билем.
29
Мага текеберденип тил тийгизгендигиң үчүн, менменсингендигиң Менин кулагыма жеткендиги үчүн, Мен сенин танооңо шакегимди, оозуңа ооздугумду салып, келген жолуң менен артка кетирем.
30
Хиския, сага мындай жышаан берем: бул жылы түшүп калган дандан өсүп чыкканын, кийинки жылы өзү өсүп чыкканын жегиле, ал эми үчүнчү жылы аштык сээп оруп алгыла, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жегиле.
31
Жүйүт тукумунун аман калгандары кайрадан тамырын төмөн жайып, жогору жагынан түшүм берет.
32
Анткени Иерусалимден калдык чыгат, Сион тоосунан куткарылгандар чыгат”. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.
33
Ошондуктан Теңир Ашур падышасы жөнүндө мындай дейт: “Ал бул шаарга кирбейт, ал жакка бир да жебе атпайт, ага калкан менен да жакын келбейт, ага каршы жал үйбөйт.
34
Келген жолу менен артка кайтат, бул шаарга кирбейт, – дейт Теңир.
35
Мен бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн куткарам жана коргойм”».
36
Ошондо Теңирдин периштеси чыгып, Ашур кошуунунан жүз сексен беш миң адамды өлтүрдү. Эртең менен туруп, өлүп жаткан адамдарды көрүштү.
37
Ошондо Ашур падышасы Санхейрип артка чегинип, келген жолу менен артка кайтты. Ал өзү жашаган Нинебиге кайтып барды.
38
Ал өзүнүн кудайы Нисрох үйүндө табынып жатканда, аны уулдары Адрамелек менен Саретсер кылыч менен өлтүрүп, Арарат жерине качып кетишти. Анын ордуна уулу Эйсар-Хадон такка отурду.
← Chapter 36
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 38 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66