bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 5
Isaiah 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 6 →
1
Өзүмдүн Сүйүктүүмө Сүйүктүүмдүн жүзүмзары жөнүндөгү ырын ырдап берейин. Менин Сүйүктүүмдүн жемиштүү дөңсөөнүн башында жүзүмзары бар эле.
2
Ал аны тосмо менен курчады, аны таштарынан тазалады, ага тандалган жүзүм сабактарын отургузду, ортосуна мунара тургузду, анын ичине жүзүм сыгылуучу жай казды, анан жакшы жүзүм берет деп күттү, бирок ал жапайы мөмө берди.
3
«Эми, Иерусалимдин тургундары, Жүйүттүн эркектери, жүзүмзарым экөөбүзгө калыс болгула.
4
Жүзүмзарым үчүн дагы эмне кылышым керек эле, мен ага эмнени кылбай койдум? Мен аны жакшы жүзүм берет деп күтсөм, эмне үчүн ал жапайы мөмө берди?
5
Эми Мен силерге жүзүмзарымды эмне кыларымды айтып коёюн: анын тосмосун алып салам, ошондо ал талкаланат; дубалдарын уратам, ошондо ал тебеленет.
6
Аны кароосуз калтырам, анын бутактарын кыйышпайт, түбүн тегерете казып жумшартышпайт, аны тикенек жана отоо чөп басат, анын үстүнө жамгыр төкпөгүлө деп, булуттарга буйрук берем».
7
Себайот Теңирдин жүзүмзары – Ысрайыл тукуму, Ысрайыл эркектери – Анын жакшы көргөн көчөттөрү. Ал адилеттикти күттү, бирок мына, кан төгүлүү; Ал акыйкаттыкты күттү, бирок мына, ый.
8
Кайгы силерге, жерде өзүңөр эле жашап жаткансып, башкаларга жер калтырбай, үй үстүнө үй, талаа үстүнө талаа кошкондор!
9
Себайот Теңир менин кулагыма мындай деп айтты: «Ушул көп сандаган үйлөр бош калат, чоң, кооз үйлөрдө эч ким жашабай калат.
10
Жүзүмзардын он бөлүгү бир бат түшүм берет, себилген бир хомер дан араң эле бир эйфа дан берет».
11
Таң заардан күчтүү ичимдик издеп, түн киргенче шарап ичип мас болуп отургандарга кайгы!
12
Алар тойлорунда лира, арфа чертишет, дап кагышат, чоор тартышат, шарап ичишет, бирок Теңирдин иштерин карашпайт, Анын колдору кылган иштер жөнүндө ойлошпойт.
13
Ошон үчүн Менин элим күтүлбөгөн жерден туткундалып кетет, төрөлөрү ачкачылыкка дуушар болушат, байлары чаңкашат.
14
Ошон үчүн өлгөндөр жаткан жай кеңейип, оозун араандай ачты. Ал жакка алардын даңкы да, шаан-шөкөтү да, алар менен чогуу шапар тепкендер да түшөт.
15
Ошондо адам башын жерге салат, эркек моюн сунат, текеберлердин көзү жер карайт.
16
Теңир Себайот болсо сотто жогору көтөрүлөт, ыйык Кудай Өзүнүн ыйыктыгын чындык менен көрсөтөт.
17
Ошондо койлор өз эрки менен жайылат, байлардан калган оттуу жайыттарда башкалардын койлору оттошот.
18
Мыйзамсыздыкты курулай убаракерчиликтин жиби менен сүйрөп жүргөндөргө, арабаны божу менен сүйрөгөндөй, күнөөнү сүйрөп жүргөндөргө кайгы!
19
Алар мындай дешет: «Ал шашылсын, Ал Өз ишин тездетсин, биз көрөлү, Ысрайылдын ыйык Кудайынын чечими жакындасын, ишке ашсын, ошондо биз билебиз».
20
Жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге, караңгыны жарык деп, жарыкты караңгы деп эсептегендерге, ачууну таттуу деп, таттууну ачуу деп эсептегендерге кайгы!
21
Өздөрүн акылман эсептегендерге, өзүнө өзү акылдуу көрүнгөндөргө кайгы!
22
Шарапты коркпой ичкендерге, күчтүү ичимдикти кыйын даярдагандарга кайгы!
23
Пара үчүн айыптууну актап, айыпсызга күч көрсөтүп жаткандарга кайгы!
24
Мына ошон үчүн саманды от жалмагандай, чөптү жалын жок кылгандай, алардын тамыры күйүп жок болот, алардын гүлү топурактай сапырылат. Анткени алар Себайот Теңирдин мыйзамын четке кагышты, Ысрайылдын Ыйыгынын сөзүн жек көрүштү.
25
Мына ошон үчүн Теңир Өз элине каарданып, аларга колун сунуп жазалайт, ошондо тоо солкулдап, алардын өлүктөрү көчөлөрдөгү кыктай болот. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
26
Ал алыстагы элдерге туу көтөрөт, жер кыйырында жашаган элге белги берет. Мына ошондо ал оңой эле, тез эле жетип келет.
27
Анын арасында чарчаганы да, алсыраганы да болбойт, бир да адам уктабайт да үргүлөбөйт, анын белинен куру чечилбейт, бут кийиминин боосу үзүлбөйт.
28
Жаалары курчутулган, жебелери тартылган, аттарынын туяктары таштай катуу, арабалары куюндай.
29
Анын күрүлдөгөнү ургаачы арстандыкындай. Ал жаш арстандай айкырат, өкүрүп келип олжосун баса калып, алып кетет, эч ким андан олжону тартып албайт.
30
Ошол күнү ал ага күркүрөгөн деңиздей айкырат, ошондо ал жерди карайт, мына ошондо ал жерди караңгылык, кайгы каптаганын, асманда жарык өчкөнүн көрөт.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66