bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 57
Isaiah 57
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 56
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 58 →
1
Адил адам өлөт, бирок эч ким анын өлгөнүн жүрөгүнө кабыл кылбайт. Такыбаа адамдар жерден алынат, адил адамдын жамандыктан куткарылып алынганын эч ким түшүнбөйт.
2
Ал тынч жайга кетет. Түз жол менен жүргөндөр өз төшөгүндө тынч жатышат.
3
«Силер болсо бери келгиле, сыйкырчынын уулдары, бузулган адамдын жана аягы суюк аялдын тукуму!
4
Силер кимди шылдыңдап жатасыңар? Кимге каршы оозуңарды ачып, тилиңерди кимге чыгарып жатасыңар? Силер кылмыштын балдарысыңар, калптын тукумусуңар.
5
Ар бир жашыл дарактын түбүндөгү буркандарга кумардангандар, суу жээктеринде, аскалардын жаракаларында балдарды сойгондор силер эмес белеңер?
6
Сенин үлүшүң суулардын жылма таштарында. Алар, алар сенин үлүшүң. Аларга сен куюлуучу курмандыкты куясың, курмандыктарды чаласың: Мен буга ыраазы болмок белем?
7
Эң бийик, көрүнүктүү тоого сен өзүңдүн жатчу жайыңды орнотосуң, ошол жакка курмандык чалыш үчүн чыгасың.
8
Эшиктин артына, ошондой эле кашектердин артына эстетүүчү белгилериңди коёсуң, анткени сен Менден бурулуп кеткенден кийин, жылаңачтанып, ошол жакка чыгасың. Жаткан жайыңды кеңейтесиң, ким менен жатканды жакшы көрсөң, ошолор менен макулдашып, орун караштырасың.
9
Сен жыпар жыттуу май алып, падышага да баргансың, майларыңды көбөйткөнсүң, элчилериңди алыс жактарга жибергенсиң, өлгөндөр жаткан жайга чейин кемсингенсиң.
10
Өзүңдүн узак жолуңдан чарчагансың, бирок «Yмүт үзүлдү!» деген жоксуң, өз колуңдан күч таап тургансың, ошондуктан сен алсыраган жоксуң.
11
Ишенимсиз болуп калгыдай, Мени эсиңерден чыгаргыдай, Мени жүрөгүңдө сактабай калгыдай, кимден коркуп, кимден үрөйүң учту? Мен унчукпай койгондон эмеспи? Көпкө унчукпай койгондон эмеспи? Сен Менден коркпойсуң!
12
Мен сенин чындыгыңды жана иштериңди көрсөтөм. Алар сага пайда алып келбейт.
13
Сен өкүргөндө, чогулткан буркандарың сени куткарабы? Алардын баарын шамал учуруп кетет, айдаган жел туш-тушка чачыратат. Ал эми Мага таянган адам жерди мурастап алып, Менин ыйык тоомо ээ болот».
14
Анан мындай деди: «Түздөгүлө, түздөгүлө, жолду бошоткула, Менин элимдин алдынан бөгөттү алып салгыла».
15
Анткени Улуу, Даңкталган, Түбөлүк Жашоочу, Ысымы Ыйык мындай деп жатат: «Мен бийик асмандын үстүндө жана ыйык жайда жашайм, ошондой эле моюн сунгандардын рухун тирилтиш үчүн, кайгыргандардын жүрөгүн тирилтиш үчүн, кайгыргандар менен, руху менен моюн сунгандар менен бирге жашайм.
16
Анткени Мен түбөлүккө талаш-тартыш жүргүзбөйм, акырына чейин каарданбайм, болбосо Менин алдымда Мен жараткан рух жана Мен жараткан ар бир тирүү жан алсырап калат.
17
Анын дүнүйөкордук күнөөсү үчүн Мен каардандым, аны урдум, жүзүмдү жашырдым, ачууландым. Ал болсо бурулуп кетип, өз жүрөгүнүн жолу менен жүрдү.
18
Мен анын жолдорун көрдүм, Мен аны айыктырам, Мен аны алып жүрөм, Мен аны жана анын кайгыргандарын сооротом.
19
Мен “Тынчтык, алыскыларга да, жакынкыларга да тынчтык” деген сөзүмдү аткарам, – дейт Теңир. – Мен аны айыктырам».
20
Мыйзамсыздар болсо алай-дүлөй болуп толкундаган, тынч ала албаган, суулары балыр менен баткакты бүркүп чыгарган деңиздей.
21
«Мыйзамсыздарга тынчтык жок», – дейт менин Кудайым.
← Chapter 56
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 58 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66