bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 49
Jeremiah 49
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 48
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 50 →
1
Теңир Амондун уулдары жөнүндө мындай дейт: «Ысрайылдын уулдары жок беле? Анын мураскору жок беле? Эмне үчүн Малкам Гатты ээлеп алды? Эмне үчүн анын эли анын шаарларында жашап жатат?
2
Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Амон уулдарынын Рабе шаарында салгылашуу кыйкырыгы угулат, шаар урандылар үймөгүнө айланат, анын шаарлары өрттөлөт, Ысрайыл жерин тартып алгандардан кайра өз жерин тартып алат, – дейт Теңир.
3
Ыйла, Кешпон, анткени Ай ээн калды, кыйкыргыла, Рабе кыздары, белиңерди зумбал менен курчагыла, ыйлагыла, чарбактардын арасында тентип жүргүлө, анткени Малкам өзүнүн ыйык кызмат кылуучулары жана төрөлөрү менен кошо туткунга кетет.
4
Өрөөндөрүң менен эмне мактанасың? “Мага ким каршы чыкмак эле?” – деп, өзүнүн байлыгына ишенген ишенимсиз кыз, сенин өрөөндөрүңдөн кан агат.
5
Мына, Мен сага туш тараптан коркунуч каптатам, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – ар кимиңер ар кайсы жакка качасыңар, качкандарды эч ким жыйнап келбейт.
6
Бирок ошондон кийин Мен туткун болгон Амон уулдарын кайра алып келем,» – дейт Теңир.
7
Себайот Теңир Эдом тууралуу мындай дейт: «Тейманда эми акылдуулар калбай калдыбы? Акылдуулар кеңеш бере албай калдыбы? Алардын акылы бөксөрдүбү?
8
Артка бурулуп качкыла, үңкүрлөргө жашынгыла, Дедандын тургундары, анткени Мен Эйсапка өз өлүмүн алып келем, Менин жазалоо мезгилим келди.
9
Эгерде сага жүзүм жыйноочулар келсе, анда сага анча-мынча мөмө калтырары анык. Эгерде сага түн ичинде уурулар келсе, анда алар өздөрүнө канча керек болсо, ошончо уурдары анык.
10
Мен болсо Эйсапты жылаңач калганча тоноп алам, анын жашыруун жерлерин ачам, ошондо ал жашына албай калат. Ал тукум курут болот, анын бир туугандары да, кошуналары да кырылат, ал жок болот.
11
Өз жетимдериңди калтыр, Мен аларды багам, жесирлериң да Менден үмүт кылышсын».
12
Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, ушул чөйчөктөн ичүүгө тийиш эместер да аны сөзсүз ичишет. Анан сен жазаланбай калмак белең? Жок, сен жазаланбай калбайсың, чөйчөктөн сөзсүз ичесиң.
13
Анткени Мен Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир, – Ботсра көргөн элдин үрөйүн учурат, шылдың болот, чөлгө айланат, каргышка калат, анын бардык шаарлары түбөлүк ээн талааларга айланат».
14
Мен Теңирден кабар уктум, элдерге айттырганы чабарман жөнөтүлдү: «Жыйналгыла да, ага каршы баргыла, согушка чыккыла».
15
«Анткени мына, Мен сени элдердин арасында аз эл кылам, адамдардын арасында жек көрүндү эл кылам.
16
Аскалардын жаракасында жашаган, адырлардын чокуларын ээлеген сени өзүңдүн айбаттуулугуң, жүрөгүңдүн текебердүүлүгү азгырды. Сен өз уяңды бүркүткө окшоп бийикке салсаң да, Мен сени ал жерден да кулатам, – дейт Теңир.
17
Ошондо Эдом көргөн элдин үрөйүн учурат, анын жанынан өткөндөрдүн баары анын башына түшкөн мүшкүлдү көрүп, таң кала ышкырып өтөт.
18
Содом менен Амор жана алардын коңшу шаарлары кандай талкаланса, – дейт Теңир, – так ошондой эле ал жерде да эч ким жашабай калат, ал жерге адам баласы токтобойт.
