bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 27
Jeremiah 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 28 →
1
Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын башталышында Жеремияга Теңирден мына бул сөз болду:
2
Теңир мага мындай деди: «Өзүңө кишен жана моюнтурук жасап, аларды мойнуңа сал.
3
Аларды Иерусалимдеги Жүйүт падышасы Ситкияга келген элчилер аркылуу Эдом падышасына, Маап падышасына, Амон уулдарынын падышасына, Тир падышасына жана Сидон падышасына берип жибер.
4
Анан ал элчилерге өздөрүнүн падышаларына мындай деп айтып баруусун буйру: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай деп айтып жатат: Өз падышаларыңарга мындай деп айткыла:
5
“Мен Өзүмдүн зор кудуретим менен, сунулган билегим менен жерди, жер бетиндеги адамды жана жаныбарларды жараттым, аны Мен кимге кааласам, ошого бердим.
6
Эми бул жерлердин бардыгын Мен Өзүмдүн кулум – Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна берип жатам, атүгүл, талаа жырткычтарын да ага кызмат кылууга бердим.
7
Анын жеринин да, өзүнүн да мезгили келгенге чейин, бүт элдер ага, анын уулуна, анын уулунун уулуна кызмат кылышат. Ага көп элдер, улуу падышалар кызмат кылышат.
8
Эгерде кайсы бир эл жана падышачылык ага – Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылгысы келбесе, Бабыл падышасынын моюнтуругуна өз мойнун сунбай турган болсо, анда Мен ал элди анын колу менен биротоло жок кылмайынча, кылыч менен, ачарчылык менен, жугуштуу оору менен жазалайм.
9
Силер болсо өзүңөрдүн пайгамбарларыңардын, төлгөчүлөрүңөрдүн, түш көрүүчүлөрүңөрдүн, сыйкырчыларыңардын, жылдыз эсепчилериңердин силерге: "Бабыл падышасына кызмат кылбайсыңар", – деген сөздөрүн укпагыла.
10
Анткени алар силерди өз жериңерден чыгарыш үчүн, Мен силерди кууп жибериш үчүн, силер кырылышыңар үчүн, силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат.
11
Бабыл падышасынын моюнтуругуна өз мойнун сунуп, ага кызмат кылган элди болсо Мен өз жеринде калтырам, – дейт Теңир, – ал эл ошол жерди иштетип, ошол жерде жашайт”».
12
Жүйүт падышасы Ситкияга да мен ушул сөздөрдүн бардыгын айттым: «Бабыл падышасынын моюнтуругуна өз мойнуңарды сунгула жана ага да, анын элине да кызмат кылгыла, ошондо аман каласыңар.
13
Теңир Бабыл падышасына кызмат кылбаган эл жөнүндө айткандай, сенин жана сенин элиңдин кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан кырылышынын эмне кереги бар?
14
“Бабыл падышасына кызмат кылбайсыңар”, – деп айтып жаткан пайгамбарлардын сөздөрүн укпагыла, анткени алар силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат».
15
«Аларды Мен жиберген эмесмин, – дейт Теңир. – Мен силерди кууп чыгыш үчүн, силер да, силерге пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар да кырылышы үчүн, алар силерге Менин атымдан жалган пайгамбарчылык кылып жатышат».
16
Бирок мен ыйык кызмат кылуучуларга жана бул элдин бардыгына мындай деп айткам: «Теңир мындай дейт: Силерге пайгамбарчылык кылып: “Мына, жакында Бабылдан Теңир үйүнүн идиштерин кайра алып келишет”, – деген пайгамбарларыңардын сөздөрүн укпагыла, анткени алар силерге жалган пайгамбарчылык кылып жатышат.
17
Аларды укпагыла, Бабыл падышасына кызмат кылып жашай бергиле. Бул шаарды урандыга айландыруунун эмне кереги бар?
18
Эгерде алар пайгамбарлар болсо, аларда Теңирдин сөзү бар болсо, анда Теңир үйүндө, Жүйүт падышасынын үйүндө жана Иерусалимде калган идиштер Бабылга өтүп кетпеш үчүн, Себайот Теңирдин алдында жалынып жалбарып өтүнүшсүн».
19
Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана жүйүт элинин бүт атактууларын, Иерусалим тургундарын Иерусалимден Бабылга алып кетип бара жатканда албай кеткен
20
мамылар жөнүндө, жез чара жөнүндө, астына койгучтар жөнүндө жана ушул шаарда калган башка буюмдар жөнүндө Себайот Теңир мындай дейт:
21
Теңир үйүндө, Жүйүт падышасынын үйүндө жана Иерусалимде калган идиштер жөнүндө Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт:
22
«Алар Бабылга жеткирилет, Мен аларды жазалаганга чейин, алар ошол жерде болот, – дейт Теңир, – ошондон кийин Мен аларды алып чыгып, бул жерге кайра алып келем».
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52