bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 4
Jeremiah 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 5 →
1
«Ысрайыл, эгерде сен кайрылгың келсе, Мага кайрыл, – дейт Теңир. – Эгерде Менин алдымдан өзүңдүн жийиркеничтүү нерселериңди жок кылсаң, анда тентибейсиң».
2
Чындык менен, акыйкаттык менен, адилеттик менен: «Теңир тирүү!» – деп ант бересиң, элдер Теңирден бата алышат, Теңир менен мактанышат.
3
Анткени Жүйүт менен Иерусалимдин адамдарына Теңир мындай дейт: «Өзүңөргө жаңы эгин талааларды айдагыла, тикенектердин арасына сеппегиле.
4
Жүйүттүн адамдары, Иерусалимдин тургундары, жамандык кылууга жөндөмдүү болгондугуңар үчүн, Менин каарым силерге оттой жалындап, өчпөй күйбөшү үчүн, өзүңөрдү Теңир үчүн сүннөткө отургузгула, жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула.
5
Жүйүт аймагына кабарлагыла жана Иерусалимде жар салгыла, айткыла, жерди аралап сурнай тарткыла. Катуу кыйкырып: “Келгиле, чогулуп алып чептүү шаарларга баралы”, – деп айткыла.
6
Сиондо туу көтөргүлө, чепке качкыла, токтобогула, анткени Мен түндүктөн кайгы жана чоң кыргын алып келем».
7
Өзүнүн чытырман токоюнан арстан чыгып келе жатат, элдерди кыруучу чыгып келе жатат: ал өзүнүн ордунан сенин жериңди чөлгө айландырыш үчүн чыгып келе жатат. Шаарларың талкаланып, тургундары жок калат.
8
Ошондуктан зумбал курчанып алып ыйлагыла, өкүргүлө, анткени Теңирдин жалындаган каары бизден кайт болбойт.
9
«Ошол күнү, – дейт Теңир, – падышанын жүрөгү жана төрөлөрдүн жүрөгү катып калат. Ыйык кызмат кылуучулардын үрөйлөрү учат, пайгамбарлар таң калышат».
10
Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! “Силерде тынчтык болот” деп, Сен бул элди жана Иерусалимди кызыктырып эле койдуң беле? Бирок кылычтан кырылып жатабыз», – дедим.
11
Ошол мезгилде бул элге жана Иерусалимге мындай деп айтылат: «Менин элимдин кызынын жолуна чөлдүн бийик адырларынан куйкалоочу шамал келет. Ал шамал эгин сапырыш үчүн эмес, эгин тазалаш үчүн да эмес.
12
Ал жактан Мага мындан да катуу шамал келет, ошондо Мен аларга Өз өкүмүмдү жарыялайм».
13
Мына, ал булуттардай болуп көтөрүлүп жатат, анын арабалары куюндай, анын аттары бүркүттөн да ыкчам. Бизге кайгы! Анткени биз талкаланабыз.
14
Иерусалим, куткарылышың үчүн, жүрөгүңдөн жаман нерсени жууп сал. Качанга чейин сенде жаман ойлор уялайт?
15
Анткени азыр эле Дандан үн угулуп жатат, Эпрайым тоосунан өлүм кабары келе жатат:
16
«Элдерге кабарлагыла, Иерусалимге билдиргиле: Алыскы өлкөдөн курчап алуучулар келе жатышат, өздөрүнүн кыйкырыктары менен Жүйүттүн шаарларын жаңыртып жатышат».
17
«Алар Иерусалимди туш-туштан талаа сакчыларындай болуп курчап келе жатышат, анткени ал Мага каршы козголоң чыгарды, – дейт Теңир.
18
Сенин жолдоруң менен кылган иштериң ушуга себепкер болду. Сен мыйзамсыздыгыңдан ушунчалык кыйналып жатасың, ал жүрөгүңдү жаралап жатат».
19
Жаным! Жаным! Жүрөгүмдүн тереңинде кайгырып жатам, жүрөгүм толкунданып жатат, унчукпай коё албайм. Анткени сен, жаным менин, сурнай үнүн, согуш коркунучун угуп жатасың.
20
Кайгы артынан кайгы! Бүт өлкө кыйрап жатат, күтүлбөгөн жерден менин үйлөрүм кыйрады, көз ирмегенче менин чатырларым кыйрады.
21
Мен качанкыга чейин тууларды көрөм, сурнай үнүн угам?
22
«Бул Менин элимдин акылсыздыгынан, Мени билбегендигинен болду. Алар – акылсыз балдар, аларда акыл жок. Алар жамандык кылганга акылдуу, бирок жакшылык кылууну билишпейт».
23
Жерди карасам, мына, ал кыйрап, ээн калды, асманды карасам, анын жарыгы жок.
24
Тоолорду карасам, мына, алар титиреп жатат, бүт адырлар солкулдап жатат.
25
Карасам, мына, адам жок, асмандагы куштардын баары туш-тушка учуп кетиптир.
26
Карасам, мына, Кармел чөлгө айланыптыр, анын бүт шаарлары Теңирдин жүзүнөн, Анын катуу каарынан кыйраптыр.
27
Анткени Теңир мындай деген: «Бардык жер ээн калат, бирок таптакыр кырып салбайм.
28
Бул тууралуу жер ыйлайт, жогоруда асман түнөрөт, анткени Мен айттым, Мен белгиледим, ал үчүн өкүнбөйм, андан кайтпайм.
29
Атчан аскерлердин жана жаа тарткан аткычтардын ызы-чуусунан бүт шаар эли туш-тушка качат: алар калың токойлорго кетишет, аскаларга чыгышат. Бардык шаарлар ээн калат, аларда бир да тургун болбойт.
30
Ээн калган, сен, эми эмне кыласың? Сенин ачык кызыл кийим кийгениң да, алтын жасалгалар менен жасанганың да, көзүңдү боёгонуң да бекер. Ойношторуң сени жек көрүп калышты, алар сени өлтүргөнү жатышат.
31
Анткени мен төрөп жаткан аялдыкындай үндү, биринчи жолу төрөп жаткан аялдыкындай онтоону, Сион кызынын үнүн угуп жатам. Ал колун созуп онтоп жатат: “Оо, мага кайгы! Менин жаным киши өлтүрүүчүлөрдүн алдында кыйналып жатат!”
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52