bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 25
Jeremiah 25
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 26 →
1
Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында бүт жүйүт эли тууралуу Жеремияга Теңирден болгон сөз. Бул Бабыл падышасы Небухаданасардын падышачылыгынын биринчи жылы болгон.
2
Ошондо Жеремия пайгамбар бүт жүйүт элине жана Иерусалимдин бардык тургундарына бул сөздү айтты:
3
«Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын падышачылыгынын он үчүнчү жылынан бүгүнкү күнгө чейин, жыйырма үч жыл бою Теңирден мага сөз болду. Мен силерге таң заардан сүйлөп келдим, бирок силер укпай койдуңар.
4
Теңир силерге Өзүнүн бардык кулдарын, пайгамбарларын таң заардан жиберип турду, бирок силер аларды уккан жоксуңар, угуш үчүн кулак салбай койгонсуңар.
5
Алар силерге: “Ар бириңер өзүңөрдүн кыянат жолуңардан жана жаман иштериңерден бурулгула, Теңир силерге жана силердин ата-бабаларыңарга кылымдардан-кылымдарга берген жерде жашагыла.
6
Башка кудайлардын артынан жүрбөгүлө, аларга кызмат кылбагыла, аларга таазим этпегиле, өз колуңар менен жасаган нерселер менен Менин каарымды кайнатпагыла, ошондо Мен силерге жамандык кылбайм”, – деп айтышкан.
7
“Бирок силер Мени укпай койдуңар, – дейт Теңир, – өзүңөргө жамандык кылып, өз колуңар менен жасаган нерcелер менен Менин каарымды кайнаттыңар”.
8
Ошондуктан Себайот Теңир мындай дейт: “Менин сөзүмдү укпай койгонуңар үчүн,
9
мына, Мен түндүктөгү бардык урууларды, Менин кулум Бабыл падышасы Небухаданасарды бул жерге, бул жердин тургундарына жана айланадагы бардык элдерге каршы алып келем, – дейт Теңир. – Аларды таптакыр жок кылам, шылдыңга калтырам, түбөлүк урандыга айлантам, аларды көргөндөрдүн үрөйлөрү учат.
10
Алардын кубанычынын жана шаттыгынын үнүн, күйөө менен колуктусунун үнүн, дан тарткан жаргылчагынын үнүн токтотом, шам чырактарынын жарыгын өчүрөм.
11
Ошондо бул жердин бардыгы чөлгө жана үрөйдү учурган жерге айланат. Бул элдер Бабыл падышасына жетимиш жыл кызмат кылышат.
12
Анан мындай болот: жетимиш жыл өткөндөн кийин, Бабыл падышасын да, ошол элди да өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн жазалайм, – дейт Теңир, – каздимдердин жерин да жазалайм, аны түбөлүк чөлгө айлантам.
13
Мен Өзүмдүн ошол жерге каршы айткан сөздөрүмдүн бардыгын, бардык элдерге каршы Жеремиянын пайгамбарчылык кылып айткан, ушул китепте жазылган нерселеринин бардыгын жүзөгө ашырам.
14
Анткени аларды да сансыз элдер, улуу падышалар кулга айландырышат. Мен аларга өздөрүнүн кылык-жоругуна жараша жана колдору менен кылган иштерине жараша тиешесин берем”».
15
Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мага мындай деп айтты: «Менин колумдан Менин каарымдын шарабына толгон бул чөйчөктү алып, Мен сени кайсы элдерге жиберсем, ошол элдердин баарына андан ичир.
16
Алар ичип алып, теңселишет, анан Менин аларга каршы жиберген кылычымды көрүп, акылдан ажырап калышат».
17
Ошондо мен Теңирдин колунан чөйчөктү алып, Теңир мени жиберген бардык элдерге андан ичирдим:
18
бүгүнкү күнү көрүнүп тургандай, талкалап, көргөндөрдүн үрөйү учкудай кылып, шылдыңга, каргышка калтырыш үчүн, Иерусалимге жана Жүйүт шаарларына, анын падышаларына жана төрөлөрүнө,
19
Мисир падышасы фараонго, анын кызматчылары менен төрөлөрүнө жана бүт элине,
20
ар уруудан кошулган элдердин баарына, Ус жеринин бардык падышаларына, Пелишти жеринин: Ашкелондун, Азанын, Экрондун жана Азоттун калдыгынын падышаларына,
21
Эдомго, Маапка, Амон уулдарына,
22
Тирдин бардык падышаларына, Сидондун бардык падышаларына, деңиздин ары жагындагы аралдардын падышаларына,
23
Деданга, Теймага, Бузага жана чекесиндеги чачын кырккандардын бардыгына,
24
Аравиянын бүт падышаларына, чөлдө жашаган ар кыл уруудагы элдердин бүт падышаларына,
25
Зимринин бүт падышаларына, Эйламдын бүт падышаларына, Мадайдын бүт падышаларына,
26
түндүктөгү падышалардын бардыгына, бири-бирине жакындарына да, алыстарына да, жер бетиндеги бардык падышаларга ичирдим, ал эми Шейшайдын падышасы алардан кийин ичет.
27
«Аларга айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: “Ичкиле, мас болгула, кускула, кулагыла, Мен силерге каршы жиберген кылычты көргөнүңөрдө, ордуңардан турбагыла”.
28
Эгерде алар ичкилери келбей, чөйчөктү сенин колуңдан алуудан баш тартышса, анда аларга айт: Себайот Теңир мындай дейт: “Силер сөзсүз ичесиңер”.
29
Анткени Менин ысымым менен аталган мына бул шаарга Мен алаамат каптата баштадым. Анан силер жазаланбай калмак белеңер? Жок, жазаланбай калбайсыңар, анткени Мен жер жүзүндө жашагандардын бардыгына кылыч чакырып жатам, – дейт Себайот Теңир.
30
Ошондуктан аларга мына бул сөздөрдүн бардыгын пайгамбарчылык кылып айт: “Теңир бийиктен күркүрөйт, Өзүнүн ыйык турагынан Өз добушун салат. Өзүнүн айыл-кыштактарына абдан катуу дүңгүрөйт, Ал жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелегендерге окшоп, жер жүзүндө жашагандардын бардыгына кыйкырат.
31
Ызы-чуу жер кыйырына жетет, анткени Теңир элдер менен соттошот, Ал ар бир адам менен соттошот, мыйзамсыздарды кылычтын мизине алат“», – дейт Теңир.
32
Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, алаамат элден элге өтөт, жер кыйырынан чоң куюн көтөрүлөт».
33
Ошол күнү Теңир өлтүргөн адамдар жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин жатат, аларды эч ким жоктоп ыйлабайт, эч ким жыйнабайт, эч ким көмбөйт. Алар жер бетинде кык болушат.
34
Койчулар, боздоп ыйлагыла, онтогула! Yйүр башчылары, башыңарга күл чачкыла. Анткени силердин союла турган, чачыла турган күндөрүңөр келди, кымбат идиштей кулайсыңар.
35
Ошондо койчуларга баш паана, үйүр башчыларына куткарылуу болбойт.
36
Койчулардын ыйы, үйүр башчыларынын өкүрүгү угулуп жатат, анткени Теңир алардын жайыттарын ээн калтырды.
37
Теңирдин катуу каарынан тынч жаткан айыл-кыштактар кыйрап жатат.
38
Теңир арстан сыяктуу Өзүнүн турак жайын калтырды. Алардын жери кыйраткычтын каарынан жана Теңирдин жалындаган каарынан чөлгө айланды.
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 26 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52