bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 15
Jeremiah 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 16 →
1
Теңир мага мындай деди: «Менин алдыма Муса менен Шемуел келсе да, Менин жаным бул эл менен болбойт. Буларды Менин алдыман кууп жибер, алар кетишсин.
2
Эгерде алар сага: “Биз кайда барабыз?” – дешсе, анда аларга айт: Теңир мындай дейт: “Өлө турган адам өлсүн, кылычтан өлө турган кылычтан өлсүн, ачкачылыкка дуушар боло турган адам ачкачылыкка дуушар болсун, туткунга кете турган адам туткунга кетсин”.
3
Теңир мындай дейт: Мен аларга төрт түрдүү жаза жиберем. Өлтүрүш үчүн кылычты, тытыш үчүн дөбөттөрдү, жеш үчүн, кырыш үчүн асман канаттууларын жана талаа жырткычтарын жиберем.
4
Жүйүт падышасы, Хиския уулу Менашенин Иерусалимде кылган иштери үчүн, Мен аларды бүт падышачылыктардын үрөйүн учурган коркунучка айлантам.
5
Анткени сени ким аяйт, Иерусалим? Ким сага боор ооруйт? Сенин аман-эсендигиңди сураш үчүн, сеникине ким кирет?
6
Сен Мени таштап койдуң, – дейт Теңир, – артка кеттиң. Ошондуктан Мен сага колумду сунуп, сени жок кылам: Мен ырайым кылгандан чарчадым.
7
Мен аларды сапыргыч менен жердин дарбазасынан нары сапырып жатам. Аларды балдарынан ажыратып жатам, Өз элимди кырып жатам, бирок алар өз жолдорунан бурулбай жатышат.
8
Мен алардын жесирлерин деңиз кумунан көп кылам. Энеге жана анын уулдарына чак түштө кыйратуучуну жөнөтөм. Күтүлбөгөн жерден алар дүрбөлөңгө түшүп, үрөйлөрү учат.
9
Жетини төрөгөн аял алсырап жатып жан берди. Анын күнү күндүз эле баткан, ал уятка калган, маскара болгон. Анан алардын калдыгын өздөрүнүн душмандарынын көз алдында кылычка салып берем, – дейт Теңир».
10
Эне, сен мени талашып-тартышкан, бүт жер жүзү менен чатакташкан адам кылып төрөгөнүң үчүн, мага кайгы! Мен эч кимге үстөккө берген эмесмин, мага да эч ким үстөккө берген эмес, бирок бардыгы мени каргап жатышат.
11
Теңир мындай деди: «Сенин акыркы күндөрүң жакшы болот, башыңа кыйынчылык түшкөн убакта, кайгы учурунда Мен душманыңды сага жакшы мамиле кылууга мажбур кылам.
12
Темир түндүк темирин жана жезди талкалай алабы?
13
Сенин мал-мүлкүңдү жана байлыктарыңды талатып-тонотом. Бул өзүңдүн бардык жерлериңдеги бардык күнөөлөрүң үчүн болот.
14
Сени душмандарың менен кошо өзүң билбеген жерге жөнөтөм, анткени Менин каарымдын оту тутанды, ал силерге каршы жалындайт».
15
Оо Теңир! Сен баарын билесиң. Мени эстеп, мага кел, мен үчүн куугунчуларымдан өч ал. Мени өлтүрбө, анткени Сен өтө чыдамдуусуң. Сен билесиң, мен Сен үчүн кордук көрүп жатам.
16
Мен Сенин сөздөрүңө кулак салып, аларды жутуп алдым. Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени, Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам.
17
Мен күлгөндөрдүн арасында отурган жокмун, кубанган жокмун. Мен Сенин оор колуңдун астында жалгыз отурдум, анткени Сен мени ачуу сезимге толтурдуң.
18
Эмне үчүн менин оорум айыкпас оору? Эмне үчүн менин жараатым оор, дарылоого мүмкүн эмес? Чын эле, Сен мен үчүн алдамчы агын суу сыяктуу, ишенимсиз суу сыяктуу болуп каласыңбы?
19
Буга Теңир мындай деп айтты: «Эгерде сен кайрылып келсең, Мен сени кабыл алам, Менин алдымда турасың. Эгерде сен жаман сөздөн жакшы сөздү ажырата билсең, анда Менин оозумдай болосуң. Алар сага өздөрү кайрылышат, сен аларга кайрылбайсың.
20
Ошондо сени бул эл үчүн бекем жез дубал кылам. Алар сага каршы күрөшүшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени сакташ үчүн, куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир.
21
Сени каардуулардын колунан сактайм, сени эзүүчүлөрдүн колунан куткарам».
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52