19
Мына, ал арстандай болуп, Иордандын жогору жагынан чептүү турак жайларга чыгып келе жатат. Бирок Мен аларды Эдомдон шашылыш кетүүгө мажбур кылам, ким тандалган болсо, Мен аны анын үстүнө коём. Анткени Мага ким тең келет? Менден ким жооп талап кылат? Мага кайсы койчу каршы чыгат?»
20
Ошондуктан Теңирдин Эдом жөнүндө чыгарган чечимин, Теймандын тургундары жөнүндөгү ниетин уккула: «Чындыгында, аларды койлордун ичинен эң кичинекейлери сүйрөп кетишет, алардын турак жайларын чаап алышат.
21
Алардын кыйроосунун үнүнөн жер солкулдайт, алардын кыйкырыгы Кызыл деңизге чейин угулат.
22
Мына, ал бүркүткө окшоп көтөрүлүп, учуп келип, канаттарын Ботсранын үстүнө жаят. Ошол күнү Эдомдун кайраттууларынын жүрөгү толгоо тартып жаткан аялдын жүрөгүндөй болот».
23
Дамаск жөнүндө. Хамат жана Арпат маскара болду, анткени кайгылуу кабарды укканда, алардын көңүлү чөктү. Деңизде толкун, ал тынчтана албай жатат.
24
Дамаск алсырап калды, качууга бет алды, аны коркунуч басты, ал толгоо тарткан аялдай толгоо тартып, кыйналып жатат.
25
Атак-даңктын шаары, менин кубанычымдын шаары, кантип аман калган жок?
26
«Анын көчөлөрүндө жаш уландары өлөт, ошол күнү бүт жоокерлери кырылат, – дейт Себайот Теңир.
27
Дамаск дубалдарына от коём, ал от Бенадаттын чептерин жалмайт».
28
Бабыл падышасы Небухаданасар талкалаган Кейдар жана Хатсор падышачылыктары жөнүндө Теңир мындай дейт: «Тургула, Кейдарга каршы чыккыла, чыгыштын уулдарын кыйраткыла!
29
Алардын чатырларын жана койлорун өздөрүнө алышат, алардын жабууларын, бүт буюмдарын жана төөлөрүн алып кетишет, аларга бардык жактан коркунуч каптатышат.
30
Качкыла, тезирээк кеткиле, аңдарга жашынгыла, Хатсордун тургундары, – дейт Теңир, – анткени Бабыл падышасы Небухаданасар силер тууралуу чечим чыгарды, силерге жамандык кылууну ойлонуштуруп койду.
31
Тургула, камырабай тынч жашап жаткан элге каршы чыккыла, – дейт Теңир. – Анын эшиги да, кулпусу да жок, алар обочолонуп жашашат.
32
Алардын төөлөрү олжого кетет, көп сандаган койлору таланат, саамай чачын кырккан аларды шамалга чачам, аларга туш-туштан кыргын каптатам, – дейт Теңир.
33
Ошондо Хатсор чөөлөрдүн жайына, түбөлүк чөлгө айланат, ал жерде адам жашабайт, ал жерге адам баласы токтобойт».
34
Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын башталышында Жеремия пайгамбар аркылуу Теңирдин Эйламга каршы айткан сөзү:
35
Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен Эйламдын эң негизги күчү болгон жаасын сындырам.
36
Эйламга асмандын төрт тарабынан төрт шамал каптатам, аларды ушул шамалдардын баарына чачам, куулуп-сүрүлгөн эйламдыктар барбаган эл болбойт.
37
Эйламдыктарды өз душмандарынын алдында, аларды өлтүрөбүз деп жүргөндөрдүн алдында талкалайм. Аларга алаамат каптатам, Өзүмдүн каарымды төгөм, – дейт Теңир, – биротоло жок кылмайынча, алардын артынан кылыч жибере берем.
38
Ошентип, Мен Өз тагымды Эйламга коём, ал жердеги падыша менен төрөлөрдү жок кылам, – дейт Теңир.
39
Бирок акыркы күндөрдө Эйламдын туткундарын кайра алып келем», – дейт Теңир.
← Chapter 48
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 50 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52