bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 1
Jeremiah 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 2 →
1
Бенжемин жериндеги Анатотто жашаган ыйык кызмат кылуучулардын бири Хилкиянын уулу Жеремиянын сөздөрү.
2
Ага Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда, анын падышачылыгынын он үчүнчү жылында Теңирден сөз болду.
3
Ага Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин тушунда, Жүйүт падышасы Жошия уулу Ситкиянын падышачылыгынын он биринчи жылынын акырына чейин, Иерусалимдегилер туткундалып кеткенге чейинки бешинчи айда Теңирден дагы сөз болду.
4
Ошондо Теңирден мага мындай сөз болду:
5
«Мен сени энеңдин ичинде Өзүм жаратканга чейин эле билчүмүн, сен төрөлгөнгө чейин эле, Мен сени ыйыктагам: сени элдерге пайгамбар кылып койгом».
6
Бирок мен: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын», – дедим.
7
Бирок Теңир мага мындай деди: «“Жашмын”, – дебе, анткени Мен сени кимге жиберсем, ошолордун бардыгына барасың; Мен сага эмнени буйрусам, ошону айтасың.
8
Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин, – деди Теңир».
9
Ошондо Теңир Өз колун сунуп, менин оозума тийгизди, анан Теңир мага мындай деди: «Мына, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салдым.
10
Байка, бүгүн Мен сени элдердин, падышачылыктардын үстүнө аларды жок кылуу жана талкалоо үчүн, кыруу жана кыйратуу үчүн, кайра тургузуу жана отургузуу үчүн койдум».
11
Теңирден мага мындай сөз болду: «Жеремия, сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Бадам жыгачынан жасалган таякты көрүп турам», – дедим.
12
Теңир мага: «Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен Өз сөзүмө көз салып турам», – деди.
13
Дагы бир жолу Теңирден мага мындай сөз болду: «Сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Түндүк жакты караган, кайнап жаткан казанды көрүп турам», – дедим.
14
Теңир мага мындай деди: «Бул жерде жашоочулардын бардыгына кайгы түндүк тараптан келет.
15
Анткени мына, Мен түндүк падышачылыктарынын бардык урууларын чакырам, – дейт Теңир, – алар келип, ар бири Иерусалимдин дарбазасынын кире беришине, анын бүт дубалдарын тегерете, Жүйүттүн бардык шаарларына өз тактысын орнотот.
16
Бүт мыйзамсыздыктары үчүн, Мени таштап кетишкени үчүн, бөтөн жерликтердин кудайларына жыпар жыттуу зат түтөтүшкөнү үчүн, өз колдору менен жасаган нерселерге табынышкандыгы үчүн, Мен аларга Өз өкүмдөрүмдү жарыялайм.
17
Сен болсо белиңди бек бууп, ордуңан тургун да, Мен сага эмнени буйрусам, аларга ошонун бардыгын айт. Алардын алдында коркпо, болбосо Мен сени алардын көз алдында өлтүрүп салам.
18
Мына, азыр Мен сени бүт өлкөгө каршы, Жүйүт падышаларына каршы, анын төрөлөрүнө каршы, анын ыйык кызмат кылуучуларына каршы, ушул жердин элине каршы чептүү шаар, темир мамы жана жез дубал кылып койдум.
19
Алар сага каршы күрөшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир».
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52