bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 12
Jeremiah 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 13 →
1
Теңир, эгерде мен Сени менен соттошо турган болсом, Сен адилет болуп чыгасың. Ошондой болсо да мен Сени менен адилеттүүлүк тууралуу сүйлөшөм: Эмне үчүн мыйзамсыздардын жолу ийгиликтүү? Эмне үчүн ишенимсиз адамдардын баары жыргап жашашат?
2
Аларды Сен отургуздуң, алар тамыр жайып, өсүп, мөмө берип жатышат. Сен алардын оозуна жакынсың, бирок алардын жүрөгүнөн алыссың.
3
Мени болсо, Теңир, Сен билесиң, мени көрүп турасың, жүрөгүм Сага карата кандай экенин сынап турасың. Аларды койдой союуга бөлүп, өлө турган күнүнө даярда.
4
Жер качанкыга чейин кайгыра берет? Талаадагы чөптөр качанкыга чейин куурай берет? Анын тургундарынын мыйзамсыздыгынан жаныбарлар менен канаттуулар кырылып жатат, анткени алар: «Ал биздин эмне болорубузду көрбөйт», – дешет.
5
«Сен жөө жүргөндөр менен чуркаганда, алар сени чарчаткан болсо, анан кантип сен аттар менен жарышка чыгасың? Эгерде сен тынч өлкөдө коопсуз жашаган болсоң, анда Иордан дарыясы ташыганда эмне кыласың?
6
Анткени сенин бир туугандарың да, атаңдын үйү да, алар да сага ишенимсиздик кылып жатышат, алар сенин артыңдан катуу кыйкырып жатышат. Сага жакшы сүйлөшсө да, аларга ишенбегин.
7
Мен Өз үйүмдү таштадым, Өз энчимди таштадым. Менин жанымдын эң жакшы көргөнүн душмандарынын колуна бердим.
8
Өз энчим Мен үчүн токойдогу арстандай болуп калды. Ал Мага үнүн көтөрдү, ошон үчүн Мен аны жек көрүп калдым.
9
Өз энчим Мен үчүн башка жырткыч куштар ар тараптан кол салган кооз куштай болуп калды. Келгиле, бүт талаа жырткычтары, чогулгула, аны жеш үчүн келгиле.
10
Көп койчулар Менин жүзүмдүгүмдү бузуп салышты, буттары менен Менин жеримди тебелеп салышты. Менин жакшы көргөн жеримди ээн талаага айландырышты,
11
аны чөлгө айландырышты. Ал ээн калып, Менин алдымда ыйлап жатат. Бардык жер ээн калды, анткени бир да адам муну жүрөгүнө кабыл алган жок».
12
Чөлдөгү тоолордун бардыгына кыйратуучулар келишти, анткени Теңирдин кылычы жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин кыйратып жатат: эч бир тирүү жанга тынчтык жок.
13
Алар буудай айдашты, бирок тикенек оруп алышты; кыйналышты, бирок эч кандай пайда табышкан жок. Өзүңөрдүн ишиңердин жемишинен, Теңирдин жалындаган каарынан уялгыла.
14
Теңир мындай дейт: «Өз элим Ысрайылга мураска берген энчиге кол салган бардык каардуу кошуналарымды Мен өз жеринен бүркүп чыгарам, Жүйүттү да алардын арасынан бүркүп чыгарам.
15
Бирок Мен аларды бүркүп чыгаргандан кийин, аларга кайрадан ырайым кылып, ар бирин өз энчисине, ар бирин өз өлкөсүнө кайра алып келем.
16
Эгерде алар Менин элиме Баалдын ысымы менен убада бергенди үйрөткөндөй, Менин ысымым менен “Теңир тирүү!” деп убада бериш үчүн, Менин элимдин жолдорун үйрөнүшсө, анда Менин элимдин арасына киришет.
17
Эгерде тил алышпаса, анда Мен ал элди түп-тамыры менен жок кылам, таптакыр тукум курут кылам», – дейт Теңир.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52