bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 20
Jeremiah 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 21 →
1
Теңир үйүнүн башкы күзөтчүсү, ыйык кызмат кылуучу Имейирдин уулу Пашкур Жеремиянын пайгамбарчылык кылып айткан ушул сөздөрүн укканда,
2
Жеремия пайгамбарды уруп, Теңир үйүнүн алдындагы Бенжеминдин жогорку дарбазасынын жанында турган көзөнөк жыгачка отургузуп койду.
3
Бирок экинчи күнү Пашкур Жеремияны көзөнөк жыгачтан чыгарды. Ошондо Жеремия ага: «Теңир сага Пашкур деген ысым берген эмес, Ал сага Магор Мисабип деген ысым берген», – деди.
4
Анткени Теңир мындай дейт: “Мына, Мен сени өзүңө жана өзүңдүн бардык досторуңа коркунучтуу кылам, алар өз душмандарынын кылычынан кырылышат, аны сен өз көзүң менен көрөсүң. Бүт Жүйүттү Бабыл падышасынын колуна салып берем, аларды Бабылга алып кетип, кылычтап өлтүрүшөт.
5
Анан бул шаардын бардык байлыктарын, алардын эмгектенип тапкандарынын баарын, анын бардык асыл мүлктөрүн жана Жүйүт падышаларынын бардык казыналарын алардын душмандарына берем, аларды талап-тоноп алып, Бабылга жөнөтүшөт.
6
Пашкур, сен жана сенин үйүңдө жашагандардын бардыгы туткунга кетесиңер. Сен Бабылга келип, ошол жерде өлөсүң, ошол жерге көмүлөсүң, сен кайсы досторуңа жалган пайгамбарчылык кылсаң, ал досторуң да ошол жерге көмүлөт”».
7
Сен мени Өзүңө көндүрдүң, Теңирим, мен да көндүм. Сен менден күчтүүсүң, ошондуктан жеңип чыктың, мен күн сайын шылдың болуп жатам, ар ким мени шылдың кылып жатат.
8
Анткени мен сүйлөй баштаганда эле, зордук жөнүндө кыйкырам, кыйроо жөнүндө өкүрөм, анткени Теңирдин сөзү үчүн мени шылдың кылышты, күнүгө күлкү кылышты.
9
Ошондо мен: «Мындан ары Теңир жөнүндө адамдардын эсине салбайм, мындан ары Анын атынан сүйлөбөйм», – деп ойлодум, бирок Теңирдин сөзү жүрөгүмдө, сөөктөрүмдө камалган алоолонгон оттой болду. Аны мен ката албай калдым, анткени катып жүрүп кыйналып бүттүм.
10
Анткени мен көп адамдардын жалааларын уктум, туш-туштан мындай деген коркутуулар: «Билдиргиле, биз болсо анын үстүнөн сөз жеткирип барабыз». Мүдүрүлүп кетер бекен деп, мени менен тынчтыкта жашагандардын баары артыман аңдып турушат: «Балким, ал колго түшөр, ошондо биз аны жеңип алабыз, андан өчүбүздү алабыз», – дешет.
11
Бирок күчтүү аскердей болгон Теңир мени менен. Ошондуктан мени куугунтуктагандар өздөрү мүдүрүлүшөт, мени жеңе алышпайт. Катуу уятка калышат, анткени акылсыздык кылышты. Түбөлүккө маскара болушат, эч качан унутулбайт.
12
Кудуреттин Теңири! Сен адил адамды сынап турасың, ички дүйнөнү жана жүрөктү көрүп турасың. Сенин алардан өч алганыңды көрсөм экен, анткени мен өзүмдүн ишимди Сага ишенип тапшыргам.
13
Теңирге ырдагыла, Теңирди мактагыла, анткени Ал каардуулардын колунан жакырдын жанын куткарат.
14
Мен төрөлгөн күнгө каргыш! Энем мени төрөгөн күн батасыз болсун!
15
Менин атама: «Сен уулдуу болдуң», – деп сүйүнчүлөп келип, аны аябай сүйүнткөн адамга каргыш!
16
Ал адам Теңир кыйраткан, кыйратканына өкүнбөгөн шаарлардай болуп калсын. Ал эртең менен ый, түштө өкүрүк уксун.
17
Эмне үчүн Теңир мени энемдин курсагында жатканда эле өлтүрүп салган жок? Өз энем мага мүрзө болмок, ал түбөлүккө боюнда бар бойдон калмак.
18
Мен эмне үчүн энемдин ичинен чыктым экен? Кыйынчылык, кайгы көрүш үчүнбү? Менин өмүрүм шылдың менен өтүшү үчүнбү?
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52