bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 48
Jeremiah 48
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 47
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 49 →
1
Маап тууралуу Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Небого кайгы! Ал ээн калды! Кирийатайим маскара болду, каратып алынды. Мизгаб маскара болду, талкаланды.
2
Мындан ары Мааптын даңкы чыкпайт. Кешпондо ага каршы: “Жүргүлө, аны элдер арасынан жок кылалы”, – деп, жамандык ойлоп жатышат. Мадмейна, сен да өлөсүң, сени кылыч ээрчип жүрөт».
3
Хоронайымдан өкүрүк угулуп жатат, талкалануу жана улуу кыйроо болуп жатат.
4
Маап талкаланды, анын балдары өкүрүп жатат.
5
Лухитке чыгып бараткан жерде ый артынан ый чыгып жатат, Хоронайымдан түшүп бара жаткан жерде душман кыйрагандардын ыйын угуп жатат.
6
Качкыла, өз өмүрүңөрдү сактагыла, чөлдөгү жылаңач сөксөөлдөй болгула.
7
Анткени сен өз иштериңе, байлыгыңа үмүттөндүң. Ошон үчүн сен да алынасың, Кемош да өзүнүн ыйык кызмат кылуучулары жана төрөлөрү менен туткунга кетет.
8
Кыйратуучу ар бир шаарга келет, бир да шаар аман калбайт. Теңир айткандай, өрөөн кыйрайт, түздүк ээн калат.
9
Маапка канат бергиле, ал учуп кетсин. Анын шаарлары чөлгө айланат, анткени ал шаарларда жашаганга эч ким калбайт.
10
Теңирдин ишин көңүл коштук менен кылган адамга каргыш! Анын кылычын кан төгүүдөн кармаган адамга каргыш!
11
Маап жаш чагынан бейкапар жашап, өзүнүн ачыткысынын үстүндө отурат, идиштен идишке куюлган жок, туткундалып кеткен жок. Ошондуктан ал өз даамын сактап калды, жытын жоготкон жок.
12
«Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен ага куюштуруучуларды жиберем, алар аны куюштурушат, анын идиштерин бошотушат, анын кумураларын талкалашат.
13
Ошондо Ысрайыл өз үмүтү Бейтел үчүн кандай уят болсо, Маап Кемош үчүн ошондой уят болот.
14
Силер: “Биз согушта эр жүрөк, каарман адамдарбыз”, – деп кантип айтып жатасыңар?
15
Маап ээн калды, анын шаарлары өрттөнүп жатат, анын тандалган жаш уландары союлууга кетти, – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша.
16
Маап жакында кыйрайт, аны жакында алаамат каптайт.
17
Анын кошуналары, аны жоктоп ыйлагыла, анын ысымын билгендердин бардыгы: “Күч-кубат таягы, даңк таягы кандай талкаланды!” – дегиле.
18
Дибондо жашоочу кыз, даңк бийиктигинен түшүп, суусуз жерде отур, анткени сага Мааптын кыйратуучусу келип, чептериңди талкалайт.
19
Аройердин кыз тургуну, жолдун боюна туруп алып кара, качып бара жаткандан жана аман калгандан: “Эмне болуп кетти?” – деп сура.
20
Маап уят болду, анткени ал ээн калды. Боздоп ыйлагыла, өкүргүлө, Маап талкаланды деп, Арнондо жар салгыла.
21
Ошентип, түздүктөгү өлкөлөргө жаза келди, Холонго да, Жааска да, Мейпаатка да,
22
Дибонго да, Небого да, Бейт-Дыблатайымга да,
23
Кирийатайимге да, Бейт-Гамулга да, Бейт-Мейонго да,
24
Кериотко да, Ботсырага да, Маап жериндеги алыскы жана жакынкы шаарлардын бардыгына жаза келди.
25
Мааптын мүйүзү кесилди, анын каруу-булчуңу талкаланды», – дейт Теңир.
26
Аны мас болгуча ичиргиле, анткени ал Теңирге каршы көтөрүлдү. Маап өзүнүн кусундусунда оонасын, өзү шылдың болсун.
27
Сен Ысрайылды шылдың кылган жок белең? Ал тууралуу айткан сайын башыңды чайкагыдай, ал эмне, уурулардын арасынан кармалды беле?
