bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 19
Jeremiah 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 20 →
1
Теңир мындай деди: «Бар, карапачыдан чопо кумура сатып ал. Өзүң менен кошо эл аксакалдарын жана ыйык кызмат кылуучулардын башчыларын ал.
2
Анан Харсит дарбазасынын алдындагы Ином уулдарынын өрөөнүнө чык, ошол жерде Мен сага айта турган сөздөрдү жарыя кыл.
3
Ошондо мындай де: “Жүйүт падышалары жана Иерусалим тургундары, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла! Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: "Мына, бул жерге Мен кайгы каптатам, ал тууралуу уккан адамдын кулагы тунат.
4
Анткени алар Мени таштап кетишти, бул жерди Мага жат жер кылышты, бул жерде өздөрү да, ата-бабалары да, Жүйүт падышалары да билбеген башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүштү, бул жерди айыпсыз канга толтурушту.
5
Баалга бутканаларды курушту, өз уулдарын Баалга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өрттөштү, Мен аны буйрук кылган эмесмин, айткан эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.
6
Ошон үчүн, мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрдөн кийин бул жер Топет же Ином уулдарынын өрөөнү эмес, Өлтүрүү өрөөнү деп аталып калат.
7
Бул жерде Жүйүттүн да, Иерусалимдин да кеңешин жок кылам, аларды өз душмандарынын көз алдында кылыч менен, аларды өлтүргүсү келгендердин колу менен өлтүрөм, алардын өлүктөрүн асман канаттууларына жана жердеги жырткычтарга азык кылам.
8
Бул шаарды көргөн элдин үрөйүн учургудай кылам, күлкүгө айлантам. Бул шаар аркылуу өткөн ар бир адам таң калат, анын бардык жараатын көрүп ышкырат.
9
Аларга өз уулдарынын жана өз кыздарынын этин жедирем. Аларды өлтүргүсү келген душмандары кысымга алганда, курчоодо, эзүүдө жатып, ар кимиси өз жакынынын этин жейт"”.
10
Анан сени менен келген кишилердин көз алдында кумураны талкала.
11
Аларга мындай деп айт: Себайот Теңир мындай дейт: “Мен бул элди жана бул шаарды карапачынын талкаланган, калыбына келбей турган идишиндей кылып талкалайм. Көмүүгө жер жетишсиз болгондуктан, аларды Топетте көмүшөт.
12
Бул жерди, – дейт Теңир, – жана бул жерде жашагандарды так ушундай кылам, бул шаарды Топеттей кылам.
13
Иерусалимдин үйлөрү да, Жүйүт падышаларынын үйлөрү да Топет жериндей таза эмес жер болот, анткени бардык үйлөрдүн төбөсүндө бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшөт, бөтөн кудайларга куюлуучу курмандыктарын куюшат”».
14
Жеремия Теңир пайгамбарчылык кылууга жиберген Топеттен келип, Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, бүт элге мындай деп айтты:
15
«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарга жана Жүйүттүн бардык шаарларына, ага каршы айткан бүт кайгыны каптатам, анткени алар – тоң моюн эл, Менин сөздөрүмдү угушпайт”».
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52