bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 32
Jeremiah 32
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 31
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 33 →
1
Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын онунчу жылында Теңирден Жеремияга болгон сөз. Бул жыл Небухаданасардын падышачылыгынын он сегизинчи жылы эле.
2
Ошол учурда Бабыл падышасынын аскерлери Иерусалимди курчап алышкан, Жеремия пайгамбар Жүйүт падышасынын үйүнүн алдындагы күзөтчүлөрдүн короосунда камалып жаткан.
3
Аны ал жерге Жүйүт падышасы Ситкия мындай деп каматкан: «Эмне үчүн сен пайгамбарчылык кылып, Теңир мындай деп айтып жатат дейсиң: “Мына, Мен бул шаарды Бабыл падышасынын колуна берем, ал аны каратып алат.
4
Жүйүт падышасы Ситкия да каздимдердин колунан качып кутулбайт, ал сөзсүз Бабыл падышасынын колуна берилет, аны менен оозмо-ооз сүйлөшөт, көздөрү анын көздөрүн көрөт.
5
Ал Ситкияны Бабылга алып кетет, Мен аны жазалаганча, ал ошол жерде болот, – дейт Теңир. – Эгерде силер каздимдер менен согушсаңар, анда ийгиликке жетпейсиңер”».
6
Ошондо Жеремия мындай деди: «Мага Теңирден мындай сөз болгон:
7
“Мына, сенин агаң Шалумдун уулу Кананел мындай деп айтканы сага келе жатат: "Анатоттогу менин айдоо жеримди өзүңө сатып ал, анткени туугандык укук боюнча аны сен сатып алышың керек"”.
8
Теңирдин сөзү боюнча агамдын уулу Кананел сакчылар турган короого келип, мага мындай деди: “Бенжемин жериндеги Анатоттогу менин айдоо жеримди сатып ал, анткени сенин мураска ээ боло турган укугуң бар жана кунун төлөп кайтарып алууга да укугуң бар, аны өзүңө сатып ал”. Ошондо мен бул Теңирдин сөзү экенин билдим.
9
Ошентип, мен Анатоттогу агамдын уулу Кананелден айдоо жер сатып алдым, ага жети шекел күмүш жана он күмүш тыйын тартып бердим.
10
Муну китепке жазып, мөөр басып койдум, күбөлөрдү чакырып, күмүштөрдү таразага тартып бердим.
11
Мен мыйзам боюнча жана жобо боюнча мөөр басылган, ошондой эле мөөр басылбаган сатып алуу кагазын алдым.
12
Анан бул сатып алуу кагазын агамдын уулу Кананелдин көз алдында, ушул сатып алуу кагазына кол койгон күбөлөрдүн көз алдында, сакчылардын короосунда отурган бардык жүйүттөрдүн көз алдында Махсея уулу, Нери уулу Барухка бердим.
13
Алардын көз алдында Барухка тапшырып жатып, мындай дедим:
14
“Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: "Мына бул жазууларды – мөөр басылган сатып алуу кагазын да, мөөр басылбаган сатып алуу кагазын да ал, аларды чопо идишке салып кой, алар ошол идиште көп жылдарга сакталып турсун"”.
15
Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Бул жердеги үйлөр, айдоо жерлер жана жүзүм бактары кайрадан сатылып алынат”.
16
Сатып алуу кагазын Нейрия уулу Барухка бергенден кийин, Теңирге сыйындым:
17
“Оо Кудай-Теңир! Сен асман менен жерди сунулган колуң, күчтүү билегиң менен жараткансың. Сен үчүн кыйын эч нерсе жок.
18
Сен миңинчи тукумга чейин ырайым кыласың, ата-бабаларынын мыйзамсыздыгы үчүн алардан кийин төрөлгөн балдарын түбүнө жете жазалайсың, ысымы Себайот Теңир болгон улуу, кудуреттүү Кудай!
19
Сен кеңешиң менен улуусуң, иштериң менен кудуреттүүсүң, ар бир адамга жолдоруна жана иштеринин жемиштерине жараша тиешесин бериш үчүн, адам баласынын бүт жолдоруна Сенин көздөрүң ачык.
20
Сен Мисир жеринде кереметтерди жана жышаандарды көрсөттүң, Сен аларды Ысрайылда жана бүт адамдар арасында бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүп келе жатасың. Ошентип, бүгүнкү күнү белгилүү болуп тургандай, Сен Өзүңө ысым жасадың.
21
Сен Өз элиң Ысрайылды Мисир жеринен жышаандар менен, кереметтер менен, сунулган колуң, күчтүү билегиң менен, зор коркунуч астында алып чыктың.
22
Сен алардын ата-бабаларына берем деп ант берген бал менен сүт аккан жерди аларга бердиң.
23
Алар келип, ал жерди ээлеп алышты, бирок Сенин үнүңдү угушкан жок, Сенин мыйзамың менен жүрүшкөн жок, аткарышсын деп осуяттаган нерселериңди аткарышкан жок. Мына ошон үчүн Сен аларга ушул алааматтын баарын каптаттың.
