bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 7
Isaiah 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 8 →
1
Узиянын уулу, Жотамдын уулу, Жүйүт падышасы Ахаздын убагында Сирия падышасы Ретсин менен Ысрайыл падышасы Ремалиянын уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн, ага каршы согуш ачышты, бирок басып ала алышкан жок.
2
Дөөттүн тукумуна: «Сириялыктар эпрайымдыктардын жерине келип жайгашышты», – деп билдиришти. Ошондо токойдогу дарактар шамалдан дирилдегендей, анын да, элинин да жүрөгү дирилдеди.
3
Ошондо Теңир Ышайага мындай деди: «Сен уулуң Шейар-Жашуп менен жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн аягынан Ахазды тосуп чыгып,
4
ага мындай дегин: Сак бол, тынчсызданба, ушул түтөгөн чычалалардын эки учунан – Ретсиндин, сириялыктардын жана Ремалиянын уулунун жалындаган каарынан үрөйүң учпасын, жүрөгүң түшпөсүн.
5
Сирия, Эпрайым жана Ремалия уулу сага каршы жамандык ойлоп, мындай деп жатышат:
6
“Жүйүткө барып, бүлгүн салып, басып алалы, ал жерге Табейалдын уулун падыша кылып коёлу”.
7
Бирок Теңир мындай дейт: “Бул оюңар ишке ашпайт жана ордунан чыкпайт.
8
Анткени Сириянын борбору – Дамаск, ал эми Дамасктын башчысы – Ретсин. Бирок алтымыш беш жылдан кийин эпрайымдыктар эл болуудан калат.
9
Эпрайымдыктардын борбору – Самария, ал эми Самариянын башчысы – Ремалия уулу. Эгерде ишенбесеңер, анда туруштук бере албайсыңар”».
10
Теңир Ахазга сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:
11
«Кудай-Теңириңден өзүңө жышаан сура. Жышаанды түпкүрдөн же жогорудан көрсөтүүсүн сура».
12
Ахаз болсо: «Сурабайм, Теңирди сынабайм», – деди.
13
Ошондо Ышайа мындай деди: «Дөөттүн тукуму, уксаңар боло! Адамдарды кыйнаганыңар аз келгенсип, менин Кудайымды да кыйнагыңар барбы?
14
Ошон үчүн силерге Теңир Өзү аян берет: Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, Ага Эмануел деген ат коюшат.
15
Ал жаман нерсени четке кагууну, жакшы нерсени тандап алууну түшүнгөнгө чейин, сүт жана бал менен тамактанат.
16
Анткени ал бала жаман нерсени четке кагууну, жакшы нерсени тандап алууну түшүнгөнгө чейин, сен корккон ал жерди өзүнүн эки падышасы калтырып кетет.
17
Бирок Теңир сенин башыңа, элиңдин башына, атаңдын тукумунун башына Эпрайым Жүйүттөн бөлүнгөндөн бери болуп көрбөгөн күндөрдү салат, Ашур падышасын алып келет».
18
Ошол күнү мындай болот: Теңир Мисир дарыясынын куймасындагы чымынга жана Ашур жериндеги аарыга белги берет.
19
Алар учуп келип, ээн калган өрөөндөргө, аскалардын жаракаларына, тикенектүү бадалдарга, бак-дарактарга конушат.
20
Ошол күнү Теңир дарыянын аркы өйүзүндөгү жалданган устара менен – Ашур падышасы менен чачыңарды, бутуңардагы түгүңөрдү кырат, атүгүл, сакалыңарды алат.
21
Ошол күнү мындай болот: бир кунажын, эки кой баккан адам
22
алардын берген сүтүнүн молдугунан май жейт. Ушул жерде калгандардын бардыгы май жана бал менен азыктанышат.
23
Ошол күнү мындай болот: миң күмүш тыйын турган миң жүзүм сабагы өскөн жерлердин баарын коко тикендер, тикенектүү бадалдар каптайт.
24
Ал жерге жаа менен, жебе менен барышат, анткени бардык жерди коко тикен, тикенектүү бадал каптайт.
25
Ошондо коко тикен менен тикенектүү бадалдан коркуп, соко менен тазаланган тоолордун бирине да барбайсың. Ал жакка өгүздөрдү айдап жиберишет, ал жерлерди койлор тебелейт.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66