bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 16
Jeremiah 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 17 →
1
Мага Теңирден сөз болду:
2
«Сен аял алба, бул жерде сенин уулдарың да, кыздарың да болбосун».
3
Анткени бул жерде төрөлүп жаткан уулдар жана кыздар тууралуу, аларды төрөп жаткан энелер тууралуу, аларды төрөткөн аталар тууралуу Теңир мындай дейт:
4
«Алар оор өлүм менен өлүшөт, аларды жоктоп ыйлашпайт, алар көмүлбөйт. Алар жер үстүндө кык болушат. Алар кылычтан жана ачкачылыктан кырылышат, алардын өлүктөрү асман канаттууларына, жердеги жырткычтарга азык болот».
5
Анткени Теңир мындай дейт: «Кайгы тарткандардын үйүнө кирбе, ыйлаганы барба, аларды жоктоп ыйлаба. Анткени Мен бул элден Өзүмдүн тынчтыгымды, ырайымымды жана аёомду тартып алдым, – дейт Теңир.
6
Бул жерде улуулар да, кичүүлөр да өлүшөт. Алар көмүлбөйт, аларды жоктоп ыйлашпайт, өздөрүн тытышпайт, алар үчүн чачтарын кырдырышпайт.
7
Алар үчүн кайгы учурунда, өлгөн киши жөнүндө көңүл айтып нан сындырышпайт. Алардын атасы жөнүндө, энеси жөнүндө көңүл айтып чөйчөк сунушпайт.
8
Ошондой эле той болуп жаткан үйгө кирбе, алар менен отуруп жеп-ичпе».
9
Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул жерде силердин көз алдыңарда, силердин бүт күндөрүңөрдө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөөнүн жана колуктунун үнүн токтотом.
10
Сен бул сөздөрдүн баарын бул элге айтып бергениңде, алар сага: “Эмне үчүн Теңир бизге каршы бул оор кайгынын баарын айтты, биздин айыбыбыз кайсы, Кудай-Теңирибиздин алдында кылган күнөөбүз кайсы?”, – дешсе,
11
анда аларга мындай де: “Анткени силердин ата-бабаларыңар Мени таштап коюшту, – дейт Теңир, – башка кудайларды ээрчип кетишти, аларга кызмат кылышты, аларга табынышты, Мени болсо таштап коюшту, Менин мыйзамдарымды сакташкан жок.
12
Силер болсо ата-бабаларыңардан да жаман кылып жатасыңар, Мени укпай, ар кимиңер жаман жүрөгүңөрдүн өжөрдүгү боюнча жашап жатасыңар.
13
Бул үчүн Мен силерди бул жерден өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген жерге ыргытып жиберем, ошол жерде башка кудайларга күнү-түнү кызмат кыласыңар, анткени Мен силерге ырайым кылбайм”.
14
Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү “Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Теңир тирүү!” деп айтпай калышат.
15
Бирок “Ысрайыл уулдарын түндүк жеринен жана аларды кайсы жерлерге кууп жиберсе, ошол жерлердин баарынан алып чыккан Теңир тирүү”. Анткени Мен аларды ата-бабаларына берген жерге кайрадан алып келем.
16
Мына, Мен көптөгөн балыкчыларды жиберем, – дейт Теңир, – ошол балыкчылар аларды кармашат. Андан кийин көп аңчыларды жиберем, ошол аңчылар аларды ар кайсы тоодон, ар кайсы адырдан жана аскалардын капчыгайларынан кармашат.
17
Анткени Менин көздөрүм алардын бардык жолдорунда, алар Менин жүзүмдөн жашыруун эмес, алардын анткорлугу Менин көзүмдөн жашыруун эмес.
18
Ошондуктан Мен аларды баарынан мурда анткорлугу үчүн, күнөөсү үчүн эки эсе жазалайм, анткени алар Менин жеримди булгашты. Менин мурасымды алар өздөрүнүн жийиркеничтүү өлүктөрүнө жана жийиркеничтүү нерселерине толтурушту».
19
Теңир! Менин күчүм, кубатым, кайгы күнү баш паанам Сенсиң! Сага жер кыйырынан элдер келип, мындай дешет: «Биздин ата-бабаларыбыз жалганды, эч кандай пайдасы жок курулай кудайларды гана мурастап келишти».
20
Адам өзүнө кудай эмес нерселерди кудай кыла алабы?
21
«Ошондуктан мына, Мен азыр аларга көрсөтөм, Мен аларга Өз колумду жана Өзүмдүн кудуретимди көрсөтөм, ошондо алар Менин ысымым Теңир экенин билишет.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52