bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 8
Jeremiah 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 9 →
1
Ошол учурда, – дейт Теңир, – Жүйүт падышаларынын сөөктөрүн, анын төрөлөрүнүн, ыйык кызмат кылуучулардын сөөктөрүн, пайгамбарлардын, Иерусалим тургундарынын сөөктөрүн мүрзөлөрүнөн алып чыгып, ыргытып жиберишет.
2
Аларды өздөрү жакшы көргөн, кызмат кылган, артынан жүргөн, издеген, таазим кылган күн алдында, ай алдында, асман кошуундарынын алдында туш-тушка ыргытышат. Аларды жыйнап да алышпайт, жерге да көмүшпөйт: алар жер үстүндөгү кыктай болушат.
3
Бул жаман уруунун ичинен тирүү калгандардын баары Мен аларды кууп жиберген жерлерде өмүрдөн өлүмдү артык көрүп калышат, – дейт Себайот Теңир.
4
Аларга мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Жыгылгандар турбайт бекен? Жолунан адашкандар кайрылып келбейт бекен?
5
Эмне үчүн бул эл, Иерусалим, ишенимсиздигинен кайтпай жатат? Алар жалганчылыкка жабышып, кайрылып келгиси келбей жатышат.
6
Мен кулак салып угуп турдум: алар акыйкаттыкты айтышпайт, эч кимиси жаман иш кылганына өкүнбөйт, эч кимиси: "Мен эмне кылдым?" – дебейт. Майданга атырылып кирген аттай болуп, ар кимиси өз жолуна бурулат.
7
Асман астында илегилек да өзүнүн белгилүү мезгилдерин билет, бактек да, карлыгач да, каркыра да кайсы мезгилде учуп келерин билет, бирок Менин элим Теңирдин мыйзамдарын билбейт.
8
Силер: "Биз акылдуубуз, бизде Теңирдин мыйзамы бар", – деп, кантип айтып жатасыңар? Ал эми китеп көчүргүчтөрдүн колундагы жалган калем аны да жалганга айландырып жатат.
9
Акылмандар маскара болушту, алар кыйратылып, колго түшүштү, мына, алар Теңирдин сөзүн четке кагып салышты. Андай болсо алардын акылмандыгы эмнеде?
10
Ошол үчүн алардын аялдарын башкаларга берем, айдоо жерлерин бөлөк жер ээлерине берем, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин ач көздүүлүккө берилип кетишти. Бардыгы, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучусуна чейин жалган иштерди кылышат.
11
Менин элимдин кызынын жараатын "Тынчтык, тынчтык!" – деп, жеңил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.
12
Алар жийиркеничтүү иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат, жазалаган күнү алар кулашат, – дейт Теңир.
13
Аларды акырына чейин терип алам, – дейт Теңир, – жүзүм сабагында бир да жүзүм калбайт, анжыр дарагында бир да анжыр калбайт, жалбырак да күбүлүп түшөт, Мен аларга эмне берсем, ошонун баары алынат”».
14
Биз эмнеге отурабыз? Жыйналгыла, чептүү шаарларга баралы, ошол жерде өлөлү, анткени Кудай-Теңирибиз бизди өлүмгө белгилеп койду. Теңирдин алдында күнөөгө батканыбыз үчүн, Ал бизге өт кошулган суу ичирип жатат.
15
Тынчтык күтүп жатабыз, бирок эч жакшылык жок, айыгуу мезгилин күтүп жатабыз, бирок, мына, алдыбызда үрөй учурган коркунучтар.
16
Дандан анын аттарынын кошкуругу угулуп жатат, анын айгырларынын катуу азынаганынан бүт жер титиреп жатат. Алар келип, жерди жана анын үстүндөгүнүн баарын, шаарды жана анда жашагандардын бардыгын жок кылат.
17
«Анткени мына, Мен силерге жыландарды, уулуу жыландарды, каптатам, аларды эч ким арбап токтото албайт, алар силерди чагат», – дейт Теңир.
18
Мен өз кайгымдан качан соороном? Менин жүрөгүм кыйналып турат.
19
«Мына, алыскы өлкөдөн Өз элимдин кызынын ыйын угуп жатам: “Сиондо Теңир жок бекен? Ал жерде анын Падышасы жок бекен?” Эмне үчүн алар өздөрүнүн эч нерсеге жарабаган, бөтөн жерликтердин буркандары менен Мени каардантышты?»
20
«Оруп-жыюу маалы өттү, жайкы убак бүттү, бирок биз куткарылган жокпуз».
21
Мен өз элимдин кызынын кайгы тартып жатканына кайгырып жатам, капалуу жүрөм, мени үрөй учурган коркунуч ээлеп алды.
22
Гилатта бальзам жок бекен? Ал жерде дарыгер жок бекен? Эмне үчүн менин элимдин кызы айыкпай жатат?
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52