bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 10
Jeremiah 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 11 →
1
Ысрайыл, Теңирдин силерге айткан сөзүнө кулак салгыла.
2
Теңир мындай дейт: «Бутпарастардын жолдорун үйрөнбөгүлө, бутпарастар корккон асман белгилеринен коркпогула.
3
Анткени элдердин мыйзамдары – курулай убаракерчилик: токойдон дарак кыйып алып, усталары балта менен иштеп чыгып,
4
алтын-күмүш менен каптап, кыймылдабашы үчүн, балка менен мык кагып бекемдешет.
5
Алар жонулган мамыдай, сүйлөшпөйт. Аларды көтөрүп жүрүшөт, анткени алар баса алышпайт. Алардан коркпогула, анткени алар жамандык кыла алышпайт, ошондой эле жакшылык да кыла алышпайт».
6
Сага теңдеш эч ким жок, Теңир! Сен улуусуң, Сенин ысымың кудуреттүүлүгү менен улуу.
7
Сенден ким коркпосун, элдердин Падышасы? Анткени бул бир гана Сага таандык! Анткени бардык элдердин акылмандарынын арасында жана алардын бардык падышачылыктарында Сага теңдеш эч ким жок!
8
Алардын бири калбай түшүнүгү жок жана акылсыз. Алардын окуусунун маанисиздигин бул жыгач күбөлөндүрүп турат.
9
Жалпайтылган күмүштөрү Таршыштан, алтындары Упаздан ташылып келинген, булар уста менен эритүүчүнүн колунан чыккан. Алардын үстүндөгү кийими жакуттан жана ачык кызыл кездемеден. Мунун баары – чеберлердин иши.
10
Ал эми Кудай-Теңир – чындык, Ал – тирүү Кудай жана түбөлүк Падыша. Анын каарынан жер титирейт. Анын каарына элдер чыдай алышпайт.
11
Аларга: «Асман менен жерди жаратпаган кудайлар жер үстүнөн жана асман астынан жок болушат», – дегиле.
12
Ал жерди Өз кудурети менен жаратты, ааламды Өз даанышмандыгы менен орнотту, асманды Өз акылы менен жайып койду.
13
Анын үнүнөн асмандагы суулар күркүрөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды көтөрөт. Жамгыр үчүн чагылган жаратат, Өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.
14
Ар бир адам өз билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өз бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени алардын эритип чыгарган буюму – жалган нерсе, анда рух жок.
15
Бул – курулай убаракерчилик, адашуунун иши. Жазалай турган мезгил келгенде, алар жок болушат.
16
Жакыптын үлүшү алар сыяктуу эмес, анткени анын Кудайы – бардыгынын Жаратуучусу, Ысрайыл – Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.
17
Курчоодо отурган Сион кызы, өз буюмдарыңды жер үстүнөн чогултуп ал.
18
Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, бул жердин тургундарын Мен бул жолу ыргытып жиберем, туткундап кетиши үчүн, аларды тар жерге айдап киргизем».
19
Мага кайгы! Жараатым мени кыйнап жатат, бирок мен мындай деп ойлодум: «Чынында, бул менин кайгым, мен аны көтөрөм.
20
Менин чатырым ээн калды, менин бүт жиптерим үзүлдү. Балдарым менден кетип калышты, алар жок: менин чатырымды кайра тургуза турган, жабууларымды иле турган эч ким жок.
21
Анткени койчулар акылсыз болуп калышты, Теңирди издешкен жок, ошондуктан алар акылсыз иш кылышты, алардын койлорунун баары туш-тушка тарап кетти».
22
Уккула! Мына, кабар угулуп жатат, Жүйүт аймагынын шаарларын эрме чөлгө, чөөлөр жашай турган жерге айлантыш үчүн, түндүк тараптагы өлкөдөн чоң ызы-чуу келе жатат.
23
Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем.
24
Теңир, мени жазала, бирок акыйкаттык менен жазала, мени таптакыр жок кылып койбош үчүн, каарданып турганыңда жазалаба.
25
Өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган урууларга төк. Анткени алар Жакыпты жеп коюшту, аны жеп коюшту, жок кылышты, анын турак-жайын ээн калтырышты.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52