bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 43
Jeremiah 43
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 42
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 44 →
1
Жеремия бүт элге өздөрүнүн Кудай-Теңиринин бүт сөздөрүн, өзү аркылуу аларга айттырып жиберген сөздөрдүн баарын айтып бергенде,
2
Ошая уулу Азария, Карейах уулу Жаканан жана бардык адепсиз адамдар Жеремияга мындай дешти: «Сен калп айтып жатасың, биздин Кудай-Теңирибиз сени: “Мисирге барбагыла, ал жерде жашабагыла”, – деп айттырыш үчүн жиберген жок.
3
Нейриянын уулу Барух болсо бизди каздимдердин колуна салып берип, бизди өлтүрүш үчүн же бизди Бабылга туткундап кетиш үчүн, сени бизге каршы тукуруп жатат».
4
Ошентип, Карейах уулу Жаканан, бүт аскер башчылары, бардык эл Теңирдин Жүйүт жеринде калгыла деген үнүн укпай коюшту.
5
Анан Карейах уулу Жаканан өзүнүн бүт аскер башчылары менен кайсы элдердин арасына куулуп кетсе, ошол элдердин арасынан кайрадан Жүйүт жеринде жашаш үчүн кайрылып келген жүйүттөрдүн бүт калдыгын,
6
кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Сапан уулу, Акикам уулу Гедалия менен калтырган эркектерди, аялдарды, балдарды, падышанын кыздарын жана Жеремия пайгамбарды, Нейрия уулу Барухту алып,
7
Мисир жерине жөнөштү, анткени алар Теңирдин үнүн укпай коюшту. Ошентип, алар Такпанкеске келип жетишти.
8
Ошондо Такпанкесте Жеремияга Теңирден сөз болду:
9
«Колуңа чоң таштарды ал, аларды жүйүттөрдүн көз алдында Такпанкестеги фараондун үйүнө кире бериш жердеги баткакка жашырып кой.
10
Анан аларга мындай деп айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен киши жиберип, Өзүмдүн кулум Бабыл падышасы Небухаданасарды алып келип, анын тагын Өзүм жашырып койгон мына бул таштардын үстүнө коём, ошондо ал таштардын үстүнө өзүнүн чатырын тигет.
11
Ал келип, Мисир жерин талкалайт. Өлө турган адам өлүм жазасына тартылат; туткунга кете турган адам туткунга кетет; кылычтан өлө турган адам кылычтан өлөт.
12
Анан Мисир кудайларынын бутканаларына от коём. Ал от аларды өрттөп жиберет, өздөрүн болсо туткун кылат, койчу өз кийимин кийгендей, ал Мисир жерин киет, анан ал жерден тынч чыгат.
13
Мисир жериндеги Бейт-Шемеш таш тирөөчтөрүн талкалайт, Мисир кудайларынын бутканаларын өрттөп жиберет”».
← Chapter 42
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 44 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52