bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 22
Jeremiah 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 23 →
1
Теңир мындай деди: «Жүйүт падышасынын үйүнө түшүп, мына бул сөздү айт:
2
Мындай деп айт: “Дөөттүн тагында отурган Жүйүт падышасы, Теңирдин сөзүнө кулак сал, бул дарбазадан кирген сен да, кызматчыларың да, элиң да – баарыңар Теңирдин сөзүн уккула.
3
Теңир мындай дейт: "Адилеттик жана акыйкаттык кылгыла, ыза көргөндү эзүүчүнүн колунан куткаргыла, келгинди, жетимди жана жесирди таарынтпагыла, кысымга албагыла, бул жерде жазыксыз кан төкпөгүлө.
4
Эгерде силер бул сөздөрдү аткара турган болсоңор, анда бул үйдүн дарбазасы аркылуу Дөөттүн ордунда, анын тагында отурган падышалар, арабага түшүп жүргөндөр, атка минип жүргөндөр – өздөрү да, кызматчылары да, эли да кирет.
5
Эгерде силер бул сөздөрдү укпай турган болсоңор, анда Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир, – бул үй ээн калат".
6
Анткени Жүйүт падышасынын үйүнө Теңир мындай дейт: Менин Гилатым, сен Лебанондун чокусусуң, бирок Мен сени чөлгө, эл жашабаган шаарга айлантам.
7
Сага каршы ар биринин колунда өз куралы бар кыйратуучуларды даярдайм, алар сенин эң жакшы кедрлериңди кыйып, отко ыргытышат.
8
Ошондо бул шаар аркылуу көптөгөн элдер өтүшөт жана бири-биринен: "Эмне үчүн Теңир бул улуу шаарды ушундай кылды?" – деп сурашат.
9
Ошондо мындай жооп айтышат: "Анткени алар өз Кудай-Теңиринин келишимин таштап коюшту, башка кудайларга табынышты, ошолорго кызмат кылышты"”».
10
Өлгөн кишини жоктоп ыйлабагыла, аны аябагыла, бирок туткунга кетип бара жаткан адам үчүн катуу ыйлагыла, анткени эми ал кайрылып келбейт, өзүнүн туулган өлкөсүн көрбөйт.
11
Анткени өз атасы Жошиядан кийин падышачылык кылган Жүйүт падышасы – ушул жерден туткунга кеткен Жошия уулу Шалум жөнүндө Теңир мындай дейт: «Эми ал бул жерге кайрылып келбейт.
12
Ал туткундалып кеткен жеринде өлөт, мындан кийин бул жерди көрбөйт».
13
Өз үйүн адилетсиздик менен курган, өзүнүн жаткан бөлмөлөрүн мыйзамсыздык менен курган, өз жакынын акысыз иштөөгө мажбур кылган, анын эмгек акысын төлөп бербеген адамга кайгы!
14
Ал: «Өзүмө заңгыраган үй, кенен бөлмөлөрдү курам», – деп, өзүнө терезе чыгарып, кедр тактайлары менен каптап, кызыл боёк менен боёйт.
15
Сен өзүңө бардыгын кедр жыгачы менен куруп алгандыгың үчүн, падыша болом деп ойлойсуңбу? Сенин атаң жеди, ичти, бирок акыйкаттык жана адилеттик кылып турду, ошондуктан ага жакшы болгон.
16
Ал жакыр адамдын жана муктаж адамдын ишин териштирип турган, ошондуктан ага жакшы болгон. «Бул Мени билгендикти билдирбейт бекен?» – дейт Теңир.
17
Бирок сенин көздөрүң менен жүрөгүң өз кызыкчылыгыңа, жазыксыз кан төгүүгө, кысымчылык, зордук-зомбулук кылууга гана бурулган.
18
Ошондуктан Теңир Жүйүт падышасы – Жошия уулу Жайаким тууралуу мындай дейт: «Аны жоктоп: “Аттиң ай, бир боорум! Аттиң, карындашым!” – деп ыйлашпайт. Аны жоктоп: “Аттиң ай, падыша! Аттиң, улуу урматтуум!” – деп ыйлашпайт.
19
Аны эшекти көмгөндөй көмүшөт: аны сыртка сүйрөп чыгып, Иерусалим дарбазасынын сыртына, алыс ыргытышат».
20
«Лебанонго чыгып кыйкыр, Башанга чыгып үнүңдү жаңырт, Абарымдан кыйкыр, анткени сенин бардык шериктериң кыйрады.
21
Мен сага сен тынчтык мезгилде жашап жатканда сүйлөгөм, бирок сен: “Укпайм”, – деп койгонсуң. Сенин жүрүш-турушуң жаш чагыңда эле ушундай болчу, сен Менин үнүмө кулак салчу эмессиң.
22
Сенин бардык койчуларыңды шамал учуруп кетет, досторуң туткунга кетет, ошондо сен өзүңдүн бардык кыянаттыгың үчүн уятка каласың, маскара болосуң.
23
Кедр дарагында уялаган Лебанондун тургуну! Сага төрөп жаткан аялдыкындай толгоо, кыйноо келгенде, сен ушунчалык аянычтуу болосуң!»
24
«Мен тирүүмүн, – деди Теңир. – Эгерде Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахин Менин оң колумдагы шакек болсо да, Мен сени ошол жерден да сууруп алам.
25
Анан сени өзүңдү өлтүргүсү келгендердин колуна, өзүң корккондордун колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, каздимдердин колуна берем.
26
Сени да, сени төрөгөн энеңди да өзүңөр төрөлбөгөн чоочун өлкөгө ыргытып жиберем, ошол жерде өлөсүңөр.
27
Бирок алар өздөрүнүн жаны кайтып келүүнү каалаган жерге кайрылып келишпейт».
28
Чын эле, Жайахин жек көрүндү, катардан чыккан адамбы? Же ал керектен чыккан идишпи? Ал жана анын тукуму эмне үчүн өздөрү билбеген өлкөгө ыргытылды?
29
Оо жер, жер, жер! Теңирдин сөзүнө кулак сал!
30
Теңир мындай дейт: «Бул адамды балдарынан ажыраган, өз өмүрүндө жолу болбогон адам деп жазып койгула, анткени эми анын тукумунан эч ким Дөөттүн тагына отурбайт, Жүйүт аймагында бийлик жүргүзбөйт».
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52