24
Мына, аскерлер шаарды басып алыш үчүн, кырдалган топурак менен кирип келишти. Кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан жапа чеккен шаар өзү менен согушуп жаткан каздимдердин колуна берилип жатат. Сен эмне айткан болсоң, ал орундалып жатат. Мына, Сен аны көрүп турасың.
25
Сен болсо, Кудай-Теңирим, шаар каздимдердин колуна берилип жатканына карабастан, мага: "Күмүшкө өзүңө айдоо жер сатып ал, күбөлөрдү чакыр", – дедиң”».
26
Ошондо Жеремияга Теңирден сөз болду:
27
«Мен ар бир адамдын Кудай-Теңиримин. Мен үчүн кыйын нерсе барбы?»
28
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул шаарды каздимдердин жана Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна салып берип жатам, ал аны каратып алат.
29
Ошондо бул шаарды курчап алган каздимдер шаарга кирип, аны өрттөшөт. Шаарды жана үйлөрдү өрттөшөт. Ал үйлөрдүн чатырында Мени каардантыш үчүн, Баалга арнап жыпар жыттуу заттар түтөтүлгөн жана бөтөн элдин кудайларына арналып куюлуучу курмандыктар куюлган.
30
Анткени Ысрайыл уулдары менен Жүйүт уулдары Менин көз алдымда жаш күнүнөн баштап жамандык гана кылып келишкен. Ысрайыл уулдары өз колдору менен жасаган нерселери менен Мени каардантып гана келишти, – дейт Теңир.
31
Бул шаар өзүнүн курулган күнүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Менин каарым үчүн, ачуум үчүн жашап келе жаткандай, ошондуктан Мен аны Өзүмдүн жүзүмдөн четке кагам.
32
Мен аны Ысрайыл уулдары менен Жүйүт уулдарынын: алардын падышаларынын, төрөлөрүнүн, ыйык кызмат кылуучуларынын, пайгамбарларынын, Жүйүттүн эркектери менен Иерусалим тургундарынын Мени каардантыш үчүн жасаган бардык кыянат иштери үчүн четке кагам.
33
Алар Мага жүзүн бурбастан, аркасын салышты. Мен аларды үйрөткөм, таң заардан үйрөткөм, бирок алар Менин акыл-насаатымды кабыл алгылары келген жок.
34
Алар Менин ысымым менен аталган үйгө өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселерин коюп, аны булгашты.
35
Молохтун урматына өздөрүнүн уулдары менен кыздарын отко өрттөш үчүн, алар Ином уулдарынын өрөөнүндө Баалга арнап буткана орнотушту. Мен аларга аны буйруган эмесмин. Жүйүттү күнөөгө батырыш үчүн, алар ушундай жийиркеничтүү иштерди кылат деп Мен ойлогон эмесмин».
36
Силер бул шаар тууралуу: «Бул шаар Бабыл падышасынын колуна кылыч менен, ачкачылык менен, жугуштуу оору менен салынып берилет», – деп жатасыңар. Бирок Ысрайылдын Кудай-Теңири азыр мындай дейт:
37
«Мен аларды каарданып турганымда, ачууланып турганымда, аябай жаалданып турганымда кайсы өлкөлөргө чачыратып жиберсем, ошол өлкөлөрдөн кайрадан чогултуп, бул жерге алып келип, коопсуз жашоо берем.
38
Алар Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом.
39
Өздөрүнө жакшы болсун деп жана өздөрүнөн кийинки балдарына жакшы болсун деп, өмүрү өткөнчө Менден коркуп жүрүшсүн деп, аларга бир жүрөк, бир жол берем.
40
Мен алар менен түбөлүк келишим түзөм. Ал түбөлүк келишим боюнча Мен алардан баш тартпайм, аларга ырайым кылам. Алар Менден четтебеши үчүн, алардын жүрөгүнө Менден коркуу сезимин салам.
41
Аларга ырайым кылганыма кубанам, аларды бул жерге чын жүрөгүм менен, жан-дилим менен бекем отургузам».
42
Анткени Теңир мындай дейт: «Мен бул элге ушул чоң алааматты кандай каптатсам, алар жөнүндө Өзүм айткан бүт жакшылыкты ошондой каптатам.
43
Ошондо силер: “Бул жер – элсиз, малсыз эрме чөл. Ал каздимдердин колуна берилген”, – деп айткан бул жердин айдоо талааларын сатып алышат.
44
Бенжемин жериндеги, Иерусалимдин айланасындагы, Жүйүт шаарларындагы, тоолордун үстүндөгү шаарлардагы, түздүктөгү шаарлардагы, түштүктөгү шаарлардагы талааларды күмүшкө сатып алып, кагазга жазып, мөөр басып, күбөлөрдү чакырышат, анткени алардын туткундарын кайра алып келем», – дейт Теңир.
← Chapter 31
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 33 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52