bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 41
Jeremiah 41
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 40
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 42 →
1
Жетинчи айда падышанын тукумунан чыккан Элишама уулу болгон Нетания уулу Ысмайыл, падышанын төрөлөрү жана аны менен кошо он киши Миспада турган Акикам уулу Гедалияга келишти. Алар ошол жерде, Миспада бирге тамак жешти.
2
Нетания уулу Ысмайыл жана аны менен келген он киши туруп, Бабыл падышасы өлкөгө башчы кылып койгон Сапан уулу, Акикам уулу Гедалияны кылыч менен өлтүрүштү.
3
Ошондой эле Ысмайыл Миспада Гедалия менен бирге болгон бардык жүйүттөрдү, ал жердеги каздим аскерлерин өлтүрдү.
4
Эртеси күнү, Гедалияны өлтүрүшкөндөн кийин, ал жөнүндө эч ким биле электе,
5
Шекемден, Шилодон жана Самариядан сакалдары алынган, айрык кийим кийген, өздөрүн жарадар кылып алган сексен киши келди. Алардын колдорунда Теңир үйүнө тартуулаш үчүн тартуулар жана ладан бар эле.
6
Нетания уулу Ысмайыл Миспадан аларды тосуп чыкты. Ал ыйлап бара жатты. Аларга жолукканда: «Акикам уулу Гедалияга келгиле», – деди.
7
Алар шаардын ортосуна кирери менен, Нетания уулу Ысмайыл өзү менен бирге жүргөн кишилер менен аларды өлтүрүп, аңга ыргытып жиберди.
8
Бирок алардын арасынан Ысмайылга: «Бизди өлтүрбө, анткени биздин талаада буудай, арпа, май жана бал сакталган жашыруун кампаларыбыз бар», – деп айткан он киши чыкты. Ошондо аларды тирүү калтырды, бир туугандарына кошуп өлтүргөн жок.
9
Ысмайыл Гедалиянын айынан өлтүргөн адамдардын өлүктөрүн аңга таштаган. Ал аңды Аса падыша Ысрайыл падышасы Баашадан коркуп жасаган эле. Нетания уулу Ысмайыл ал аңды адамдардын өлүктөрүнө толтурду.
10
Анан Ысмайыл Миспадагы калган элдин баарын: падышанын кыздарын жана кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Акикам уулу Гедалияга тапшырган, Миспада калган бардык элди каратып алды. Ошентип, Нетания уулу Ысмайыл аларды туткундап алып, Амон уулдарына жөнөдү.
11
Бирок Карейах уулу Жаканан жана анын жанында жүргөн бүт аскер башчылары Нетания уулу Ысмайылдын кыянат иштеринин баарын угушканда,
12
бардык элин алып, Нетания уулу Ысмайыл менен салгылашууга жөнөштү. Аны Гибондогу чоң суунун боюнан кууп жетишти.
13
Ысмайылдын жанындагы бүт эл Карейах уулу Жакананды жана анын жанындагы бүт аскер башчыларды көргөндө, кубанып кетти.
14
Ошондо Ысмайыл Миспадан туткундап алып кеткен бүт эл артка бурулду. Алар кайрылып, Карейах уулу Жакананды карай жөнөштү.
15
Нетания уулу Ысмайыл болсо сегиз кишиси менен Жаканандан качып, Амон уулдарына кетти.
16
Ошондо Карейахтын уулу Жаканан жана аны менен бирге жүргөн аскер башчылары Миспада калган элдин баарын бошотуп алды. Нетания уулу Ысмайыл Акикам уулу Гедалияны өлтүрүп, калган элди туткундап алып бара жаткан эле. Жаканан эркектерди, жоокерлерди, аялдарды, балдарды, эбнухтарды Гибондон алып келди.
17
Алар каздимдерден корккондуктан, Мисирге качып кетиш үчүн жолго чыгып, Бейт-Лехемдин жанындагы Кимам кыштагына келип токтошту.
18
Анткени Нетания уулу Ысмайыл Бабыл падышасы өлкөгө башчы кылып койгон Акикам уулу Гедалияны өлтүрүп койгон эле.
← Chapter 40
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 42 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52