28
Шаарларыңарды таштап, аска-зоолордо жашагыла, Мааптын тургундары. Yңкүрдүн оозуна уя салган көгүчкөндөрдөй болгула.
29
Биз Мааптын текеберлиги, чегинен чыккан текеберлиги жөнүндө, менменсингендиги, теңсинбегендиги, мактанчаактыгы, жүрөгүнүн көтөрүлгөндүгү жөнүндө укканбыз.
30
«Мен анын менменсингендигин билем, – дейт Теңир, – бирок анысы негизсиз. Анын сөздөрү курулай: айтканын аткарбайт».
31
Ошондуктан Маап үчүн боздоп ыйлайм, бүт Маап үчүн өкүрөм. Кир-Херестин тургундары үчүн үшкүрүшөт.
32
Сыбманын жүзүмдүгү, сен үчүн Жазерди жоктоп ыйлагандай ыйлайм. Сенин бутактарың деңиздин аркы бетине чейин жайылып турчу, Жазер көлүнө чейин жетчү. Кыйратуучу сенин жайкы мөмөлөрүңө жана бышкан жүзүмүңө кол салды.
33
«Кармелден жана Маап жеринен кубаныч менен шаттык тартылып алынды. Мен жүзүм сыгылуучу жайларда жүзүм тебелөөнү токтотом. Мындан ары аларда ыр ырдап жүзүм тебелешпейт, мындан ары кубанычтын кыйкырыгы эмес, согуштун кыйкырыгы угулат.
34
Кешпондон Элалейге жана Жааска чейин жеткен кыйкырыктан улам алар Соардан тартып Хоронайымга жана үчүнчү Эглатка чейин кыйкырышат, анткени Нимримдин суулары да какшыйт.
35
Мааптан, – дейт Теңир, – бутканаларда курмандык чалгандарды, өздөрүнүн кудайларына жыпар жыттуу зат түтөткөндөрдү жок кылам».
36
Ошондуктан менин жүрөгүм Маап үчүн чоордой сыздап жатат. Кир-Херестин тургундары үчүн жүрөгүм чоордой сыздап жатат, анткени алардын тапкан байлыктары жок болду.
37
Ар биринин башындагы чачы жулунган, ар биринин сакалы алынган. Ар биринин колдорунда тырмактын изи, ар биринин белинде зумбал.
38
«Мааптын бардык үйлөрүнүн үстүндө жана бардык көчөлөрүндө ый, анткени Мен Маапты керектен чыккан идиштей кылып талкаладым», – дейт Теңир.
39
«Ал кандай талкаланды, – деп, боздоп ыйлашат. – Маап артка качып, кандай уятка калды!» Маап өзүнүн айланасындагылардын бардыгына шылдың болот жана аны көргөн элдин үрөйү учат.
40
Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, ал бүркүткө окшоп учуп келип, Мааптын үстүнө канатын жаят.
41
Шаарлар каратылып алынат, сепилдер каратылып алынат, ошол күнү Мааптын кайраттууларынын жүрөктөрү толгоодон кыйналып жаткан аялдын жүрөгүндөй болот».
42
Маап элдердин катарынан жок кылынат, анткени ал Теңирге каршы чыкты.
43
«Мааптын тургуну, коркунуч да, ор да, сыйыртмак да сен үчүн, – дейт Теңир.
44
Коркунучтан качкан адам орго түшөт. Ал эми ордон чыккан адам сыйыртмакка түшөт, анткени Мен ага, Маапка, жазалоо жылын каптатам», – дейт Теңир.
45
Качып бара жаткандар алсырап, Кешпондун көлөкөсүнө токтошту, бирок Кешпондон от чыкты, Сихондун ичинен жалын чыкты, ал Мааптын капталын жана козголоңчул уулдарынын чокусун жалмап кетти.
46
Маап, сага кайгы! Кемош эли өлдү, анткени сенин уулдарың туткундалып кетти, сенин кыздарың да туткундалды.
47
«Бирок акыркы күндөрү Мааптын туткундарын кайра алып келем», – дейт Теңир. Мааптын жазасы ошол күнгө чейин.
← Chapter 47
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 49 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52