bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 40
Jeremiah 40
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 41 →
1
Кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Бабылга туткундап кеткен Иерусалимдиктер менен Жүйүт туткундарынын ичинен, Рамадан кишен салынган Жеремияны алып, аны коё бергенден кийин, Теңирден Жеремияга болгон сөз:
2
Кайтаруучулардын башчысы Жеремияны алып, ага мындай деди: «Сенин Кудай-Теңириң бул жерге ушул алааматты каптатарын айткан.
3
Теңир аны каптатты, Ал эмнени айтса, ошону аткарды, анткени силер Теңирдин алдында күнөөгө батып, Анын үнүн укпай койдуңар, ошондуктан силердин башыңарга ушул мүшкүл түштү.
4
Ошондуктан мына, мен сени бүгүн колуңдагы чынжырдан бошотом. Эгерде сен мени менен Бабылга баргың келсе, баргын, мен сен үчүн кам көрөм. Эгерде мени менен Бабылга баргың келбесе, анда кал. Мына, бардык жер сенин алдыңда. Кайсы жерге баргың келсе, кайсы жерди кааласаң, ошол жерге бар».
5
Ал кете электе, Небузарадан ага: «Бабыл падышасы Жүйүт шаарларына башчы кылып койгон Сапан уулу, Акикам уулу Гедалияга бар, аны менен эл арасында кал, же болбосо каалаган жагыңа бар», – деди. Анан кайтаруучулардын башчысы ага азык-түлүк, белек берип, аны коё берди.
6
Жеремия Миспадагы Акикам уулу Гедалияга келип, өлкөдө калган эл арасында аны менен бирге жашап калды.
7
Талаадагы аскер башчылар жана алардын жанындагы адамдар Бабыл падышасынын Акикам уулу Гедалияны өлкөгө башчы кылып койгонун жана ага өлкөнүн Бабылга туткундалып кетпеген жардыларынын ичинен эркектерди, аялдарды, балдарды тапшырганын угушканда,
8
Миспадагы Гедалияга келишти. Алар: Нетания уулу Ысмайыл, Карейахтын уулдары Жаканан менен Жонатан, Танхуметтин уулу Серая, нетопалык Эйпайдын уулдары, Маахтын уулу Жезания жана алардын кишилери.
9
Сапан уулу, Акикам уулу Гедалия аларга жана алардын кишилерине ант берип, мындай деди: «Каздимдерге кызмат кылгандан коркпогула, бул жерде калгыла жана Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо силерге жакшы болот.
10
Мен болсо бизге келип тура турган каздимдердин алдында туруш үчүн, Миспада калам. Силер болсо шарап, жайкы түшүм, май жыйнап, идиштериңерге куюп алгыла жана өзүңөр ээлеген шаарларыңарда жашагыла».
11
Ошондой эле Маап жеринде жана Амон уулдарынын арасында, Эдомдо жана башка бүт өлкөлөрдө жашаган бүт жүйүттөр Бабыл падышасынын жүйүттүн бир бөлүгүн калтырып, алардын үстүнөн Сапан уулу, Акикам уулу Гедалияны койгонун угушту.
12
Ошондо ушул жүйүттөрдүн баары куулган бүт жерлеринен кайтып келишти. Алар Жүйүт жерине, Миспада турган Гедалияга келишти, шарапты, жайкы түшүмдү өтө көп жыйнап алышты.
13
Ошол арада Карейах уулу Жаканан жана талаада жүргөн аскер башчылардын баары Миспада турган Гедалияга келишти.
14
Андан: «Амон уулдарынын падышасы Баалис сени өлтүрүш үчүн, Нетания уулу Ысмайылды жибергенин билесиңби?» – деп сурашты. Бирок Акикам уулу Гедалия аларга ишенген жок.
15
Ошондо Карейах уулу Жаканан Миспада Гедалияга жашыруун мындай деди: «Мага уруксат бер, мен барып, Нетания уулу Ысмайылды өлтүрүп келейин, бул жөнүндө эч ким билбей калат. Анын сени өлтүрүүсүнө, сага чогулган жүйүттөрдүн чачылуусуна, жүйүттүн калдыгынын кырылуусуна жол берүүнүн эмне кереги бар?»
16
Бирок Акикам уулу Гедалия Карейахтын уулу Жакананга: «Андай кылба, анткени сен Ысмайыл тууралуу жалган айтып жатасың», – деди.
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 41 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52